Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-февралы № 3/6
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм токтомду расмий жарыялангандан кийин аны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24 февралындагы № 36 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Жобонун 11-главасынын 11.2-пунктунун 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) эгер банк сатып алуунун натыйжасында банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын бөлүгү болуп калса, ал төмөнкүлөрдү кошо алганда, топ тууралуу кошумча маалыматтарды берүүсү зарыл:
а) банктык топтун түзүмү тууралуу маалымат;
б) топко кирүүчү катышуучулардын негизги иши тууралуу маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды;
в) тобокелдиктерди жана ички контролду тескөө боюнча банктык топтун саясатын;
г) банктык топтун катышуучуларынын контролдоочу жактары жөнүндө маалыматтарды;
д) банктык топто реалдуу контролду ишке ашырып жаткан жактар жөнүндө маалыматтарды;
е) топтун катышуучуларынын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде арыз берүүчүнүн жана анын башкы компаниясынын акыркы үч финансылык жылы үчүн аудиттен өткөн консолидацияланган отчету, эң акыркы жеткиликтүү консолидацияланган баланстык отчет жана түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө консолидацияланган отчет (маалымат арыз берген күнгө чейинки 90 күндөн кечиктирилбеген күнгө карата берилүүгө тийиш);
ж) кийинчерээк төмөнкүлөрдү камтыган документтерди берип туруу жөнүндө милдеттенме кат:
- ушул Жобонун талаптарына ылайык, дайындалган кызмат адамдарынын ишкердик аброюна тиешелүү маалыматтар менен бирге байкоо жана аткаруу органдарынын, олуттуу катышуучулардын, тике же кыйыр түрдө контролдоочу жактардын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды;
- Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча өз алдынча сыяктуу эле, консолидацияланган негизде мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту/мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет/мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет банктык холдингдик компания тарабынан Улуттук банкка өз алдынча Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө, ал эми консолидацияланган негизде - чейрек сайын, отчеттук мезгил бүткөн күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде берилет (мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан гана берилет);
- уюштуруу документтерине (уюштуруу келишимине, уставга) туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейгендиги, туунду же караштуу компаниялардын кызмат адамдарынын алмашылгандыгы, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компаниялардын түзүлгөндүгү жана/же сатылып алынгандыгы тууралуу маалыматтар тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийинки 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет;
- жылдык отчет көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчет менен биргеликте өз алдынча сыяктуу эле, консолидацияланган негизде отчеттук жыл бүткөн күндөн кийинки 105 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет жана анда банктык топ жана банктык холдингдик компания үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүлөр да камтылат. Мындай отчеттордо ошондой эле, банктык холдингдик компаниянын бардык туунду жана караштуу компаниялары жөнүндө, алардын аталыштарын, аларга канча пайызда ээлик кылуу жана банктык топтун ар бир катышуучусу тартылган иштин түрүн көрсөтүүнү кошо алганда, банктык топтун иши жөнүндө маалыматтар да камтылууга тийиш;
Улуттук банктан лицензия алган банктын туунду жана/же караштуу банктын ишине терс/олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлардын орун алып жатышы жөнүндө кат жүзүндө билдирме, ага жол бербөө боюнча көрүлгөн чараларды баса белгилөө менен маалымдалууга тийиш. Мындай маалымат алгылыксыз фактылар же жагдайлар бар экендиги аныкталган учурдан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилет.
Жогоруда белгиленген документтер берилбей калган же белгиленген мөөнөттөрдү бузууга жол берүү менен берилген шартта Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/караштуу банкка, анын башкы компаниясына/банктык топко же банктык холдингдик компанияга (Кыргыз Республикасынын резиденттерине) карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
2. Жобонун 13-главасынын 13.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"13.1. Талапкерлиги Улуттук банкка милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынан болуп: Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү, банк башкармасынын төрагасы (банк-резидент эместин жетекчиси), анын орун басарлары, башкарма мүчөлөрү (же аткарган милдеттерине жараша аларга теңдештирилген кызмат адамдары), аудит боюнча комитеттин төрагасы, банктын кредиттик ишине жооп берген структуралык бөлүмдүн жетекчиси, банктын активдери жана пассивдери үчүн жооп берген структуралык бөлүмдүн жетекчиси, башкы бухгалтер (же аткарган милдети боюнча ага теңештирилген башка кызмат адамы), ислам терезесинин жетекчиси, ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоого жоопкерчиликтүү болгон структуралык бөлүмдүн жетекчиси. Мындан тышкары ички аудит кызматынын жетекчилигинин кызмат ордуна талапкерлер да Улуттук банкка макулдашылат.".
