Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-марты № 13/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- Эреженин 2.1.2-пунктунун үчүнчү абзацы "Улуттук банктын өзүнчө депозиттик эсебинде турган акча каражаттары" деген сөздөрдөн кийин "жана Фонддун банктардан аларга кредит берүү учурунда алынган күрөөлүк камсыздоо катары алынган, чет өлкө валютасындагы займдар/кредиттер боюнча талап кылуу укугу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Токтом, расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|