Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-февралы № 9/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 9/2 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" Жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Эреженин 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.2. Фонддун капиталынын жетиштүүлүгүнө карата талаптар.
Өз ишин жүзөгө ашыра баштаган экинчи финансылык жылдан тартып, Фонд таза суммардык капиталынын (ТСК) маанисин Фонддун төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде кармап турууга тийиш.
Фонддун таза суммардык капиталы Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча Нускоого ылайык аныкталат(2).
Фонддун таза суммардык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ТСК / УК * 100% >= 100%, мында:
ТСК - Фонддун таза суммардык капиталы;
УК - Фонддун төлөнгөн уставдык капиталы".
2. Эреженин 3.5-пунктунун а) пунктчасынын бешинчи абзацы жана г) пунктчасы алынып салынсын.
3. Эреженин 3.6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.6. Фонддун Байкоо кеңеши тарабынан экономиканын бир секторуна
багытталган, кредиттердин концентрациялануу тобокелдигине чектөөлөр белгиленүүгө тийиш".
4. Эреженин 4.2-пунктунун 4.2.1 жана 4.2.2-пунктчалары бириктирилсин жана төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.2.1. Фонд, Улуттук банкта мониторинг жүргүзүлүшү максаттарында, Улуттук банк жана Фонд тарабынан кол коюлган, маалыматтарды сунуштоо жөнүндө Меморандумга ылайык, кошумча маалыматтарды берип турат".
5. Эреженин 4.2-пункттарынын 4.2.3 жана 4.2.4-пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша 4.2.2 жана 4.2.3-пунктчалары деп эсептелсин.
6. Эреженин 4.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.5. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет ушул Эрежеде белгиленген мөөнөттө берилбесе, ошондой эле регулятивдүү отчетто так эмес маалыматтар сунушталса, анда, Фондго карата, мыйзамдарда белгиленген эскертүү чаралары жана санкциялар колдонушу мүмкүн".
7. "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине карата 1 жана 2-тиркемелер алынып салынсын.
(2) 1-шилтемени карагыла.
|
|