Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майы № 29\3
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерине сунуш кылынган толуктоо бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары А.А.Мырзаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 7-майындагы № 29\3 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" Жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелерине ТОЛУКТОО
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" Жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Эреженин 2.1.2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн бул нормативи (К1) коммерциялык банктарга сунушталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан эмитирленген мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же коммерциялык банктын Улуттук банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган акча каражаттары менен камсыз болгон кредиттерге, ошондой эле Фонд менен коммерциялык банк ортосунда ишке ашырылган РЕПО операцияларына таркатылбайт".
|
|