Редакцияот 26.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 26-майы № 36/15

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына, "Кредиттик союздар жөнүндө мыйзамдын 4, 26, 30 жана 33-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 9-июнунда 71-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринин жаңы редакциясы тууралуу токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Расмий жарыялангандан кийин Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кошуу үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаевге жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын Төрагасынын

милдетин аткаруучу

 

 

З.Чокоев

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2010-жылдын 26-майындагы

№ 36/15 токтомуна

тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Эреженин V бөлүгүнүн 5.1-пункту төмөнкү мазмундагы 5.1.3-пунктча менен толукталсын:

"5.1.3. 8 жылдан көбүрөөк иштеп калган жана/же катышуучуларынан депозит тартууга лицензиясы болгон кредиттик союздарга сырттан карыз алуулардын максималдуу өлчөмү ченеми таркатылбайт".

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 9-июнунда 71-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Убактылуу эреженин 3-бөлүгүнүн 3.1-пунктунун 3.1.1-пунктчасындагы "20" деген сан "25" деген санга алмаштырылсын.