Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтомуна карата тиркеме |
"Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
2. Фонд тарабынан милдеттүү түрдө аткарылган экономикалык ченемдер жана талаптар
3. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө жана башка талаптар
4. Экономикалык ченемдерди сактоо жөнүндө маалыматтарды, регулятивдик жана башка отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү
5. Экономикалык нормативдерди жана талаптарды сактоого карата көзөмөлдүк. Фондго карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар
1-тиркеме. "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду"
ЖЧКнын 200_-жылдын _______ тартып, _______ чейинки
мезгил ичинде берилген кредиттери жөнүндө Маалыматтар
2-тиркеме. "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду"
ЖЧКнын 200_-жылдын "__" ________ абал боюнча берилген
кредиттери жөнүндө Маалыматтар
1. Жалпы жоболор
1.1. "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуунун бул эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамына жана башка укуктук ченемдик актыларга ылайык иштелип чыккан.
1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) финансы системасынын бекемдүүлүгүн жана "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - Фонд) туруктуу өнүгүүсүн сактоо максатында, Фонд милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.
1.3. Улуттук банк Фондго карата эскертүүчү чараларды жана санкцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык колдонууга укуктуу.
1.4. Фонд, тобокелдиктерди тескөө боюнча өзүнүн ички саясатына ылайык, Улуттук банктын ченемдик актыларын аткаруу үчүн талап кылынган маанилерди бузбастан, өз ишине карата кыйла олуттуу талаптарды белгилей алат.
2. Фонд тарабынан милдеттүү түрдө аткарылган
экономикалык ченемдер жана талаптар
Фонд төмөнкү экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткарууга милдеттүү:
2.1. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү.
2.1.1. Фонддун банкка бере турган кредиттик каражаттарынын максималдуу өлчөмү, Фонддун рефинансылоо саясаты тарабынан белгиленген шарттарга жана талаптарга ылайык аныкталат.
2.1.2. Фонддон алган кредиттик каражаттар боюнча банктын (карыз алуучунун) чогуу алгандагы карызы, Фонддун таза суммардык капиталынын 20% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бир карыз алуучуга (К1) карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн бул нормативи төмөнкү формула боюнча эсептелет:
К1 = ЧК / ТСК х 100%, мында,
ЧК - төмөнкүлөрдү кошо эсептегенде, бир карыз алуучунун чогуу алгандагы карызы:
- карыз алуучу тарабынан алынган кредиттик каражаттар (төлөө мөөнөтүнө карабастан);
- карыз алуучунун кредиттик каражаттары боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар;
- карыз алуучуга кредиттерди берүүдө баланстан тышкары милдеттенмелердин суммасы;
- карыз алуучунун кредиттер жана пайыздар боюнча баланстан тышкаркы же системадан тышкаркы карыздары.
ТСК - Фонддун таза суммардык капиталы, ал Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча Нускоого ылайык аныкталат(1).
Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн бул нормативи (К1) коммерциялык банктарга сунушталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан эмитирленген мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же коммерциялык банктын Улуттук банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган акча каражаттары менен камсыз болгон кредиттерге, ошондой эле Фонд менен коммерциялык банк ортосунда ишке ашырылган РЕПО операцияларына таркатылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы № 9/3, 2010-жылдын 7-майындагы № 29/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Фонддун капиталынын жетиштүүлүгүнө карата талаптар.
Фонд, ишин жүзөгө ашырган экинчи финансылык жылдан тартып, биринчи деңгээлдеги таза капиталдын өлчөмүнүн маанисин Фонддун төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде кармап турууга тийиш.
Фонддун биринчи деңгээлдеги таза капиталы, ал Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча Нускоого ылайык аныкталат(2).
Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын (БДТК) минималдуу өлчөмүнүн ченеми теменкү формула боюнча аныкталат:
БДТК / УК * 100% >= 100%, мында:
БДТК - Фонддун биринчи деңгээлдеги таза капиталы;
УК - Фонддун төлөнгөн уставдык капиталы.
2.3. Фонддун жайына инвестициялардын өлчөмүнө карата талаптар.
2.3.1. Фонддун жайына (негизги каражаттар) инвестициялардын максималдуу өлчөмү Фонддун таза суммардык капиталынан 0,5% ашпоого тийиш.
