Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28 – ноябрындагы № 45/11 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-июнундагы № 49/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Төлөм системалары башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын структуралык классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү кайрылуусу боюнча маалыматын карап көрүп, улуттук валютадагы нак эмес каражаттар агымына анализдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көрсөткүчтөрдү системага салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
3. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебинде, Пакеттик клиринг системасында жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдүн коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
4. Төлөм системалары башкармалыгы, Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун андан ары белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүлүшү үчүн аны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн.
5. Токтом, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн 2 жумадан кийин күчүнө кирет.
6. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучусу |
З.Чокоев
|
| Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы № 49/5 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү" деп аталган 12110000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
Төлөм коду | Төлөм багытынын аталышы |
12110000 | Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
12110100 | Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
12110101 | Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна негизги карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
12110102 | Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
12110103 | Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна мурдатан калган карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
2. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү" деп аталган 12120000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
12120000 | Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү |
12120100 | Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү |
12120101 | Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын негизги карыз боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары) |
12120102 | Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары) |
12120103 | Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын мурдатан калган карыздары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары) |
3. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Башка төлөмдөр/чегерүүлөр" деп аталган 12230000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
12230000 | Башка төлөмдөр/чегерүүлөр |
12230100 | Башка төлөмдөр/чегерүүлөр |
12230101 | Негизги карыз боюнча айыптык санкциялар |
12230102 | Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча айыптык санкциялар |
12230103 | Мурдатан калган карыздар боюнча айыптык санкциялар |
4. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Социалдык фонддун башка төлөмдөрү" деп аталган 1230000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда:
12300000 | Социалдык фонддун башка кирешелери |
12310000 | Социалдык фонддун башка кирешелери |
12310100 | Социалдык фонддун башка кирешелери |
12310101 | Капиталдаштырылуучу суммалар боюнча төлөөлөр |
12310102 | Регресстик доолор боюнча төлөөлөр |
12310103 | Мөөнөтүн кийинкиге жылдыргандык үчүн пайыздар |
5. "Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар жана төлөмдөр" деп аталган 2-бөлүктүн "Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр" деп аталган 27000000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
27000000 | Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр |
27100000 | Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар |
27110000 | Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар |
27111000 | Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар |
27111100 | Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар |
27111101 | Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусу боюнча пенсиялар жана төлөөлөр |
|
|