3. Жобонун 13-главасынын 13.7-пункту 13.8-пункт катары эсептелинип, ал эми 13.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"13.7. Банктын жетекчилиги 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде ушул Жобонун талаптарына жооп берген талапкерди, банктын иштен бошоп кеткен кызмат адамынын ордуна, тандап алууга тийиш.
Улуттук банк ушул пункттун талаптары аткарылбаган шартта банк жетекчилигине карата банктын мыйзам актыларында белгиленген чараларды жана санкцияларды колдоно алат.
4. Жобонун 16-главасынын 16.1-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"7) талапкер жоопкерчиликтүү болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалардын келип чыккандыгын тастыктаган, жөнгө салуу органдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча материалдары бар".
5. Жобонун 18-главасынын 18.1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) туунду банктын ишинен улам, башкы банкта келип чыккан тобокелдиктерди контролдукка алуу жол-жобосу жана башкы банктын, ошондой эле туунду банктын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган жол-жоболор иштелип чыккан;".
Жобонун 18-главасынын 18.1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) туунду банкты түзүү же сатып алуу башкы банктын финансылык туруктуулугуна олуттуу деле тобокелдиктерди алып келбейт;".
6. 18-главасынын 18.10-пункту алынып салынсын.
7. 18-главасынын 18.6-пунктундагы "ушул Жобо" деген сөздөр алынып салынсын.
8. Жобонун 19-главасынын 19.3-пункту төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:
"8) филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери ушул Жобонун 15-главасында банк Башкармасынын мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарына жооп берет жана алардын иш чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалардын орун алышын тастыктаган, жөнгө салуучу органдардын текшерүүгө алган материалдары жок".
9. Жобонун 19-главасынын 19.11-пунктунун биринчи абзацындагы "жетекчи" деген сөз ", башкы бухгалтер" деген сөздөр менен толукталсын".
10. Жобонун 22-главасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"22-глава
Аманат жана көчмө кассаларды ачуу
22.1. Банк, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында аманат жана/же көчмө кассаларын ачышы мүмкүн.
Аманат кассасы - бул банктын, банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган анын башкы офисине же филиалына караштуу болгон, ижарага алынган же банктын менчигине тиешелүү болгон, техникалык мүнөздөмөлөрдүн талаптарына ылайык жабдылган стационардык жайда жайгашкан өзүнчө структуралык бөлүмү.
Көчмө касса - бул, жүгүртүү каражаттарынын Улуттук банк тарабынан белгиленген чектүү суммасынын чегинде банктар тарабынан ижарага алынган же банктын менчигине тиешелүү болгон, техникалык мүнөздөмөлөрдүн талаптарына ылайык жабдылган бир же бир нече стационардык жайларга баруу менен банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган банктын филиалга караштуу структуралык бөлүмү.
Банк жетекчилиги өздөрү ачкан аманат/көчмө кассалары үчүн толук жоопкерчиликтүү болушат.
22.2. Көчмө кассанын ишин жүргүзүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минимизациялоо максатында, кассада турууга тийиш болгон накталай акча каражатынын жалпы суммасы 150000,00 (жүз элүү миң) сомдон ашпоосу зарыл. Ал эми бул суммадан ашкан акча каражаты көчмө касса ага тиешелүү болгон банктын филиалынын кассасына, же болбосо банктын жакын жайгашкан аманат кассасында инкассацияланып, ал боюнча тиешелүү акт түзүлүүгө тийиш.
22.3. Банктын аманат жана көчмө кассалары уставга ылайык банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин негизинде ачылат. Аманат кассасынын жетекчиси банк жетекчисинин буйругу менен дайындалып белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат, ишеним катта аманат кассасынын жетекчиси банктын атынан жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операциялардын тизмеги чагылдырылат.
