Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июлу № 40/7
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм токтомду расмий жарыялангандан кийин аны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасы Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/7 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча "банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга өтүнүч кат" жана "лицензия алууга өтүнүч кат" деген сөздөр төмөнкү мазмундагы "банк лицензиясы үчүн алдын ала уруксат алууга өтүнүч кат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жобонун 3.4-пунктунун 18-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "депозиттерди коргоо системасына өтүүгө билдирме".
3. Жобонун 3-главасынын 3.6-пункту алынып салынсын.
4. Жобонун II бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3-1-глава менен толукталсын:
"3-1-глава
Ислам банкын түзүү үчүн документтерди берүү
жана аларды кароого алуу тартиби
3-1.1. Уюштуруучулар тарабынан ислам банкын түзүү чечими кабыл алынгандан кийин банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу максатында, зарыл документтерди даярдоо үчүн уюштуруучулар документтердин берилиш маселеси боюнча, Улуттук банк менен байланышып туруучу ыйгарым укуктуу адамды аныктап жана уюштуруу тобун түзө алышат.
3-1.2. Консультацияларды алып, банктарды лицензиялоо жол-жобосу менен таанышуу үчүн ыйгарым укуктуу адам ислам банкын түзүүгө өтүнүч берилгенге чейин Улуттук банктын Банктарды лицензиялоо бөлүмүнө кайрыла алат.
3-1.3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн өтүнүч менен кайрылган жак, кыргыз жана/же орус тилинде даярдалган төмөнкү документтердин түп нускасын же алардын тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн Улуттук банкка берүүгө тийиш:
1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк лицензиясы үчүн алдын ала уруксат алууга өтүнүч кат, ага ушул жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча уюштуруучулардын жалпы жыйынында дайындалган ыйгарым укуктуу адам кол коет;
2) уюштуруучулардын жалпы жыйынынын төмөнкүдөй чечимдерин камтыган протокол (нотариалдык негизде күбөлөндүрүлгөн нускасынын эки көчүрмөсү):
а) ислам банкын түзүү жөнүндө;
б) анын аталышын бекитүү тууралуу;
в) Шариат кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө;
г) Уставды бекитүү жөнүндө;
д) Башкарманын Төрагасын, анын орун басарларын, Башкарма мүчөлөрүн дайындоо, Башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө;
е) Банктын бизнес-планын, уюштуруу түзүмүн, болжолдуу балансын жана алгачкы үч жылдагы кирешелер, чыгашалар жана алынуучу пайданы болжолдогон планды бекитүү тууралуу;
ж) ыйгарым укуктуу адамдарды бекитүү жана тиешелүү документтерге кол коюуга укуктарды чегерүү жөнүндө;
3) уюштуруучулардын бардыгы кол койгон уюштуруу келишимин (эки түп нускасын). Юридикалык жактардын уюштуруучуларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кол тамгалары ошол жактын мөөрү менен тастыкталат. Уюштуруучу жеке адамдын кол тамгасы нотариалдык негизде күбөлөндүрүлөт. Ал эми өтүнүч менен кайрылган чет өлкөлүк жактын документтери ушул жобонун 2-главасынын 2.2-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш. Уюштуруу келишиминде чагылдырылууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеги (типтүү формасы) жобого карата 2-тиркемеде келтирилген;
4) Банктын уставы (эки түп нускада). Банктын уставы (анын типтүү формасы 3-тиркемеде келтирилген), мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары, төмөнкүлөр сөзсүз камтылууга тийиш:
а) уюштуруу жыйынынын уставды бекитүү тууралуу чечимди кабыл алган күнү жана анын номери;
б) ченемдик-укуктук актылардагы банктардын аталышына карата белгиленген талаптарга ылайык келген кыргыз жана орус тилинде берилген фирмалык аталыштын толук жана кыскартылып берилиши;
в) уюштуруу-укуктук формасы жана банктын менчик формасы боюнча маалыматтар;
г) банктын башкаруу органдары жөнүндө жоболор;
д) акционерлердин квалификациялуу көпчүлүк добушун талап кылган маселелеринин тизмегин кошо алганда, банктын башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуу тартиби;
