Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2011-жылдын 1-июну № 31/4
Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош областында 2010-жылдын июнь айындагы окуялардын жүрүшүндө талап-тоноолордун жана өрткө кабылуунун кесепетинен жапа чеккен ишкерлердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 токтомунун негизинде компенсация алуусу үчүн банк эсептерин ачуу тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош областында 2010-жылдын июнь айындагы окуялардын жүрүшүндө талап-тоноолордун жана өрткө кабылуунун кесепетинен жапа чеккен ишкерлерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" (2011-жылдын 16-майындагы № 228) токтомунун талабын ишке ашырууга байланыштуу "РСК Банк" ААКсынын кайрылуусун (2011-жылдын 30-майындагы № 16-04/1886) карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын" Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 токтомго сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош областында 2010-жылдын июнь айындагы окуянын жүрүшүндө тапап-тоноолордун жана өрткө кабылуунун кесепетинен жапа чеккен ишкерлер (мындан ары текст боюнча "кардарлар-жапа чеккен ишкерлер") компенсация алуу максатында "РСК-Банк" ААКсында банктык эсептерди ачууда төмөнкү документтерди кароого сунуштоого тийиш:
1) кардар-жапа чеккен ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы кол койго, эсеп ачууга өтүнүч кат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- кардар-жапа чеккен ишкердин аты-жөнү;
- төрөлгөн күнү жана жери;
- туруктуу жашаган жеринин жана/же убактылуу болуп турган жайынын толук дареги;
- анын ким экендигин тастыктаган документке тиешелүү маалыматтар (документтин аталышы, сериясы, документ берген орган, берилген күнү), эгер болгон болсо, персоналдык номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери - салык органында катталгандыгы жөнүндө маалыматтын негизинде.
2) кардардын жапа чеккен ишкердин же анын каражаттарын тескөөгө алууга ыйгарым укуктуу адамдын ким экендигин тастыктаган документ (документтин түп нускасы берилүүгө тийиш, андан көчүрмөсү алынат);
3) кардардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлгөн карточка жана мөөрдүн оттискасы (эгерде болгон болсо).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош областында 2010-жылдын июнь айындагы окуялардын жүрүшүндө талап-тоноолордун жана өрткө кабылуунун кесепетинен жапа чеккен ишкерлерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн тартипте ачылган эсеп боюнча каражаттарды чегерүүгө жана кардар-жапа чеккен ишкер же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан ошол каражаттардын алынышына гана уруксат берилет.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунун талабы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош областында тоноолордун жана өрткө 2010-жылдын июнь айындагы окуялардын жүрүшүндө талап кабылуунун кесепетинен жапа чеккен ишкерлерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, компенсация алуу максатында кардарлар-жапа чеккен ишкерлер "РСК Банк" ААКсында банктык эсептерди ачуусу учурунда гана колдонулат.
4. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Банктык көзөмөл башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен биргеликте бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
6. "РСК Банк" ААКсы өзүнүн ички ченемдик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Банктык көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен "РСК Банк" ААКсын тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төраганын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 1-июнунун № 31/4 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 токтому менен бекитилген депозиттер менен иштөө боюнча Нускоого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Нускоонун "Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби" деген 5-бөлүгүнүн 41-абзацы "юридикалык жактар (резиденттер) банктык аманат келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш" деген сөздөрдөн кийин "Улуттук банктын өзүнчө чечимдери менен каралган учурларды эске албаганда" деген сөздөр менен толукталсын.
|
|
КР Улуттук банкынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтомуна ылайык токтом КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