Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-декабры № 95/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 135-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/2 "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду түзүү жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 135-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/2 "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду түзүү жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаева ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төраганын милдетин аткаруучу | Б.Жеенбаева
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында 37\2 номери менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 135-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду түзүү жөнүндө" жобо тууралуу токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында 37\2 номери менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 135-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агентстволорду түзүү жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон өткөртүү жөнүндө" деген сөздөр кошулсун.
2. Бүткүл текст боюнча "КРУБ" деген кыскартуулар "Улуттук Банк" деген сөз менен тиешелүү түрдө жөндөмө мүчөсү улануу менен алмаштырылсын.
3. Жобонун 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттоодон өтүүгө макулдук-катын алуу үчүн микрокредиттик компания/микрокредиттик агентство тарабынан берилген документтерди кароо тартиби" деп кайрадан аталсын.
4. Жобонун 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталсын:
"2.10. Алдын ала кароо жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде (текст боюнча мындан ары - Адилет министрлиги) каттоодон өтүү үчүн макулдук-кат алуу үчүн, МКК/МКА жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди эки нускада, Улуттук банкка, анын областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө мамлекеттик же расмий тилде берүүгө тийиш:
1) МКК/МКАнын макулдук-катын алууга өтүнүчү;
2) Уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынынын (уюштуруучулардын саны бирден көп болсо) МКК же МКАны түзүү, анын жетекчисин, башкы бухгалтерин (башкы бухгалтердин кызмат орду штаттык тизимде жок болсо - бухгалтерди), кредиттөө бөлүмүнүн начальнигин (эгерде болгон болсо) шайлоо (дайындоо) тууралуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уюштуруучунун (эгерде бир уюштуруучу болсо) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн чечими же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн протоколу;
3) эгерде уюштуруучулардын саны эки же андан көп болсо МКК же МКАны түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминин түп нускасы;
4) МКК же МКАнын уставынын түп нускасы;
5) жетекчинин (болгон болсо - жетекчилердин), башкы бухгалтердин, кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигинин анкеталарын (2-тиркеме), ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга алардын ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтар жана документтер (7-тиркеме).
6) МКК үчүн - өтүнүч менен кайрылган күнү коммерциялык банкта ачылган топтоо эсебине минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүндө акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган документ;
2.11. Уюштуруучулар келишимине МКК же МКАнын бардык катышуучулары кол коюуга тийиш. Бир адам тарабынан уюштурулган МКК же МКАны уюштуруу документинен болуп устав саналат.
2.12. Ушул жобого ылайык Улуттук банктын кароосуна сунушталган МККны же МКАны түзүү боюнча бир нече барактан турган уюштуруу документтери көктөлүп, номерленип, ага жалпы жыйын ыйгарым укук чегерген адам кол коюуга тийиш. Уюштуруучунун өкүлүнөн болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл.
2.13. Улуттук банк МКК/МКАнын документтери тиешелүү өтүнүч кат келип түшкөн күндөн кийинки 20 күн ичинде кароо менен, Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам тарабынан, ал эми анын областтык башкармалыктарында - башкармалыктардын начальниктери Баткен областы боюнча анын өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кол коюлган макулдук-катын берет. МКК/МКАнын уставынын долбоору Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттоодон өткөртүүдө макулдук-катына кошо тиркелип берилет.
2.14. Эгерде тиешелүү документтер толук көлөмүндө берилбесе же уюштуруу документтеринин белгиленген талаптарга ылайык келбей калышы шартында, Улуттук банк анын себептерин көрсөтүп, документтерди карап чыгуу үчүн мөөнөттү белгилөө менен кайрадан иштеп чыгууга кайтарат.
2.15. Эгерде берилген документтер Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттоодон өткөртүүгө макулдук-катты алуу үчүн ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе, же келип түшкөн өтүнүч катты жана документтерди кароо учурунда кошумча документтер берилеген болсо, аларды кароо мөөнөтү талаптарга ылайык кошумча берилген документтер алынган күндөн тартып эсептеле баштайт.
2.16. Макулдук-катын алуу үчүн берилген кандай болбосун маалыматка тиешелүү өзгөртүүлөр болсо ал тууралуу өтүнүч менен кайрылган жак, Улуттук банктын банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына, ал эми областтарда - областтык/регионалдык башкармалыктарына өзгөртүүлөр келип чыккандан кийинки он күндөн ашпаган мөөнөттө, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен маалымдоого тийиш. Бул учурда Улуттук банк документтерди кароо мезгилин узартышы мүмкүн.".
5. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.1-пункттун 2), 3), 6), 7)-пунктчалары алынып салынсын.
6. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.2-, 3.3-, 3.5- жана 3.6-пункттары алынып салынсын.
7. Жобонун 3-бөлүгүндөгү 3.4-пунктундагы "30 күн" деген сөздөр "10 күн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.13-3.17-пункттары алынып салынсын.
9. Жобо төмөнкү мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. МКК/МКАнын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жана аларды мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү
4-1.1. МКК/МКАнын Уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.
