Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-майы № 36\4
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Бул токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Марзаев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2.3-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "кардарга жеңилдик бериши" деген сөздөрдөн мурда "жекече тартипте" деген сөздөр кошулсун.
2. Жобонун 4.1.1-пунктунун 4-абзацындагы "талабына ылайык," деген сөздөрдөн кийин "ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта" деген сөздөр кошулсун.
3. Жобонун 4.3.2-пункту төмөнкү мазмундагы 9-абзац менен толукталсын:
"кредитти баштапкы реструктуризациялоо";
4. Жобонун 7.1-пунктундагы "Реструктуризацияланган кредиттер" деген сөздүн алдына "Кайталап" деген сөз кошулсун.
5. Жобонун 10.5-пунктунун экинчи абзацындагы "башка баалуу кагаздар" деген сөздөрдөн кийин "ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта" деген сөздөр кошулсун.
6. Жобо төмөнкү редакциядагы 1-тиркеме менен толукталсын.
| "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого карата 1-тиркеме" 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4
|
Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине анын эң жогорку жана андан кийинки листинг категорияларына кошулган баалуу кагаздарга карата минималдуу талаптар:
1. Баалуу кагаздар эмитентинин Moody's I№vestors Service рейтингдик агенттигинин классификациясы боюнча "ВВВдан" төмөн болбогон инвестициялык рейтингинин же Sta№dard & Poor's, Fitch рейтингдик агенттигинин классификациясы боюнча ошондой эле деңгээлдеги рейтингинин болушу.
2. Бул баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр эпизоддук мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 календардык күн аралыгында мына ушул баалуу кагаздар менен кеминде бир бүтүмгө келишилет;
3. Эмитент тарабынан мурда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү анализдөөлөрдүн натыйжасы, чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууга тиешелүү эмитенттин карызынын жок деп болжолдоого негиз берет.
4. Баалуу кагаздар эмитентинин акыркы отчеттук жыл ичиндеги же акыркы үч жыл ичиндеги сумма боюнча чыгашасыз иши.
|
|