е) банктын жайгашкан жери тууралуу маалыматтар;
ж) эгерде чет өлкөдө уюштурулган банктын филиалы ачыла турган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо;
з) банк ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболор;
5) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирилген фирмалык аталышты пайдаланууга алдын ала макулдугу;
6) банктын ырааттуу уюштуруу түзүмү;
7) ислам банкын түзүүнүн экономикалык негиздемелерин камтыган, банк ишинин максаттарын жана ага жетиштүү ыкмаларын чагылдырган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 15-беренесинин жана ушул главанын 3.5-пунктунун талаптарын эске алуу менен түзүлгөн бизнес-план (2 нускада) (маселелердин тизмеги 6-тиркемеде келтирилген);
8) банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы кол койгон жобого карата 4 жана 5-тиркеменин формасында түзүлгөн уюштуруучулардын (акционерлердин) тизмеси (2 нускада);
9) уюштуруучуларга (акционерлерге) тиешелүү, төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар:
а) ар бир акционердин банктын капиталына катышуу өлчөмү;
б) ушул жобонун III бөлүмүнүн талабына ылайык банктын бардык уюштуруучуларына (акционерлерине) тиешелүү документтер ж.б. маалыматтар;
10) эгерде банк, банктык топтун бөлүгү боло турган болсо, ушул жобонун III бөлүгүнүн талабына ылайык документтер ж.б. маалыматтар кошумча берилиши зарыл;
11) эгерде банк, банктык холдингдик компаниянын туунду компаниясы түрүндө түзүлө турган болсо - ушул жобонун V бөлүгүнүн 18-главасынын талабына ылайык документтер берилиши зарыл;
12) Ушул жобонун IV бөлүгүнүн талабына ылайык Төраганын жана алардын орун басарларынын аты-жөнүн көрсөтүү менен Директорлор кеңешинин жана Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси;
13) Башкарманын Төрагасынын, Башкарманын Төрагасынын орун басарларынын, Башкарма мүчөлөрүнүн, Башкы бухгалтердин, банктын ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисинин, банктын кредиттик ишине жоопкерчиликтүү болгон түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, банктын активдеринин жана пассивдеринин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин (же аткарган милдеттерине ылайык ага теңештирилген адамдардын) кызмат ордуна талапкерлер тууралуу, ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык маалыматтар;
14) банктын Шариат Кеңеши тарабынан жактырылып, банктын Директорлор кеңешинде бекитилген, төмөнкүлөрдү караган банктын кредиттик, операциялык, эсепке алуу саясаттарын жана башка негизги саясаттар:
а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүүдөн улам ал дуушар болушу ыктымал болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо, аларды өлчөп көрүү, контролдукка алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;
б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруудан улам келип чыккан бардык мүмкүн болуучу тобокелдиктерди туруктуу негизде минимизациялоо боюнча контролдук чаралар;
в) бекитилген саясаттарга ылайык, маалымат, тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук системалары боюнча баяндама жасоо;
15) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн, банктын Шариат Кеңеши тарабынан жактырылган типтүү келишимдерди;
16) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого (легалдаштырууга) каршы аракеттенүү боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду;
17) ислам банкын ачуу жана анын ишин уюштуруу боюнча иш-чаралардын кылдат планын;
18) депозиттерди коргоо системасына өтүүгө билдирме.
3-1.4. Банк лицензиясын алууга алдын ала уруксат берүүгө, ислам банкын түзүү учурунда уставдык капиталды топтоого жана кийинчерээк анын өлчөмүн өзгөртүүгө өтүнүч каттарды кароо, банктын банк ишин жүзөгө ашырууга даярдыгын текшерүү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү, лицензия берүүдөн баш тартуу жана банк ачууга берилген алдын ала уруксатты кайтара алуу, ушул жобонун 4-8-главаларында белгиленген тартиптегидей эле жүзөгө ашырылат.".
5. Жобонун 4.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде банк, ыйгарым укуктуу адамдын же Директорлор кеңешинин Төрагасынын же болбосо Башкарманын Төрагасынын кол тамгасы коюлган, төмөнкүлөр тиркелген коштомо кат Улуттук банкка берилсин:
1) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүгүнүн тиешелүү негизде тастыкталган, көчүрмөсү;
2) банктын акцияларынын чыгарылышын каттоодон өткөртүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин тиешелүү негизде тастыкталган, көчүрмөсү;
3) юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү ишин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штампы менен банктын уюштуруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү ишин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штампы менен банктын Уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) тиешелүү негизде тастыкталган, банктын фирмалык аталышына жүргүзүлгөн экспертизанын аталышы.".
6. Жобонун 5.6-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Мында, карыздык келишимде банктын акцияларын сатып алуу үчүн каралган карыздык каражаттар көрсөтүлүшү зарыл.".
7. Жобонун 5.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Банк, акционерлер каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде, акционерлердин тиешелүү негизде тастыкталган реестрин Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. Андан кийин, акционерлер курамында кандай болбосун өзгөрүүлөр орун алса, реестрге өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка киргизилген өзгөртүүлөр менен кагаз бетине түшүрүлгөн, тиешелүү негизде тастыкталган, банктын акционерлер реестри көрсөтүлөт.".
8. Жобонун 5.10-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Улуттук банк, банктын уставдык капиталынын бир же андан көп пайызына ээ акционерлер тарабынан банкка көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын, ошондой эле банктын капиталына катышууга багытталган (акцияларды сатып алуу) акча каражаттарынын мыйзам чегинде келип чыгуу булактарын текшерет.
Эгерде, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам актыларын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендик фактылары табылган болсо, банктын акцияларын сатып алуу боюнча бүтүмдөр келишилген эмес катары саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат.".
9. Жобонун 8-главасынын 8.8-пункту алынып салынсын.
10. Жобонун 9.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Жаңы түзүлгөн банк чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга милдеттүү:
1) баа берүү, көзөмөлдөө жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүгө каралган болжолдонгон багыт боюнча ишкердиги баяндалган, бекитилген ички саясаты болууга;
2) жүргүзүлүп жаткан операциялардын болжолдонгон чөйрөсүнө шайкеш келиши зарыл болгон жабдууларга талапты кошо алганда, банкты техникалык жактан камсыздоо.".
11. Жобонун 9.3-пунктунун 3) пунктчасы алынып салынсын.
12. Жобонун 9-главасынын 9.8-пунктчасы алынып салынсын.
13. Жобонун 9.10-пункундагы "Депозиттерди коргоо боюнча агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын ишин жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого (легалдаштырууга) каршы аракеттенүүнү камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Жобонун 9-1-главасынын 9-1.4-пунктчасы алынып салынсын.
15. Жобонун II бөлүгү төмөнкү редакциядагы 9-2-глава менен толукталсын:
"9-2-глава
"Ислам терезесин" ачуу жана ал аркылуу ислам
банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык
улуттук жана чет өлкө валютасында банктык
операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия
берүү тартиби
9-2.1. Банк, ушул жобонун талаптарына ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн "ислам терезесин" ача алат.
9-2.2. Банк, "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бул операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга тийиш.
9-2.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банк "Ислам терезесин" ачуу үчүн, акыркы 12 ай ичинде банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкциялар жана чаралар колдонулбаган шартта, төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:
а) Улуттук банктын талаптарына ылайык шайкеш капиталдаштырылган болуу;
б) Улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү боюнча чектөөлөрдүн болбошу;
в) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды аткаруу.
9-2.4. Банк, "ислам терезеси" аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:
1) банктын Директорлор кеңешинин "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө, банк жүргүзө турган операциялардын түрлөрүнүн кеңири чагылдырылышын жана операциялардын болжолдуу көлөмүн камтыган өтүнүч катты;
2) банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын төмөнкү чечимдерди кабыл алуу жөнүндө протоколу:
а) "ислам терезесин" ачуу жөнүндө;
б) Шариат кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө, ислам терезесинин ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген жетекчисин, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин дайындоо;
в) банктык операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө;
3) Директорлор кеңешинин болжолдонгон операцияларга жана алардын банк ишине тийгизген таасирине ар тараптуу иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана алар тарабынан жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө билдирүүсү;
4) болжолдонгон операцияларга байланыштуу прогноздолгон кирешелүүлүк;
5) квалификациялуу персоналдын (көрсөтүлгөн кызматкерлер бул чөйрөдө кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана бул багыттагы курстарда атайын окуудан өткөндүгү тууралуу күбөлүгү болууга тийиш) бар экендигин тастыктаган маалыматтар;
6) банктын, банк ишинин пландаштырылып кеңейтилишине байланыштуу, кайра каралып чыккан уюштуруу түзүмү;
7) банктын уставынын Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүзөгө ашыруу маселесин камтыган уставынын эки нускасы;
8) банктын Шариат кеңешинин төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн кызматына талапкерлер жөнүндө маалыматтар;
9) банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, банктын кредиттик, операциялык саясаты жана башка негизги саясаттары, аларда төмөнкүлөр каралат:
а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүүсүнүн натыйжасында, банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;
б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүүсүнүн натыйжасында, банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде минималдаштыруу боюнча контролдук чаралар;
10) Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча типтүү келишимдер.
9-2.5. Банктык операцияларды "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктын ички саясаты ички контролдуктун шайкеш деңгээли менен камсыз кылууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) болжолдонуучу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу орун алган тобокелдиктерди чагылдыруу жана аларга баа берүү ыкмалары;
2) болжолдонуучу операцияларды бухгалтердик эсепке алуу принциптери.
9-2.6. Чет өлкө валютасындагы банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу жана "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды кароо мөөнөтү, белгиленген талаптарды канааттандыруучу документтерди берген күндөн тартып, эки календардык айдан ашпаган мөөнөттө белгиленет.
9-2.7. Лицензия, Улуттук банк Башкармасы тарабынан "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана банк тарабынан лицензия үчүн төлөм төлөнгөндүгү жөнүндө тастыктаманы берген күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде банкка берилет.".
16. Акционер тарабынан Улуттук банкка сунушталуучу маалыматтарды эсептөөдө 10.11-пунктта колдонулуучу (-) атайын белгилер, төмөнкүдөй атайын белгилөөлөр менен алмаштырылсын: а), б), в), г), д), ж), з), к).
17. Жобонун 10.15-пункту төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын:
"Банктын беш же андан ашык пайыз акцияларына жеке же биргелешип ээлик кылуу укугун кайсы болбосун жеке адамга же юридикалык жакка өткөрүп берүүгө ниеттенген акционер, ага тиешелүү акцияларды өткөрүп берүү болжолдонгон күнгө чейин бир календардык ай ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Андан кийин, акционер тиешелүү бүтүмгө келишилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде Улуттук банкка кат жөнөтүүгө тийиш, анда ушул Жобонун 10.11-пунктунун а)-ж) пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар камтылууга тийиш.".
18. Жобонун 10-главасы төмөнкү мазмундагы 10.17-пункт менен толукталсын:
"10.17. Банкта олуттуу катышууга же контролдукту жүзөгө ашырууга укук чегерген, акциялар пакетин сатып алууга Улуттук банктын уруксатын алган жактын анкетасында камтылган маалымат өзгөргөн шартта, ал жак Кыргыз Республикасынын резиденти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып 10 жумуш күнү ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эмесинен болгон жак, бир ай ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.".
