Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июну № 40/8
Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары айым Жеенбаевага Б.Ж. ыйгарылсын.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/8 токтомуна тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 4-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 15-мартында 30-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. Бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.1-1-пункт менен толукталсын:
"1. 1-1 Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына ылайык, Улуттук банк банктан, банктын акционерлеринен, банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусунан, ошондой эле банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактардан кандай болбосун зарыл маалыматтарды талап кылып алууга укуктуу.".
2. 2-бөлүктүн 2.1-пунктундагы 5-чи жана 6-чы абзацттардын аралыгында төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банктын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптардын банк тарабынан аткарылышына баа берүү;".
3. 3-бөлүктүн 3.3-пунктундагы:
- 7-чи жана 8-чи абзацттардын аралыгында төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- банктын обочо жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш рентабельдүүлүгүнө анализдөөлөр;
- 13-чү жана 14-чү абзацттардын аралыгында төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
" - банктын акцияларды сатып алуу, ажыратып алууга тиешелүү келишкен бүтүмдөрүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү/азайтуу процессинин мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү;
- банктын акцияларынын 1% көбүрөөгүнө ээлик кылган акционерлер боюнча юридикалык иштердин (делолордун) туура түзүлүшүн жана жүргүзүлүшүн текшерүү;".
4. 3-бөлүктүн 3.7-пунктундагы "зарыл документтердин тизмегин кошо тиркөө менен (1-тиркеме)" деген сөздөрдөн мурда "текшерүүгө чейинки он күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын,".
5. 4-бөлүктүн 4.2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банк документтердин түп нускасын сунуштайт. Объективдүү себептер боюнча түп нусканы сунуштоо мүмкүн эмес болгон өзгөчө учурларда гана ал, документтердин көчүрмөлөрүн кызмат адамдын кол тамгасы жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрөт.".
6. 4-бөлүктүн 4.3-пунктундагы:
2-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системадан пайдалануу коддоруна тиешелүү (пароль, РI№ код) маалыматтарды эске албаганда, инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктык жайга эркин кирүү, банктын кайсыл болбосун кызматкерлерине жолугуу, документтерди, анын ичинде банктык жазуулардан пайдалануу, ошондой эле текшерүүгө алынып жаткан банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда, техникалык инфраструктурасын (банктын автоматташтырган системасын, тесттик сыноолордун натыйжалары боюнча документтерди кошо алганда, системанын документтерин, СВИФТ системасын кошо алганда, төлөм системасынын маалымат базасын) пайдалануу";
- 2-чи жана 3-чү абзацтардын аралыгында төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- банктын пайдалануучулардын жана банк кардарлардын автоматташтырылган системалардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө (парольдор, PI№ коддор) тиешелүү маалыматтарды эске албаганда, банктын кайсыл болбосун көрсөтүлгөн убакыт ичиндеги депозиттик, кредиттик, төлөм, казына ишин, ошондой эле корпоративдик баалуу кагаздар менен ишин кошо алганда, иштин бардык багыты боюнча автоматташтырылган банктык системадан толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөсүн берүүгө;
- СВИФТ системасы, ошондой эле банк колдонгон башка төлөм системалары аркылуу өткөрүлгөн бардык финансылык операциялары, корреспонденттик эсептер боюнча толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөлөрүн берүү;";
3-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- инспекторлордун бардык зарыл маалыматтарды оозеки жана жазуу жүзүндө өз учурунда алышы;";
4-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- текшерип жаткан топко банкта өзүнчө жай берүү жана банктын, ошондой эле Улуттук банктын документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылуу;
- текшерүүчүлөр тобунун жооптуу кызматкерлерине банктын автоматтык системасынан, анын бардык кардарлары жана алардын эсептери, бардык баланстык эсептер жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө укук берүү (өткөрүүлөрдү жүргүзүүгө укугусуз отчеттор менен таанышууга, түзүүгө жана терүүгө);";
- 5-абзацтагы "дайындалсын" деген сөз "дайындалышы" дегенге алмаштырылсын.
