Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июну № 52/3
"Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин, 2010-жылдын 30-декабрынан тартып күчүнө кирет.
3. Банктык топтордун башкы компаниялары "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө" ушул жобонун талаптарына ылайык 2010-жылдын IV чейреги үчүн түзүлгөн чейректик отчетун 2011-жылдын 12-январына чейин, ал эми 2010-жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү консолидацияланган жылдык отчетун 2011-жылдын 15-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө тийиш.
4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана микрофинансылык компанияларды тааныштырсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев |