Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-февралы № 3/7
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-5 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-5 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 3/7 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-5 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин тышкы аудитине карата талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун башкы бөлүгү "лицензия алышкан банктардын" деген сөздөрүнөн кийин ", анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзүшкөн, ошондой эле "ислам терезесине" ээ банктардын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. "Колдонулуучу аныктамалар" деп аталган 1-бөлүккө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- тогузунчу абзац финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары" деген сөздөрүнөн кийин ", Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттар(1) деген сөздөр менен толукталсын. 1-шилтеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмө катта (ачып көрсөтүүлөрдө) Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттар талап кылган маалыматтар чечмеленип берилет.";
- он биринчи абзац "банктык холдингдик компания" деген сөздөрүнөн кийин ", ислам банкы, "ислам терезесине" ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптери, Шариат кеңеши" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жобонун 2.4.1-пункту "Директорлор кеңешинин" деген сөздөрүнөн кийин "Шариат кеңешинин," деген сөздөр менен толукталсын.
4. Жобонун 2.4.2-пункту "Директорлор кеңешинин" деген сөздөрүнөн кийин "Шариат кеңешинин," деген сөздөр менен толукталсын.
5. Жобонун 3.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү мамилелерде Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит боюнча уюм иштеп чыгуучу ислам финансы институттары үчүн аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн.".
6. Жобонун 3.4.1-пунктунун (5) пунктчасын "Аудиттин эл аралык Стандарттарынын" деген сөздөрүнөн кийин ", Ислам финансылык институттары үчүн аудит стандарттарынын(2)". 2-шилтеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Аудитти Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык жүргүзүү учурунда.".
7. Жобонун 3.8.1-пунктунун төртүнчү абзацын "финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына" деген сөздөрүнөн кийин ", ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына(3)" деген сөздөр менен толукталсын. 3-шилтеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Аудитти Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык жүргүзүү учурунда.".
8. Жобонун 3.8.2-пунктунун төртүнчү абзацын "финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына" деген сөздөрүнөн кийин ", ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стаңдарттарына(4)" деген сөздөр менен толукталсын. 4-шилтеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Аудитти Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык жүргүзүү учурунда.".
9. Жобонун 3.13-пунктунун д) пунктчасын "аудиттин эл аралык стандарттарына" деген сөздөрүнөн кийин ", Ислам финансы институттары үчүн аудит стандарттарына(5)" деген сөздөр менен толукталсын. 5-шилтеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Аудитти Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык жүргүзүү учурунда.".
10. Жобонун 4.2-1-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Билдирме финансылык отчет жарыялангандан кийин он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш.".
11. Жобонун 5.3-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык принциптерин, Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарын жолдоосуна баа берүүнү;".
|
|