7. 4-бөлүктүн 4.4-пунктундагы:
- "банкка инспектордук текшерүүлөр" деген сөздөр "анын ичинде талап кылынган маалыматтардын берилбеши (электрондук/кагазга чыгарылган түрүндө)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
- "банк тарабынан каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө Актыга кол коюудан баш тарткан учурда, инспекторлор ал Актынын бир нускасын, кол коюдан баш тарткандыгын белгилөө менен банктын өкүлүнүн кол тамгасыз эле банкка калтырып коюуга укуктуу.".
8. 6-бөлүктүн 6.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Текшерүү жөнүндөгү отчеттун негизинде милдеттүү түрдө жазма буйрук даярдалып, ал текшерүү отчету менен бирге банктын Директорлор кеңешинин Төрагасына жана Башкарманын Төрагасына жөнөтүлөт.".
9. 6-бөлүктүн 6.4-пунктундагы "Текшерүү отчету Улуттук банктын менчиги болуп саналат" деген сөздөрдөн кийин ",ошол эле учурда, банктын текшерүүгө тиешелүү отчетту үчүнчү жактарга берүүсү Улуттук банктын уруксаты менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жүзөгө ашырылат,".
10. 8-бөлүктүн 8.1-пунктундагы "текшерүүгө алынган банктык Директорлор кеңешинин Төрагасына жана Башкармасынын Төрагасына жөнөтүлөт" деген сөздөрдөн мурда "текшерүүнүн жыйынтыгы банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен акыркы жолу талкуулангандан кийинки 30 күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр кошулсун.
11. Нускоого карата тиркеме жаңы редакцияда берилсин (кошо тиркелет).
| Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө Нускамага карата 1-тиркеме
|
Улуттук банктын 20_ "__" ___ № ___
катына карата тиркеме
Банк тарабынан текшерүүгө сунушталган
документтердин жана маалыматтардын
ТИЗМЕСИ(2)
I. Банкты түзүү учурунда сыяктуу эле, анын өлчөмүнүн көбөйүүсү
жана азаюусу учурундагы уюштуруу документтери, акционерлер
жана капиталды түзүү боюнча документтер
II. Башкаруу органдары жана банктын ички документтери
III. Банктын кредиттик жана депозиттик операциялары боюнча
маалымат
IV. Банктын баалуу кагаздар менен операциялары боюнча маалыматтар
V. Бухгалтердик эсепке алуу, Мезгил-мезгили менен берилүүчү
регулятивдүү банктык отчет (МРБО) боюнча маалымат
VI. Терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди
көрүү максатында, тобокелдиктерди тескөө жана ички
контролдукту уюштуруу боюнча маалыматтар
VII. Улуттук банктын жазма буйрууларын жана сунуш-көрсөтмөлөрүн
сактоо, Улуттук банктын башка органдар менен өз ара иш алып
баруусу жөнүндөгү маалыматтар
I. Банкты түзүү учурунда сыяктуу эле, анын өлчөмүнүн
көбөйүүсү жана азаюусу учурундагы уюштуруу документтери,
акционерлер жана капиталды түзүү боюнча документтер
1. Уюштуруу документтери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав;
- уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу делолор.
2. Акционерлердин текшерүү күнүнө карата тизмеси жана көз карандысыз каттоочу тарабынан тастыкталган, акциялардын суммасын жана уставдык капиталга карата пайыздык катышка ээлик кылуу үлүшүн көрсөтүү менен текшерилүүчү мезгил ичиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат.
3. Банктын акцияларынын бардык эмиссияларынын проспектилери жана ага тиешелүү колдо болгон бардык документтер.
4. Текшерилүүчү мезгил ичинде акционерлердин кезектүү жана кезексиз жалпы отурумунан толтурулган протоколдор.
5. Банктын 1% ашыгыраак акцияларына ээ болушкан акционерлер боюнча юридикалык делолор.
II. Башкаруу органдары жана банктын ички документтери
6. Банкты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы, өткөн жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн бизнес-планды кошо алганда, мурдагы эки жыл үчүн жылдык отчеттор.