22.4. Аманат кассасы банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ага берилген ишеним каттын чегинде төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:
1) жеке адамдарды тейлөө боюнча:
а) типтүү депозит келишимине ылайык жеке адамдардан депозиттерди кабыл алуу;
б) бюджетке төлөмдөрдү жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
в) пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү;
г) мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;
д) банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;
е) тиешелүү терминалы болгон шартта, пластик карттары боюнча операцияларды жүргүзүү;
ж) жеке адамдар үчүн акча которууларды жүргүзүү;
2) юридикалык жакты түзүүсүз, эсеп ачуусуз эле иштеп жаткан юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди төмөнкү операциялар боюнча эсептешүү-кассалык тейлөө:
а) Кыргыз Республикасынын бюджетине нак акча каражатындагы төлөмдөрдү кабыл алуу;
б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
3) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген белгилүү бир критерийлерге же берген кредиттерди атайын классификациялоону колдонуунун убактылуу тартибинин 2-пунктундагы критерийге ылайык келген кредиттерди берүү боюнча.
22.5. Банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, көчмө кассалар, берилген ишеним каттын чегинде төмөнкү операцияларды жүргүзгөнгө укуктуу:
1) жеке адамдарды тейлөө боюнча:
а) бюджетке төлөмдөрдү жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
б) жеке адамдар үчүн акча которууларды жүргүзүү;
в) алынган кредиттерди төлөөнүн эсебине банк кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу;
г) банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;
д) тиешелүү терминалы болгон шартта, пластик карттары боюнча операцияларды жүргүзүү;
е) пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү;
2) юридикалык жакты түзүүсүз, эсеп ачуусуз эле иштеп жаткан юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тейлөө боюнча:
а) Кыргыз Республикасынын бюджетине нак акча каражатында төлөмдөрдү кабыл алуу;
б) банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү.
22.6. Аманат/сактык кассалары банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензияда көрсөтүлгөн операциялар боюнча четтөөлөр орун албаган шартта, ушул Жобонун тийиштүү 22.4/22.5-пункттарында белгиленген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.
22.7. Банктын аманат жана көчмө кассалары милдеттүү түрдө Улуттук банкта каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Банк аманат/көчмө кассанын ачылгандыгы жөнүндө бул тууралуу чечимин кабыл алынган учурдан кийинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
Аманат жана көчмө кассалардын иши банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин негизинде токтотулат. Бул учурда банк аманат/сактык кассаларынын жабылгандыгы (ишин токтоткондугу) тууралуу тиешелүү чечимин кабыл алган күнүнөн кийинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдайт.
Банк, билдирмеде чагылдырылган маалыматтардын тактыгы үчүн жооп берет. Билдирмени бербей койгондугу же белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен билдирмени берген шартта, Улуттук банк банкка карата мыйзам актыларында каралган санкцияларды колдонууга укуктуу.
22.8. Улуттук банктан каттоодон өтүү аманат/сактык кассаларынын ишин баштоосу үчүн негиз болуп саналат. Улуттук банк ушул Жобонун 22.10 жана 22.11-пункттарында көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди алган учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирбестен аманат/көчмө кассаларын каттоодон өткөртүүгө тийиш.
Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы аманат/көчмө кассаларды каттоо учурунда, аларга каттоо номерин ыйгаруу менен алар Банктардын аманат/көчмө кассаларынын реестрине киргизилгендиги жөнүндө банкка кат жөнөтөт.
22.9. Аманат/көчмө кассалардын каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө катка Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги кол коет. Каттоодон өткөндүгү тууралуу катты алганга чейин аманат жана көчмө кассалар ушул Жобонун 22.4 жана 22.5-пункттарында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүнү баштоого укугу жок.