2.3.2. Фондго тиешелүү же финансылык ижара келишими боюнча Фонддун карамагында жайгашкан кыймылсыз мүлк (курулуп жаткан/салынып жаткан кыймылсыз мүлктү кошо алганда), Фонддун жайы катары түшүндүрүлөт жана ал негизги каражат катары колдонулат/колдонула берет.
2.3.3. Фонддун жайына (негизги каражаттар) инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн эсебине бардык жайлар, ижарага алынган менчикти оңдоого кеткен капиталдык салымдар (финансылык ижара келишими боюнча) киргизилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн активдер (финансылык ижара келишими боюнча алынган жайларды эске албаганда) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө киргизилет.
Финансылык ижара келишими боюнча Фонддун карамагында турган жайлар, милдеттенмелердин күндөлүк өлчөмүн алып салгандан кийинки алгачкы наркы боюнча Фонддун жайына инвестициялардын максималдуу өлчөмү эсептөөгө киргизилүүсү зарыл.
3. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө
жана башка талаптар
3.1. Фонддун тобокелдиктерин тескөө саясаты Улуттук банк Башкар-
масы тарабынан жактырылат.
(КР Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Фонддун Байкоо кеңеши жана Дирекциясы ошол саясаттын шайкештигине мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү менен зарылчылык келип чыккан шартта, тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн жана ал өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан жактырылууга тийиш.
(КР Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Бир карыз алуучунун Фонддун уставдык капиталынын 1,5 пайызына барабар же андан ашык чогуу алгандагы карызынын суммасы, Фонддун өзгөчө көңүл буруусун жана мындай карыз алуучунун финансылык абалына дайыма баа берип туруусун талап кылат. Мындай кредиттер "ири" кредиттер деп эсептелинет.
3.4. Фонддун кызматкерлери коммерциялык банктардын катышуучуларынан (ээлик кылуучулардан), кызматкерлеринен, юридикалык жак - банктардын аффилирленген жактардан болбоого тийиш жана коммерциялык банктардан кредит албаган болуусу зарыл.
3.5. Фонддун Дирекциясы Фонддун Байкоо кеңешине Фонддун ишиндеги концентрациялануу тобокелдиги жөнүндө маалымат берип турушу керек. Фонддун концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасы, жок дегенде, төмөнкү позицияларга баа берүүнү камсыз кылууга тийиш:
а) Фонддун каражаттарынын өлчөмдөрү:
- активдердин белгилүү бир түрлөрүнө салынган;
- бир карыз алуучуга берилген;
- экономиканын белгилүү бир тармагында жайгаштырылган;
- республиканын белгилүү бир областында (аймагында) жайгаштырылган;
б) милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүнүн өлчөмдөрү;
в) күрөөлөрдүн ар кандай түрлөрүнүн өлчөмдөрү;
г) күрөөлүк мүлктүн жайгашкан орду.
3.6. Фонд тарабынан концентрациялануу тобокелдигинин Фонд үчүн мүмкүн болгон чектеги өлчөмүнүн санын аныктай турган концентрациялануу тобокелдигин чектөө системасын белгилөөгө тийиш жана бул система мезгил-мезгили менен кайра каралып турууга зарыл. Фонд тарабынан жок дегенде, төмөнкү концентрациялануу тобокелдиктери белгиленүүгө тийиш:
- "ири" кредиттер боюнча суммардык карыздын максималдуу өлчөмү;
- таза суммардык капиталдан салыштырма салмактагы бир карыз алуучунун кредиттери жана карыздын башка түрлөрү. Фонд тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн мааниси ушул Эрежелер менен белгиленген ченемдердин маанисин бузууга жол бербөөгө тийиш;
- иштин бир түрүнө багытталган (экономика тармагына) бардык кредиттердин салыштырма салмагындагы кредиттер;
- Фонд тарабынан коммерциялык банктарга берилген, Фонддун берген бардык кредиттеринин салыштырма салмагындагы он олуттуу ири кредиттер;
- бардык күрөөлүк камсыздоолордун суммасынын салыштырма салмагындагы кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоолордун белгилүү бир түрлөрү.
3.7. Фонд, концентрациялануу тобокелдигинин, анын пайда болушунун бардык формаларынын деңгээлине, жок дегенде ай сайын байкоо жүргүзүп турууга, күндөлүк абалды анализдөөгө жана Фонддун Байкоо кеңешине берилүүчү тобокелдиктерди тескөө боюнча иштерди (аналитикалык отчетторду, таблицаларды, графиктерди жана диаграммаларды) пландаштырууга тийиш.
