Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
2010-жылдын 31-марты № 9/3
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүү (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында, № 2010/4 жарыяланды
3. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы |
М. Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы № 9/3 токтому менен бекитилген |
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮ
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Эреженин 2.1-пунктунун 2.1.2-пунктчасынын биринчи абзацында "10%" деген сан "20%" деген сан менен алмаштырылсын.