Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июну № 52/4
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 3-июнунда 69-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттөө жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясын жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
Чокоев З.Л.
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пунктундагы "Эсептешүү-Сактык Компаниясы, Кыргыз айыл чарба Финансы Корпорациясы" деген сөздөр алынып салынсын.
- жобонун 1-бөлүгүнүн 1.7-пунктундагы "- лизингдер;" деген абзацтан кийин "- факторинг аркылуу алынган карыздык милдеттенмелер;" деген абзац менен толукталсын.
- жобонун 1-бөлүгүнүн 1.7-пунктундагы "- лизингдер;" деген абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- лизингдин натыйжасында алынган активдер;";
- жобонун 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 2.3-1-пункт менен толукталсын:
"2.3-1. Факторинг дегенден улам, акчалай талапты ыйгарып берүү алдында каржылоону түшүнүү зарыл, мында бир тарап (финансылык агент) акча каражаттарын башка бир тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүлөрүнөн улам келип чыккан, анын (кредитордун) үчүнчү жакка (карызгерге) карата акчалай талаптарынын эсебине өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми кардар ошол үчүнчү жакка акчалай талабын финансылык агентке ыйгарып берет же ыйгарып берүүгө милдеттенет";
- жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.6-1-пункт менен толукталсын:
"3.6-1. Банктык топтун бир эле карыз алуучуга же карыз алуучулар менен байланыштуу топко сунушталган активдерин классификациялоону жүргүзүүдө, ошол активдердин банктык топтун ар бир катышуучусу тарабынан жүргүзүлгөн классификацияланышын эске алуу менен ал активдерди банктык топтун ар бир катышуучусу тарабынан жүргүзүлгөн классификациялоонун категорияларынын эң төмөнкүсү (начары) боюнча классификациялоо зарыл.";
- жобонун 12-бөлүгүнүн 12.1-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча "кредит" деген сөздөрдөн кийин ар кандай жөндөмөлөрдө "факторинг аркылуу алынган карыздык милдеттенмелер" деген сөз менен толукталсын.