Фонддун Байкоо кеңеши жана Дирекциясы концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен кайра карап турууга зарыл.
4. Экономикалык ченемдерди сактоо жөнүндө маалыматтарды,
регулятивдик жана башка отчетторду берүү
тартиби жана мөөнөттөрү
4.1. Фонддун ишинин шайкеш жөнгө салынышын камсыз кылуу максатында, Фонд, экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышы жөнүндө, кредит портфелинин сапаты тууралуу маалыматтарды, регулятивдик отчетту жана башка кошумча маалыматтарды зарылчылыгына жараша жана Улуттук банктын кат жүзүндөгү суроо-талабына ылайык, Улуттук банкка берүүгө тийиш.
4.2. Отчет берүү мөөнөттөрү:
4.2.1. Фонд жума сайын, аптанын биринчи иш күнүндө, ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык, өткөн жума үчүн отчет берүүгө тийиш.
4.2.2. Фонд ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 12-күнүнөн кечиктирбестен, ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык отчетту берүүгө тийиш.
4.2.3. Фонд ай сайын жана чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 12-күнүнөн кечиктирбестен, мезгил-мезгили менен берилген регулятивдик банктык отчетту (МРБО) берүүгө тийиш.
4.2.4. Жылдык мезгил-мезгили менен берилген регулятивдик банктык отчет, отчеттук жылдан кийинки 15-февралдан кечиктирилбей Улуттук банкка берилет.
4.3. Фонд мезгил-мезгили менен берилген регулятивдик банктык отчетту төмөнкү бөлүмдөр боюнча берүүгө тийиш:
- 1. Баланстык отчет;
- 2. Пайда жана чыгаша жөнүндө отчет;
- 3. Капиталдын структурасы;
- 4. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр;
- 5. Баалуу кагаздар портфели;
- 6. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат;
- 7. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик даражасы боюнча классификациялоо;
- 8. РППУдагы өзгөрүүлөр;
- 9. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар;
- 12. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендерге карата ийкемдүүлүк анализи, активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөтү;
- 14. Экономикалык нормативдердин сакталышы тууралуу маалымат;
- 15. Капиталды эсепке алуу;
- 18. Жана башка маалыматтар. (А. Активдердин жана милдеттенмелердин орточо мааниси, Б. Банктын иши жөнүндө, В. Банктын персоналы жөнүндө, Г. Эсептер боюнча эң көп жүгүртүүгө ээ болгон кардарлар боюнча маалыматтар, Д. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына билдирүүлөрдүн саны жана суммасы жөнүндө маалыматтар). Бардык отчеттор мезгил-мезгили менен берилген регулятивдик банктык отчет үчүн белгиленген формада жана тартипте кол коюлуп берилүүгө тийиш.
4.4. Фонддун финансылык отчету "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын финансылык отчетун түзүүгө карата талаптар жөнүндө" жобого ылайык, коммерциялык банктар үчүн белгиленген талаптарга ылайык (жараша/ылайык) Улуттук банкка берилет(3).
4.5. Эгерде маалыматтар ушул Эрежелерге ылайык белгиленген мөөнөттө берилбесе, ошондой эле так эмес маалыматтар берилген учурда, мыйзамдарга ылайык Фондго белгиленген эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулушу мүмкүн.
5. Экономикалык нормативдерди жана талаптарды сактоого
карата көзөмөлдүк. Фондго карата колдонулуучу
эскертүү чаралары жана санкциялар
5.1. Фонд тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы жана башка талаптардын аткарылышына, жыл сайын өткөрүлүүчү инспектордук текшерүүлөрдү кошо алганда көзөмөлдүктү, Улуттук банктын ага ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү жүзөгө ашырат.
(КР Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Экономикалык ченемдердин жана талаптардын Фонд тарабынан сакталышын текшерүү, Фонддун бухгалтердик балансынын негизинде, кайсы болбосун күндүн абалы боюнча жүргүзүлөт.