22.10. Аманат кассаларын каттоодон өткөрүү үчүн бекитилген жана тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер Улуттук банкка берилүүгө тийиш:
1) аманат кассасы ачылгандыгы жөнүндө 23-тиркемеге ылайык билдирме;
2) ижара келишиминин көчүрмөсү же аманат кассасы жайгашкан жайга банктын менчикке укугун тастыктаган, банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ;
3) банктын ыйгарым укуктуу органынын аманат кассасын ачуу жөнүндөгү чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) аманат кассаларынын жетекчилерине чегерилген ыйгарым укуктар жөнүндө ишеним каттын көчүрмөсү;
5) аманат кассасынын жетекчисинин анкетасы (жолдомолорсуз эле, 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча);
6) аманат кассасына ушул Жобонун 22.4-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар чегерилген шартта, төмөнкү документте кошумча берилүүгө тийиш:
а) аманат кассасы ушул Жобонун 22.4-пункттун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүсүн жөнгө салган банкты кредит саясатынын бардыгын тастыктаган документ, ошондо эле тобокелдиктерди тескөө системасынын чегинде аманат кассаларынын операцияларды жүргүзүүсүнө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүүнү, өлчөөнү контролдоону жана мониторингди жүргүзүү;
б) аманат кассасынын жооптуу кызматкеринин банктын кредиттөө ишин жүзөгө ашырган бөлүмүндө кеминде бир жыл иштеген эмгек стажын тастыктаган документ, же болбосо кредиттөө жагында билими бардыгын (атайын курстардан окугандыгын же стажировкада болгондугун) тастыктаган документтин көчүрмөсү;
7) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аманат кассасы орун алган жай техникалык жабдылышы жагынан белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгы тууралуу корутундусу, ага ошол мамлекеттик органдын тиешелүү кызмат адамынын колтамгасы коюлуп мөөрү менен ырасталат.
22.11. Көчмө кассасын каттоодон өткөртүү үчүн бекитилген жана тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер Улуттук банкка берилиши зарыл:
1) көчмө кассасы ачылгандыгы жөнүндө 23-тиркемеге ылайык билдирме;
2) ижара келишиминин көчүрмөсү же көчмө кассасы жайгашкан жайга банктын менчикке укугун тастыктаган, банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ;
3) банктын ыйгарым укуктуу органынын көчмө кассасын ачуу жөнүндөгү чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) көчмө кассасынын эсепчисин дайындоо жөнүндө буйруктун банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) көчмө кассанын эсепчисине, ал жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен берилген ишеним каттын көчүрмөсү,
6) көчмө кассанын эсепчисинин өздүк баракчасы;
7) көчмө кассасын коргоого алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен же башка банк тандап алган коргоо структурасы менен түзүлгөн тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн келишимдин көчүрмөсү.
Көчмө кассанын ишмердүүлүгүн коргоо структурасы, же банктын өзүнүн коопсуздук күчтөрү тарабынан коргоого алынган учурда, банк кошумча тийиштүү түрдө күбөлүндүрүлгөн ок атуучу куралын сактоого жана алып жүрүүгө карата КР ИИМнин уруксатынын көчүрмөсү берилет.
8) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын көчмө кассасы орун алган жай техникалык жабдылышы жагынан белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгы тууралуу корутундусу, ага ошол мамлекеттик органдын тиешелүү кызмат адамынын колтамгасы коюлуп мөөрү менен ырасталат.
22.12. Улуттук банк кароого сунушталган документтер белгиленген талаптарга жооп бербеген жана банк ишинде ушул Жобонун 22.4 жана 22.5-пункттарында көрсөтүлгөн операциялар боюнча чектөөлөр орун алган шартта, аманат/көчмө кассаларды каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.
22.13. Аманат кассасынын дареги өзгөргөн жана/же анын жетекчиси алмашкан учурда банк, бул тууралуу чечимин кабыл алынган учурдан кийинки үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, ушул Жобонун 22.10-пунктунун 2, 7 жана/же 4, 5-пунктчаларында каралган документтерди кошо тиркөө менен ал тууралуу маалыматты Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш (өзгөрүүнүн жүрүшүнө жараша).
22.14. Көчмө кассасынын дареги өзгөргөн жана/же анын эсепчиси алмашкан учурда банк, бул тууралуу чечимин кабыл алынган учурдан кийинки үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, ушул Жобонун 22.11-пунктунун 2, 7, 8 жана/же 4, 5, 6-пунктчаларында каралган документтерди кошо тиркөө менен ал тууралуу маалыматты Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш (өзгөрүүнүн жүрүшүнө жараша).
22.15. Улуттук банк текшерүүгө ыйгарым укугун тастыктаган тиешелүү документти көрсөтүү менен аманат жана көчмө кассаларынын ишин текшерүүгө укуктуу. Аманат/көчмө кассалар тарабынан Улуттук банк белгилеген операцияларды жүргүзүү тартибин бузууга жол берген шартта, Улуттук банк аныкталган кемчиликтер жөнүндө банк жетекчилигине билдирүү менен аларды четтетүү үчүн мөөнөттөрдү белгилейт. Кемчиликтердин түрүнө жараша банкка карата мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чаралар жана санкциялар колдонушу мүмкүн.
22.16. Улуттук банк төмөндөгүлөр орун алган шартта, аманат кассасынын жетекчисин алмаштырууну банктан талап кылууга укуктуу:
1) ага карата соттун финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;
2) экономика, финансы жана банк иш чөйрөсүндө кылмыштуулукка, ошондой эле кызматтык кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн ага карата айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;
3) ал жоопкерчиликтүү болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалардын орун алып жатышын тастыктаган жөнгө салуучу органдардын материалдары болсо.
22.17. Улуттук банк, эгерде ага карата ал жоопкерчиликтүү болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалардын орун алып жатышын тастыктаган жөнгө салуучу органдардын материалдары болсо, көчмө кассанын кассирин алмаштырууну банктан талап кылууга укуктуу.
22.18. Аманат жана көчмө кассаларда операцияларды жүргүзүү тартиби жана шарттары банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органдары тарабынан бекитилген "Банктын аманат кассасы жөнүндө" жана "Банктын көчмө кассасы жөнүндө" типтүү жоболордо камтылууга тийиш. Аманат жана көчмө кассалары тарабынан операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары ачык айкын маалымат болуп саналат жана эч кандай коммерциялык же банктык купуялуулукту камтыбайт. Аманат/көчмө кассалардын иш ыргагы, кызматкерлеринин саны жана аткаруучу милдеттеринин чөйрөсү банк жетекчилиги тарабынан бекитилген, ички иштөө эрежелерине ылайык белгиленет.
22.19. Аманат жана көчмө кассалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документи менен тастыкталган банк жайларына карата коюлуучу талаптарга жооп берген жайларда (имаратта) жайгашууга тийиш.
22.20. Аманат жана көчмө кассалар акча каражаттары жана документтер сакталуучу темир шкафтар менен жабдылууга тийиш. Эсепчилердин өздөрүнүн акчалары, сырт кийимдери жана башка буюмдары өзүнчө бөлмөлөрдө же кассадан тышкары жайгашкан шкафтарга салынып коюлууга тийиш.
22.21. Аманат жана көчмө кассалары тарабынан нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операциялары жүргүзүлгөн учурда, алар акча белгилеринин аныктыгын текшерген техникалык каражаттары (лампа-детектор, чоңойтуп көрсөткөн каражат ж.б.) телефон менен жабдылууга тийиш. Алмашуу операцияларын жүргүзүү Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201-номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылат.
22.22. Аманат жана көчмө кассалары тарабынан нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операциялары жүргүзүлгөн учурда, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 200-номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/2 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобого карата 8- жана 9-тиркемелерге ылайык, маалыматтардын болушу да зарыл.
22.23. Ар бир аманат жана көчмө кассаларды кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде төмөнкү маалыматтар илинип коюлууга тийиш:
1) банктын аталышы, көрнөктө көрсөтүлгөн менен банктын уставында көрсөтүлгөн аталышы дал келүүгө тийиш. Ошол эле жерде майда тамгалар менен аманат/көчмө кассалардын катталган номери көрсөтүлүшү зарыл (№ _ аманат кассасы, № көчмө кассасы);
2) аманат/көчмө кассалардын иш ыргагы;
3) кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөө тартиби.
22.24. Аманат кассасы кеминде депозиттер боюнча пайыздык чендер, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздык чендер, нак чет өлкө валюталарын сатып алуу, сатуу жана алмашуу курстары жөнүндө маалыматтар чагылдырылган стенд менен жабдылууга тийиш (өлчөмү кеминде 40x60 см).
