Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 31-марты № 9/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 16/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7-43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармалыгы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 16/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы № 9/2 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 16/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча "Улуттук банк" деген сөз тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө берилсин.
2. "Жалпы жоболор" деген бөлүгүндө:
- экинчи абзац "коммерциялык банктарга карата" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ банктарга, "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусу" жабык акционердик коомуна, "Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду" жоопкерчилиги чектелген коомуна" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац "аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы биринчи шилтеме менен толукталсын:
"Ушул жобонун бүтүндөй тексти боюнча ислам банктары үчүн - инвестициялык эсеп ээлери.".
3. "Колдонулуучу таасир этүү чаралардын усулдук негиздери" деген 1-бөлүгүндө:
- 1.1-пунктунун 1.1.2-пунктчасынын 8) абзацы "банктык операциялар" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операцияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.4-пунктунда "Банктык көзөмөл башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы же Улуттук банктын Төрагасынын орун басары" деген сөздөр "Банктык көзөмөл башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы же банктык көзөмөлдүктү түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. "Таасир этүү чаралары" деген II бөлүгүндө:
- 6.5-пунктунун 6.5.1-пунктчасынын а) абзацы "кредиттин жол берилген максималдуу өлчөмү ченеминин чегин" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы экинчи шилтеме менен толукталсын:
"2. Ислам банктары үчүн - бүтүмдөрдүн шарттары боюнча ислам банкы сунуштай турган акча каражаттары.";
- 6.6-пункттун 6.6.11-пунктчасынын г) абзацындагы "депозиттер
боюнча пайыздык чендер белгиленсин" деген сөздөр төмөнкү маз-
мундагы 3-шилтеме менен кошулсун:
"3. Ислам банкына тиешелүү учурда бул жобо, мудараба, кард хасан и вадиа йад даман келишимдеринин негизинде кардарлардын ислам банкында жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелүүлүктүн реалдуу нормасынан ашкан сыйакыларды төлөөгө тыюу салынаарын түшүндүрөт".
- 6.6-пунктунун 6.6.13-пунктчасынын г) абзацы "кредиттөөнү" деген сөздөн кийин төмөнкү мазмундагы төртүнчү шилтеме менен толукталсын:
"4. Ислам банктары үчүн - бүтүмдөрдүн шарттары боюнча ислам банкы сунуштай турган акча каражаттары.";
- 6.11-пунктунун 6.11.5-пунктчасындагы "түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар" деген сөздөр "чогуу кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-бөлүктүн 7.1-7.9-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 7.1-7-11-пункттар деп саналсын.
- 7-бөлүмдүн 7.7-пункту "(Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2005-жылдын 19-майындагы 16-05 номеринде каттоодон өткөн)" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы бешинчи шилтеме менен толукталсын:
"5. Ислам банктары үчүн - Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоо.";
- Жобонун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. Шариат стандарттарына шайкеш келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банктары үчүн гана).".
|
|