КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-июлундагы № 57/1
2010-жылдын 28-июлундагы № 57/1 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсеп ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн пайдалануу жөнүндө
Өзгөчө кырдаал шартта, 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад областтарында жана Ош шаарында келип чыккан массалык башаламандыктын кесепетинен жапа чеккен жарандарга материалдык жактан мамлекеттик даректүү жардамдардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммерциялык банктар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын түзгөн тизмесине ылайык, 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад областтарында жана Ош шаарында келип чыккан массалык башаламандыктын кесепетинен жапа чеккен жарандарга материалдык жардам түрүндөгү мамлекеттик каражаттарды чегерүү максатында эсептерди ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын, тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген өздүк күбөлүгү, документ катары кабыл алышсын.
2. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучусу |
Б.Жеенбаева
|