7. Банк ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктай турган документтердин топтому.
8. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде анык аткарылгандыгы тууралуу отчеттор менен салыштырылган кирешелер жана бюджет тууралуу отчеттордун көчүрмөсү.
9. Ликвиддүүлүктүн, активдер менен пассивдерди тескөөнүн жана бардык финансылык тобокелдиктерди (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөнүн бардык аспектилерине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган, бардык негизги отчеттордун көчүрмөлөрү.
10. Кеңеште болуу мөөнөтүн жана иштеген жерин көрсөтүү менен банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси.
11. Кызматтын, аткаруучу милдеттеринин чөйрөсүн көрсөтүү менен Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн тизмеси.
12. Директорлор кеңешинин, аудит боюнча кеңешинин, Банк Башкармасынын жана башка комитеттердин текшерилүүчү мезгил ичиндеги отурумдарынан толтурулган протоколдор.
13. Банктын текшерилүүчү мезгил ичинде өзгөртүүлөрү менен уюштуруу түзүмү.
14. Банктын штаттык түзүмү, эмгекке төлөө системасы боюнча ички документтери, жеке курамы жана негизги иши боюнча буйруктары.
15. Персоналдык курамын көрсөтүү менен банкты тескөө боюнча бардык комитеттердин тизмеси, ошондой эле комитеттердин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө, мурдагы текшерүү жүргүзүлгөн мезгилден тартыш, учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги тиешелүү документтер (жалпы чогулуштан толтурулган протокол, комитеттин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө буйруктар, келишимдер жана башкалар).
16. Банктын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин/начальниктеринин кызматтык милдеттеринин тизмегин көрсөтүү менен тизмеси (кагаз/электрондук түрдө).
17. Ар бир маанилүү оперативдүү бөлүм, департамент жана функционалдык топ боюнча, телефон номерлерин көрсөтүү менен негизги байланышуучу кызматкерлердин тизмеси.
III. Банктын кредиттик жана депозиттик
операциялары боюнча маалымат
18. Текшерүү күнүнө жана мурунку төрт чейректик күнгө карата абал боюнча кредиттик портфелге баяндама (валюта номиналында):
- карыз алуучунун аты-жөнү, кредиттин түрү, суммасы, мөөнөтү, пайыздык чендер, кредиттин текшерүү күнүнө карата калдыгы, кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графиги;
- күрөөлүк документтер;
- канча жолу пролонгацияланганы, реструктуризацияланганы жана алардын мөөнөтү, күрөө түзүмү, мөөнөтүндө төлөнбөй калган күндөрдүн саны (негизги сумма жана пайыздар), 1-30 күн, 31-60 күн, 61-90 күн, 91-120 күн интервалдары боюнча жыйынтык суммаларды кошо алганда, келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө тиешелүү мөөнөтүндө төлөнбөй калган учурларды көрсөтүү менен;
- кредиттик портфелди классификациялоо, ошондой эле бүтүндөй банк жана филиалдар боюнча өткөн текшерүүлөрдөн кийинки аралыкта РППУну түзүүгө тиешелүү, туруктуу сактоодогу делолор.
19. Банк тарабынан берилген кредиттердин жана кредиттин ордун алмаштыруучулардын тизмеси, алар төмөнкү жеке адамдарга жана банк менен байланыштуу жактарга берилет:
- банктын аткаруучу кызмат адамына;
- банктын негизги акционерлерине;
- банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө;
- көпчүлүк директорлор банктын көпчүлүк директорлорун түзгөн кайсы болбосун компания;
- кайсы болбосун башка аффилирленген жакка.
20. Кредиттерди берүүгө билдирмелерди каттоо жана карыз алуучулар менен байланышууларды эсепке алуу журналы, ошондой эле банктын кардарларынын даттанууларынын жана сунуштарынын китепчеси.
21. Кардарлардын банктын иши боюнча даттануулары жана кайрылуулары менен маалыматтар (ички отчеттуулук).
