Редакцияот 23.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

2009-жылдын 23-сентябры № 38/14

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Токтом 2009-жылдын 28-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

3. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсын тааныштырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Алапаев