22.25. Иш күнүнүн акырында көчмө кассасынын бардык акча каражаттары, бардык документтери жана банкка тиешелүү мөөр жана башка баалуулуктар көчмө касса ага тиешелүү болгон банктын филиалына же болбосо жакын жайгашкан аманат кассасына тапшырылууга тийиш. Албетте ал жай техникалык жабдылышы жагынан белгиленген талаптарга ылайык келген болсо. Акча каражаттарынын, документтердин жана башка баалуулуктардын тиешелүү жерге тапшырылгандыгы боюнча акт түзүлөт.
22.26. Көчмө кассалардын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон акча каражаттарын ташып жеткирүү шарттары жана тартиби банк мыйзам актыларынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын негизинде иштелип чыккан, каражаттарды ташып жеткирүү тартибин жөнгө салган банктын ченемдик актысында чагылдырылууга тийиш.
11. Жобонун 25-главасынын 25.2-пунктундагы, 26-главасынын 26.6-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларындагы, ошондой эле 27-главасынын 27.6-пунктунун 1, 2-пунктчаларындагы ар кандай жөндөмөлөрдө берилген "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын.
12. Жобонун 26.3-пунктундагы 2, 3, 4 жана 5-пунктчалардагы "2" деген сан "3" деген санга алмаштырылсын.
13. Жобого карата 10-тиркеменин 2-пунктундагы "Бул лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет" деген сүйлөм "Лицензия ажырагыс болуп саналат, мөөнөтү чектелүү эмес" деген сүйлөм менен толукталсын".
14. Жобого карата 17-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"17-тиркеме.
Банк Башкармасынын Төрагасы
(банк-резидент эместин-филиалынын жетекчиси),
банк Башкармаларынын мүчөлөрү (же болбосо
аткарган милдеттенмелерине жараша аларга
теңештирилген кызмат адамдары), кредиттик ишке
жоопкерчиликтүү болгон структуралык бөлүмдүн
жетекчиси, активдерди жана пассивдерди тескөөгө
алуу үчүн жоопкерчиликтүү болгон структуралык
бөлүмдүн жетекчиси, башкы бухгалтер (же болбосо
аткарган милдеттенмелерине жараша аларга
теңештирилген кызмат адамдары), "ислам терезесинин"
жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн
жооп берген структуралык бөлүмдүн жетекчиси,
филиалдын директору, филиалдын башкы бухгалтери (же
болбосо аткарган милдеттенмелерине жараша аларга
теңештирилген кызмат адамдары), аманат кассасынын
жетекчиси тарабынан толтурулат.
15. Жобого карата 17-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Анкета эмнеге байланыштуу толтурула тургандыгын чийип көрсөткүлө:
1) банк Башкармасынын Төрагасынын кызматына дайындоо; 2) банк-резидент эместин филиалынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо; 3) банк Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басарынын кызматына дайындоо; 4) банк Башкармасынын Төрагасынын кредиттик ишти түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын кызматына дайындоо; 5) банк Башкармасынын мүчөсү кызматына дайындоо; 6) ички аудит кызматынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо; 7) башкы бухгалтердин (же болбосо аткарган милдеттенмелерине жараша аларга теңештирилген кызмат адамдары) кызматына дайындоо; 8) банк Башкармасынын Төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басарынын кызматына дайындоо; 9) "ислам терезесинин" жетекчисинин кызматына дайындоо; 10) ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн башчысынын кызматына дайындоо; 11) филиалдын жетекчисинин кызматына дайындоо; 12) филиалдын башкы бухгалтеринин (же болбосо аткарган милдеттенмелерине жараша аларга теңештирилген кызмат адамдары) кызматына дайындоо; 13) кредиттик ишке жооп берген структуралык бөлүмдүн жетекчисинин кызматына дайындоо; 14) активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышы үчүн жооп берген структуралык бөлүмдүн жетекчисинин кызматына дайындоо; 15) аманат кассасынын жетекчиси кызматына дайындоо.
16.Жобого карата 23-тиркемедеги "аманат кассасынын ачылгандыгы жөнүндө билдирме", деген сөздөр "ошол аманат кассасы белгилүү бир филиалга же башкы офиске тиешелүү экендигин көрсөтүү менен деген сөздөр менен ошондой эле жобонун бүтүндөй тексти боюнча "аманат" деген сөздөн кийин "/көчмө" деген сөздөр, "жетекчиси" деген сөз "эсепчиси" деген сөздөр менен толукталсын.".
|
|