22. Системадан тышкаркы эсепке алууга киргизилген кредиттердин тизмеси.
23. Банк, өзү үчүн же башкалар үчүн кайсы болбосун кредиттин же милдеттенмелердин төлөнүшүн же аткарылышын гарантиялаган, кайсы болбосун контрактылардын чагылдырылышы.
24. Аткаруу шарттары өзгөртүлгөн (пайыздык ченди азайтуу же негизги сумманы төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, пайыздык ченди же негизги сумманы же кайсы бир башка шарттарды төлөө жолу менен), кредиттер жөнүндө отчеттор:
- ар бир кредиттик продукт боюнча пайыздык чендердин өзгөрүү тенденциясы жөнүндө отчет;
- пайыздык чендин күндөлүк түзүмү жөнүндө отчет, кредиттик продуктулар боюнча күрөөнүн түзүмү ("Ипотека плюс", "Ипотека лайтс" жана башкалар);
- кредиттердин ар бир продукт боюнча кайтарылып берилиши деңгээли жөнүндө отчет;
- Пайыздары кредиттик келишимдин шарттарына ылайык карыз алуучу тарабынан төлөнбөгөн, кредиттер жөнүндө отчет;
- Банктын, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү тескөөчү кызматкерлерине, кызмат адамдарына, банктын негизги акционерлерине жана алар менен же банк менен байланыштуу болгон жакка кредиттерди берүү жөнүндө отчет;
- Жетекчилик жана аткаруучулар тарабынан активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган, Маалыматтык башкаруу системасы (МБС) боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү.
25. Банктык ири депозиторлорунун тизмеси.
26. Банктын негизги акционерлеринин, инсайдерлеринин жана аткаруучу кызмат адамдарынын, филиалдардын жетекчилеринин депозиттеринин алардын түрү, суммасы, чени, салынган күнү жана мөөнөтү боюнча тизмеси.
27. Инсайдерлер жана аффилирленген адамдар менен операцияларды эсепке алуу журналы.
28. Жабык жана корреспонденттик эсептердин жана башка кардарлардын мурунку текшерилген мезгилден тартып, учурдагы текшерилүүчү мезгил ичиндеги эсептеринин тизмеси.
29. Башка банктар тарабынан расмий тастыкталган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн (мисалы, күнү, мөөрү жана колтамгасы) калдыктарды көрсөтүү менен ошол банктардагы кредиттердин, депозиттердин жана корреспонденттик эсептердин тизмеси.
30. Банк менен башка финансылык уюмдардын ортосундагы кредиттик линиялар тууралуу маалымат. Ири жеке каржылоо булактарынын(3) тизмеси.
31. Төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышын, реквизиттердин туура сакталышын жана өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кармап калууларды текшерүү үчүн документтер.
32. Мурунку текшерүүдөн берки учурдагы текшерүү мезгили ичинде тартылган депозиттерине тиешелүү (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) белгиленген пайыздык чендер боюнча маалыматтар.
33. Негизги кредиттик продуктулар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге тиешелүү маалыматтар жана эсептөөлөр.
IV. Банктын баалуу кагаздар менен
операциялары боюнча маалыматтар
34. Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык банк тарабынан сатылып алынган/сатылган баалуу кагаздар боюнча банктын бүтүмдөрү тууралуу тастыктоочу документтер менен текшерилүүчү мезгил ичиндеги баалуу кагаздардын тизмеси.
35. Банк алар менен иш алып барган же операцияларды жана бүтүмдөрдү, анын ичинде банктын кардарларынын баалуу кагаздары менен жүргүзүүнү пландаштырган, брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тизмеси, ошондой эле жогоруда аталган адамдарды тандоо тууралуу Директорлор кеңишинин бардык мүчөлөрүнүн колу коюлган чечим.
36. Суб-брокерлердин жана/же брокерлердин контрагенттеринин, ошондой эле брокер алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалуу кагаздар боюнча опеарцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банктын атынан колдонууга ниеттенген, депозитарийлердин жана суб-депозитарийлердин тизмеси.
