Загрузка документа…
КР Улуттук банкынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтомуна ылайык токтом КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу № 32/4
"Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомго, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/4 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча Убактылуу нускоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Депозиттер менен иштөө боюнча Убактылуу нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-бөлүктүн "Банктык аманат келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн аманатчылар - юридикалык жактар (резиденттер) берүүгө тийиш" бөлүкчөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3) пункттагы "жана статистика органдарында" деген сөз алынып салынсын;
- 4) пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4) өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен Уставдын (Жобонун) нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;";
- 6) пункт алынып салынсын;
- 7) жана 8) пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 6) жана 7) пункттар деп саналсын;
- 8) пункт төмөнкүдөй мазмун менен толукталсын:
"8) Эркин экономикалык зонада катталган юридикалык жактар, алардын Кыргыз Республикасынын статистика органдарында катталгандыгын тастыктоочу кошумча документ берүүгө тийиш;".
2. 5-бөлүктүн "Кыргыз Республикасында экономикалык ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү банктык аманат келишими боюнча банктык эсебин ачуу үчүн банкка төмөнкүлөрдү бөрүүгө тийиш" деген бөлүкчөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"2) өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен башкы уюмдун иши жөнүндө Уставдын (Жобонун) нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;";
- 4) жана 5) пункттар алынып салынсын;
- 6-пункттагы "эсепке алуу жөнүндө" деген сөз "жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жана статистика органдарын" сөздөрү алынып салынсын;
- 6), 7), 8), 9) пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 4), 5), 6), 7) пункттар деп саналсын.
3. 5-бөлүктүн акыркы абзацында "пункт менен" деген сөз "бөлүк менен" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банкка эсептешүү эсебин ачуу учурунда, юридикалык жактан, филиалдан жана (же) өкүлчүлүктөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка кайсы бир документтерди талап кылууга тыюу салынат"