5.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына, анын ичинде Улуттук банктын токтомдоруна, буйруктарына, буйрууларына, нускоолоруна, жазма буйруктарына жана башка документтерине жана талаптарына каршы аракеттер жана аракеттенбей коюулар, Фонддук ишти бузуу катары болуп саналат.
5.4. Ушул Эрежелерге ылайык, белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын Фонд тарабынан аткарылбашы жана так эмес маалыматтар берилгендиги (же берилбегендиги) же мыйзам талаптарын бузууга жол берилгендиги фактылары аныкталса, Улуттук банк Фондго карата эскертүү чараларын жана санкцияларды Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик актыларына ылайык колдонот.
5.5. Фонд тарабынан белгилүү бир ченемдер жана эрежелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын кошо алганда, мыйзам жоболору бузулгандыгы, анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө кооптуулук жараткан иштерди аткаргандыгы тууралуу ага маалымдоого зарыл болгон учурларда жана кийин ага карата тиешелүү таасир этүү чаралар колдонула тургандыгы жөнүндө эскертүү максатында, Улуттук банктын эскертүү каты Фондго жөнөтүлөт.
5.6. Туруктуу финансылык системаны сактоо максатында, банктык мыйзамдар тарабынан каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
5.7. Фонд Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге макул эмес учурларда, ал, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
(1) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/2 "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча Нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген.
(2) Биринчи шилтемени кара.
(3) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 33/2 "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын финансылык отчетун түзүүгө карата талаптар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген.
| 1-тиркеме
|
"Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКнын
200_-жылдын _______ тартып, _______ чейинки
мезгил ичинде берилген кредиттери жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
жумалык отчет (сомдо)
№ | Коммерциялык банк- карыз алуучунун аталышы | Берилген кредитти максаттуу дайындоо | Пайыздык чен (жылдык) % | Берилген кредиттердин же транштын көлөмү | Кредиттин көлөмү негизги суммасын төлөө | Пайыздык киреше (алынган) | Кредиттин негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн көлөмү (бир мезгил үчүн) | Пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн көлөмү (бир мезгил үчүн) | |
Бардыгы | Анын ичинде, банктын кардарлардын импорттук контрактарын төлөө суммасы | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аты-жөнү, фамилиясы, кызматы, колу
______________________ _____________________ _____________________
______________________ _____________________ _____________________
(*)
Өнөр жай.
Айыл чарбасы, даярдоо жана кайра иштетүү:
- мал чарбачылык; - өсүмдүк өстүрүүчүлүк.
Курулуш.
Транспорт.
Байланыш.
Туристтик чөйрө.
Соода.
Ликвиддүүлүктү колдоо.
| 2-тиркеме
|
"Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКнын
200_-жылдын "__" ________ абал боюнча
берилген кредиттери жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
Ай сайын берилүүчү отчет (сомдо)
№ | Коммерциялык банк-карыз алуучунун аталышы | Кредиттик линиянын жана кредиттин суммасы | Кредиттик линиянын ачылышы же кредит берүү күнү | Кредиттик линиянын жабылышы же кредит төлөө күнү | Күрөөлүк камсыздоо | Берилген кредитти максаттуу дайындоо | |
Түрү | Күрөөлүк нарк | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1-Л |
|
|
|
|
|
| (*) |
2-К |
|
|
|
|
|
|
|
Кредиттик линиянын чегинде берилген транштар (транштарды айырмалоо үчүн карыз алуучу ком. банктын аталышы) | Пайыздык чен (жылдык) % | Берилген кредиттин же транштын көлөмү | Кредиттин негизги суммасын төлөө көлөмү (нагыз) | Пайыздык киреше (алынган) | Кредиттик карызды төлөөгө чейинки мөөнөт | Кредиттин негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн көлөмү (датага) | Пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн көлөмү (датага) | |
Бардыгы | Анын ичинде, банктын кардарлардын импорттук контрактарын төлөө суммасы | |||||||
9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аты-жөнү, фамилиясы, кызматы, колу
______________________ _____________________ _____________________
______________________ _____________________ _____________________
(*)
Өнөр жай.
Айыл чарбасы, даярдоо жана кайра иштетүү:
- мал чарбачылык; - өсүмдүк өстүрүүчүлүк.
Курулуш.
Транспорт.
Байланыш.
Туристтик чөйрө.
Соода.
Ликвиддүүлүктү колдоо.
1-Л - кредиттик линия.
2-К - кредит.