37. Банктын брокерлеринин, дилерлеринин жана депозитарийлеринин Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүлөрүн иликтөө жана баалоо боюнча маалыматтар," анын ичинде банктын юристинин колу коюлган, банк тарабынан тандалып алынган баалуу кагаздар рыногунун жогоруда аталган адискөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берет деген корутундусунун көчүрмөсү.
38. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган, брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин абройлору тууралуу маалымат (ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган жооп иретиндеги маалымат менен каттардын көчүрмөлөрү тиркелсин).
39. Банк брокерлер/дилерлер жана депозитарийлер аркылуу ишке ашырууга ниеттенген, операцияларды жана бүтүмдөрдү кеңири чагылдыруу менен маалыматтар.
40. Банктын акцияларга, карыздык милдеттенмелерге банк инсайдерлери олуттуу кызыкдар болгон инвестицияларынын тизмеси.
41. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы).
42. Баалу кагаздар портфелине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган, Маалыматтык башкаруу системасы боюнча негизги отчеттордун көчүрмөсү.
V. Бухгалтердик эсепке алуу, Мезгил-мезгили менен берилүүчү
регулятивдүү банктык отчет (МРБО) боюнча маалымат
43. Банктын бухгалтердик балансы, акыркы эки жыл үчүн корректировкаланган жылдык отчеттор. Акыркы эки жыл үчүн ай сайын берилүүчү МРБО (кагаз/электрондук түрдө).
44. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдүү отчеттор жана маалыматтар.
45. Баланстын статьяларын чечмелөөлөр: "Негизги каражаттар", "Жана башка менчик", "Жана башка активдер", "Жана башка милдеттенмелер".
46. Тышкы жана ички аудиттин акыркы жыл үчүн отчеттору (жетекчиликке жазган катын кошо алганда). Аудитордук текшерүүлөрдүн мурунку жана өтүп жаткан жыл үчүн пландарынын аткарылышы жөнүндө маалымат.
VI. Терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди
көрүү максатында, тобокелдиктерди тескөө жана ички
контролдукту уюштуруу боюнча маалыматтар
47. Терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча тобокел менеджеринин жана кызмат адамынын мурдагы текшерүүдөн тартып учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги отчеттору.
48. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматына (МФЧК) маалыматтарды жөнөтүүнү эсепке алуу журналы.
49. Текшерилүүчү мезгил ичинде банк менен МФЧКнын кат алышуулары.
50. Ишинде жогорку тобокелдиктер камтылган кардарлардын тизмеси.
51. Оффшордук аймактарда катталган кардарлардын тизмеси.
52. Эркин экономикалык аймакта катталган кардарлардын тизмеси.
53. Эсептер боюнча жүгүртүүлөрү анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу арткан, кардарлардын тизмеси.
54. Аралыкта орнотулган кызмат көрсөтүүлөрдү (Интернет-банкинг ж.б) пайдаланышкан кардарлардын тизмеси.
55. Кыргыз Республикасынын "Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында, банк тарабынан бекитилген ченемдик документтер. Түзүмдүк бөлүмдөр жана терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооп берген кызматкерлердин кызматтык нускоолору жөнүндө жобо.
VII. Улуттук банктын жазма буйрууларын жана
сунуш-көрсөтмөлөрүн сактоо, Улуттук банктын
башка органдар менен өз ара иш алып
баруусу жөнүндөгү маалыматтар
56. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана мамлекеттик бийликтин башка органдары менен кат алышуулар.
57. Мурдагы текшерүүлөрдөгү жазма буйрууларды аткаруу жана сын-пикирлерди четтетүү жөнүндө маалымат.
_______________________________
(2) Тизме зарылчылыкка жараша толукталышы мүмкүн.
(3) Улуттук банкты, башка банктарды (анын ичинде чет өлкө банктарын), банкка каражаттарын салышкан юридикалык жактарды жана жеке адамдарды кошо алганда, банктын 10 эң ири кредиторлору тууралуу маалыматтар келтирилет.
|
|