19. Жобонун 11.2-пунктунун 5) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Чет өлкө адамдары ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча, алгылыктуу ишкердик абройго ээ болгон кеминде эки көз карандысыз адам берген алардын ишкердик аброюу тууралуу сунуш-көрсөтмөлөрдү беришет.
Билдирүүчү - чет өлкө жеке адамы, Кыргызстан Банкы тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, анын банктагы эсебинде акча каражаттарынын бар экендиги жана ал сатып алган банктын акцияларынын наркын жапкан өлчөмдөгү кредитордук карызынын жок экендиги жөнүндө билдирген катын сунуштоого тийиш;".
20. Жобонун 12.6-пунктунун 2), 6) жана 7) пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) ишкердик ишти (бизнести) ачык-айкын жүзөгө ашырбагандыгынын, жалган ишкердүүлүктүн, анткор (жалган) бүтүмдөргө келишилгендиктин фактылары таанымал;
6) билдирме берген жак жана (же) жактардын тобу акчалардын изин жашыруу жана терроризмди каржылоо боюнча операцияларга, алдамчылыктарга, отчетттуулукту жана башка маалыматтарды бурмалоолорго, экономикалык жактан ачык-айкын эмес же мыйзамдуу түрдө максаты жок жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген шектүү деп табылган операциялардын тизмесине ылайык, ошол юридикалык жактын же жеке адамдын (адамдардын) ишине мүнөздүү болбогон шектүү бүтүмдөрдү жана операцияларды ишке ашырууга, ошондой эле башка кылмыш иштерине катышкандыгы бар деп белгиленген;
7) билдирүүчүнүн алгылыксыз ишкердик абройго ээ (кызматтык милдеттери боюнча талаптарды одоно бузууларга жол бергендиги жана башка) экендигин тастыктаган башка маалыматтар жана документтер бар.".
21. Жобонун 13.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"13.1. Талапкерлигин Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынган кызмат адамдары төмөнкүлөр: Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү, башкарманын төрагасы (резидент эмес банктын филиалынын жетекчиси, анын орун басарлары, аудит боюнча комитеттин төрагасы, банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банктын активдеринин жана пассивдеринин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же өз функционалдык милдеттери боюнча ага тең келген адам), башкы бухгалтер, ислам терезесинин жетекчиси, банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иш-чараларына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси. Ошондой эле, ички аудит кызматынын жетекчисинин жана банкта орун алган тобокелдиктерди тескөөгө жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызматына талапкерлер да Улуттук банкка макулдашылууга тийиш".
22. Жобонун 13.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн жана аудит боюнча комитеттин төрагасын эске албаганда, 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, Улуттук банкка макулдашуу мезгилинде кызмат орундарына убактылуу милдетин аткаруучу катары дайындалышат".
23. Жобонун 13.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Ушул главанын 13.3-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтык милдеттерди эки айдан ашык мөөнөткө аткаруу жүктөлгөн адам, Жобонун ушул бөлүгүнө ылайык макулдашылууга тийиш".
24. Жобонун 13.5-пунктундагы "жана/же мөөнөттүү келишим жокко чыгарылууга тийиш" деген сөздөр алынып салынсын.
25. Жобонун 13.8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Башкарманын төрагасынын, анын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн милдеттерин алар жок болгон мезгил ичинде аткаруу, банк башкармасынын төрагасынын Улуттук банкка макулдашылган орун басарларына же мүчөлөрүнө жүктөлүүгө тийиш".
26. Ушул Жобонун 13-главасы төмөнкү мазмундагы 13.9-пункт менен толукталсын:
"13.9. Даражасы бирдей же жогору турган кызмат орундарына буга чейин макулдашуудан өткөн 13.1-пунктта көрсөтүлгөн кызмат адамдар, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, банктын Аудит боюнча комитетинин төрагасын эске албаганда, акыркы 12 ай ичинде Улуттук банктан макулдашуудан өтпөстөн 17-тиркемедеги форма боюнча анкетаны сунуштоо менен гана чектелишет.
Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин ошол эле банкта жаңы мөөнөткө кайра шайланышкан төрагалары жана мүчөлөрү, банктын Аудит боюнча комитетинин төрагасы Улуттук банктан макулдашуудан өтүшпөйт".
27. Жобонун 14-главасынын аталышындагы "жана аларды макулдашуу тартиби" деген сөздөр алынып салынсын.
28. Жобонун 14.1-пунктунун 1) пунктчасы "жөнүндө диплому болууга" деген сөздөн кийин "толук" деген сөз менен толукталсын жана андан ары текст боюнча. Ушул эле пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "банк жана/же финансы системасында кеминде эки жылдык иш тажрыйбасына ээ болууга". Жобонун 14.1-пунктунун 2), 3) жана 4) пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша 3), 4) жана 5) пунктчалар катары саналышсын.
29. Жобонун 14.2-пунктундагы 14.7-пунктунун номери алынып салынсын.
30. Жобонун 14.4., 14.7.-14.9. жана 14.11-пункттары алынып салынсын.
31. Жобонун 14.10-пунктундагы "бөлүктүн 17.9 жана 17.14-пункттары" деген сөздөр "бөлүк менен" деген сөзгө алмаштырылсын.
32. Жобонун 14-1.1-пунктунун 1) жана 2) пунктчалары "билими жөнүндө дипломунун болушу" деген сөздөрдөн мурда "толук" деген сөздөр менен толукталсын жана мындан ары текст боюнча.
33. 14-1.4 пунктунун 1) пунктчасы алынып салынсын, ал эми ушул эле пункттун 2) жана 3) пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша 1) жана 2) пунктчалар деп эсептелсин.
34. Жобонун 14-1.5.-14-1.7 жана 14-1.9-пункттары алынып салынсын.
35. Жобонун 14-1.8-пунктундагы "бөлүктүн 17.9 жана 17.14-пункттары" деген сөздөр "бөлүк менен" деген сөзгө алмаштырылсын.
36. Жобонун 15-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"15-глава
Банк Башкармасынын мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерге жана
түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине карата коюлуучу талаптар".
37. Жобонун 15.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"15.1. Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, банктын Аудит боюнча комитетинин төрагасын эске албаганда, жобонун 13-1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берүүлөрү тийиш:
1) толук жогорку билими жөнүндөгү же магистр даражасы ыйгарылгандыгы жөнүндөгү дипломунун болушу;
2) бош турган кызмат ордуна талапкерлигин коюу үчүн төмөнкүдөй эмгек стажынын болушу:
а) банк башкармасынын төрагасы (банк-резидент эместин филиалынын жетекчиси) - банк жана/же финансы системасында кеминде 5 жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда - кеминде 2 жыл;
б) төраганын орун басарлары, башкарманын мүчөлөрү - банк жана/же финансы системасында кеминде 2 жыл;
в) ички аудит кызматынын жетекчиси жана башкы бухгалтер - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 жыл;
г) банктын кредиттик ишке, ислам принциптери боюнча каржылоого, активдерди жана пассивдерди тескөөгө, банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички уюштуруучулук иш-чараларына жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчисинин, "ислам терезесинин" жетекчисинин жана тобокел-менеджеринин - банк жана/же финансы системасында кеминде 1 жыл;
3) Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдары, банктык тобокелдиктерди тескөө жана келечекте иштей турган чөйрө, ошондой эле, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жагында билиминин болуусу.
Мында, төраганын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басары, "ислам терезесинин" жетекчиси жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тиешелүү сертификаттар жана документтер менен тастыкталган, ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билимге ээ болуулары тийиш.".
38. Жобонун 15.3-пункту алынып салынсын.
39. Жобонун 15.4-пункту алынып салынсын.
40. Жобонун 15.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички уюштуруучулук иш-чараларына жооп берген башкарманын төрагасынын, анын орун басарларынын, башкарманын мүчөлөрүнүн, ички аудит кызматынын жетекчисинин, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келүүлөрүнө банктын Директорлор кеңеши жооп берет.