4-1.2. Уставга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банкка макулдашуу үчүн МКК/МКА Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө төмөнкү документтерди эки түп нускада берүүгө тийиш:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы жөнүндө өтүнүч;
2) катышуучунун чечимин (катышуучу бир адам болгон учурда) же уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынынын (катышуучулар бир нече адам болгон шартта) Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү боюнча МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколу;
3) өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору менен Уставдын жаңы редакциясы, же болбосо Уставга тиркеме катары кошо тиркелген, компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун тексти;
4) МКК үчүн - уставдык капиталын көбөйтүүнүн эсебине коммерциялык банктардагы эсепке толук өлчөмүндө акча каражаттары, өтүнүч менен кайрылган күнү салынгандыгын тастыктаган документ (уставдык капиталды көбөйтүү учурунда);
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтарды;
4-1.3. Макулдашуу үчүн зарыл болгон документтер МКК/МКА тарабынан Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынган күндөн кийинки 20 календардык күн ичинде берилүүгө тийиш;
4-1.4. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө макулдук катын берүү көз карашынан келип түшкөн документтерди, мыйзамдарда белгиленген бардык талаптарды сактоо менен тиешелүү негизде тариздетилген документтер МКК/МКА тарабынан берилген күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде кароого алат;
4-1.5. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү келип түшкөн документтерди алардын колдонуудагы мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү көз карашынан кароого алат, ал эми мыйзамдарда каралган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, монополияга каршы экспертизаны жүргүзөт.
4-1.6. Улуттук банк өтүнүч менен кайрылган жактан мыйзам талабына ылайык тиешелүү башка документтерди талап кылууга укуктуу.
4-1.7. МКК/МКА юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 күн ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
1) МКК/МКАнын кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирме кат;
2) МКК/МКАнын уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү;
3) мамлекеттик кайрадан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
4-1.8. Күбөлүктөгү маалыматтар өзгөргөн шартта, МКК/МКА каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайрадан тариздетүүгө милдеттүү (аталышы, жайгашкан жери өзгөргөн шартта). МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн кийинки 10 календардык күн ичинде, алар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайра тариздетүү жөнүндө өтүнүчтү жөнөтөт:
- МКК\МКАнын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставынын көчүрмөсү (мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурда);
- МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмөсү (мамлекеттик кайра каттоодон өтүү учурунда);
- МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүккө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими;
- юстиция органдарына билдирилгендиги жөнүндө далилдеме (жайгашкан жери өзгөргөн шартта);
- МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы.
4-1.9. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү, бардык керектүү документтер келип түшкөн күндөн баштап 5 жумуш күн ичинде МКК/МКАны каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүгүн кайрадан тариздетет.
4-1.10. МКК/МКАнын жайгаштырылган орду мамлекеттик каттоодон өткөн орду менен аныкталат. МКК же МКА кайрадан тариздетилген күбөлүктү алган күндөн баштап үч күн мөөнөт ичинде өзүнүн аталышы жана/же жайгаштырылган орду өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражат аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
4-1.11. Жетекчини, башкы бухгалтерди жана/же кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигин шайлоо/дайындоо (кайрадан шайлоо) учурунда, МКК же МКА он күн мөөнөт ичинде, Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына (областтык башкармалыктарына) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруучунун (эгерде бир уюштуруучу болсо) же уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынынын (катышуучулар бир нече адам болгон шартта) протоколунун түп нускасын, шайланган/дайындалган адамдардын анкеталары кошо тиркелип, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келген (7-тиркеме) маалыматтар жана документтер берилет.
4-1.12. Эгерде жетекчи, башкы бухгалтер белгиленген талапка ылайык келбесе, Улуттук банк аларды алмаштырууну талап кылууга укуктуу.".
10. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2-пункту төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын:
"МКК/МКАнын уюштуруу документтеринде өкүлчүлүктөрү жана филиалдары көрсөтүлүүгө тийиш".
11. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү үчүн Улуттук банкка МКК/МКА ага макулдук-катын алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди эки түп нускада берүүгө тийиш:".
12. Жобонун 4.3-пунктунун 1)-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"МКК/МКАнын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) түзүлүшүнө байланыштуу макулдук-кат алууга өтүнүч кат" (4-тиркеме).
13. Жобонун 3)-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген Уставдын жаңы редакциясы же, Уставга тиркеме катары, өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген текст".
14. Жобонун 4)-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"МКК же МКАнын филиалы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жобо".
15. Жобонун 4.3-пунктунун 7)-пунктчасы алынып салынсын.
16. Жобонун 4.4-пункту алынып салынсын.
17. Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4.5-1-пункт менен толукталсын:
"Улуттук банк берилген документтерди 30 күн мөөнөт ичинде карап чыгат. Алар Улуттук банктын талаптарына ылайык келген учурда, МКК/МКА анын филиалын/өкүлчүлүгүн түзүү үчүн, Улуттук банк тарабынан берилген макулдук-катты, МКК/МКАнын уюштуруу документинин бир нускасын кошо тиркөө менен берет.".
18. Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4.7-пункт менен толукталсын:
"МКК/МКА, юстиция органдарында документтерди өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору менен каттоодон өткөргөндөн кийин 10 күн ичинде, Улуттук банкка өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирме-катты төмөнкү документтер менен кошо берүүгө милдеттүү:
1) МКК/МКАнын уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү;
2) мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөрүлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) филиалдын/өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
4) филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө жобо.".
19. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.1-пунктундагы "МКК же МКАга берүүдөн баш тартылышы мүмкүн" деген сөздөрдөн мурда "уюштуруу документтерин кароо жана..." деген сөздөр менен толукталсын.
20. 5.1-пункттун 2)-пунктчасындагы "... алуу үчүн берилген документтер" деген сөздөрдөн мурда "макулдук-катын/" деген сөздөр менен толукталсын.
21. Жобонун 4-тиркемесиндеги "Филиалды (өкүлчүлүктү) ачуу жөнүндө билдирме" деген сөздөр "филиалды (өкүлчүлүктү) ачууга байланыштуу макулдук-катын алууга өтүнүч" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. Жобонун 4-тиркемесиндеги "Филиалды (өкүлчүлүктү) ачуу жөнүндө билдирме" деген сөздөр "филиалды (өкүлчүлүктү) ачууга байланыштуу макулдук-катты берүүнү өтүнөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.