Банктын кредиттик ишке, активдерди жана пассивдерди тескөөгө жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, башкы бухгалтердин, "ислам терезесинин" жетекчисинин талапка ылайык келүүсүнө Банк Башкармасынын төрагасы жооп берет.".
41. Жобонун 15.6-пункту "башкарманын төрагасынын орун басары" деген сөздөрдөн кийин ", башкарманын мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын жана мындан ары - текст боюнча.
42. Жобонун 15.8-пункту алынып салынсын.
43. Жобонун 16.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16.1. Улуттук банк ушул Жобонун 13-главасынын 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерден (мындан ары - талапкерлер) баш тарта алат, эгерде:
1) соттун чечими менен талапкерлердин финансы-кредит системасында ушул чечим менен белгиленген мөөнөт ичинде иштөөсүнө тыюу салган айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;
2) талапкерлерге карата экономика, финансы чөйрөсүндө жана банк ишинде кылмыштуулукка, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;
3) эгерде, алар буга чейин: зордук менен банкрот деп таанылган банктын Директорлор кеңешинин төрагасы, Директорлор кеңешинин мүчөсү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкарманын төрагасы, башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтери, ички аудит кызматынын жетекчиси болсо жана алардын аткарган аракеттери (аракеттенбей коюулары) банктын лицензиясын кайтарып алып коюуга мажбур кылгандыгын тастыктаган далилдер болсо;
4) талапкерлер төмөнкүлөр үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе:
а) банктын төрагасы жана директорлор кеңешинин мүчөсү, банктын аудит боюнча комитетинин төрагасы - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын ушул Жобонун 14-главасынын 24-беренесинин 8, 8-1 жана 8-2-пункттарындагы;
б) банктын Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн - ушул жобонун 14-1-главасындагы;
в) Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн, ошондой эле аудит боюнча комитеттин төрагасын эске албаганда, банктын ушул жобонун 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары үчүн ушул жобонун 15-главасындагы;
5) Улуттук банктын (Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, жазма буйруусу ж.б.) талапкерлерди төмөнкүлөргө катыштыгы бар деп тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо:
а) анын натыйжасында банктын лицензиясы кайтарылып алынган, же банкка убактылуу жетекчилик же болбосо консервация режими киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга);
б) алгылыксыз банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге;
в) Улуттук банктын ченемдик актыларын кошо алганда, банктын ишин жөнгө сала турган мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе;
6) талапкердин ишкердик аброюнун талапка жооп бербей тургандыгын билдирген кат жүзүндө тастыкталган маалымат бар болсо;
7) жөнгө салуучу органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча, талапкер жоопкерчиликтүү болгон участкаларда финансылык же административдик көйгөйлөрдүн орун алгандыгын маалымдаган материалдар бар болсо.
Талапкер, төмөнкү пункттарда берилген фактылардын орун алышы шартында, банктарда ушул жобонун 13-главасынын 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок:
- ушул пункттун 2) жана 3) пунктчаларында - бузууга жол берүү фактысы аныкталгандан кийин 5 жыл бою;
- ушул пункттун 5) жана 6) пунктчаларында - бузууга жол берүү фактысы аныкталгандан кийин 3 жыл бою;
- ушул пункттун 7) пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы аныкталгандан кийин 1 жыл бою.".
44. Жобонун 17-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"17-глава
Банктын кызмат адамдарынын, ички аудит
кызматынын жетекчисинин жана банкта орун
алган тобокелдиктердин тескөөгө алынышына жооп
берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин талапкерлигин
сунуштоо, кароо жана макулдашуу тартиби".
45. Жобонун 17.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"17.1. Банк, ушул Жобонун 13-главанын 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар тандалган/дайындалган учурдан тартып 3 жумуш күнү ичинде, кызмат адамдардын курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына берүүгө тийиш.
Банк, он жумуш күнү ичинде, ал эми резидент эмести тандаган/дайындаган шартта талапкерди тандаган/дайындаган учурдан кийинки 30 календардык күн ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен талапкерлерди макулдашуу жөнүндөгү катты/өтүнүч катты Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына берүүгө тийиш:
1) талапкерди тандоо жөнүндө же милдеттерден бошотуу тууралуу чечим кабыл алган ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун (эмгек келишиминин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) милдетин аткаруучуну дайындоо тууралуу буйруктун (токтомдун, буйруунун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Кийинчерээк, талапкерди Улуттук банкка макулдашууда, банк аны дайындоо тууралуу буйруктун көчүрмөсүн чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде берет;
3) 17-тиркемеге ылайык форма боюнча анкеталар;
4) нотариалдык жактан тастыкталган (банкты түзүүдө же кийин өзгөрүүсүндө), ыйгарым укук чегерилген органдын жетекчилеринин (банктын документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга укуктуу) колтамгаларынын үлгүлөрү менен карточкалар;
5) кеминде 3 сунуш-көрсөтмө (жобонун ушул главасынын 17.3-17.6-пункттарынын талаптарын эске алуу менен);
6) тиешелүү негизде тариздетилген жана тастыкталган, функционалдык милдеттердин тизмеси.
Жобонун ушул пунктунун 2) жана 6) пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөсү, ошондой эле аудит боюнча комитеттин төрагасы тарабынан сунушталбайт.".
46. Жобонун 17.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"17.2. Көзөмөл боюнча комитет, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы аңгемелешүүгө талапкерлерди чакыра алышат.".
47. Жобонун l7.3-пунктунун биринчи абзацы "адамдар" деген сөздөн кийин төмөнкү сөздөр менен толукталсын: ", талапкердин мурдагы жумуш ордунда аны менен бирге иштешкен же ал менен кызматтык алакада болгон" жана мындан ары - текст боюнча.
48. Жобонун 17.9-пунктундагы "Банктарды лицензиялоо бөлүмүндө" деген сөздөр алынып салынсын.
49. Жобонун 17.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"17.11. Талапкерлерди макулдашуу үчүн документтерди сунуштаган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин талапкерлерин кароо учурунда алтымыш календардык күн ичинде корутунду даярдалат.
Төмөнкүдөй бош кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу тууралуу чечим:
- Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкарманын төрагасы, башкарманын төрагасынын кредит иштерге жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басары, ички аудит кызматынын жетекчиси, банктын башкы бухгалтери боюнча, талапкерликке тиешелүү корутунду берилген күндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат;
- Башкарманын мүчөлөрү, банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички уюштуруу иш-чараларына, банкта орун алган тобокелдикти тескөөгө жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, "ислам терезесинин" жетекчиси боюнча, Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз жетектеген орун басары тарабынан талапкерликке тиешелүү корутунду берилген күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде кабыл алынат;
- ислам принциптери боюнча каржылоого, активдерди жана пассивдерди тескөөгө, банктын кредит иштерине жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери боюнча, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан талапкерликке тиешелүү корутунду берилген күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде кабыл алынат.".
50. Жобонун 17.12-пунктундагы ", талапкерлик боюнча маселелерди түшүндүрүү" деген сөз алынып салынсын.
51. Жобонун 17.14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17.14. Талапкерлерди кароонун жыйынтыгы талапкерлер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин үч жумуш күнү ичинде, банкка кат жүзүндө берилет.".
52. Жобонун 17.15-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17.15. Банк, Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан кабыл алынган чечимге макул болбогон шартта банк, кабыл алынган чечимди алган учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо боюнча маселелерди түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына даттанууга укуктуу.
Ал эми Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин же Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо боюнча маселелерди түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын чечимине макул болбогон шартта, банк кабыл алынган чечимди алган учурдан кийинки он жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасына даттана алат".
53. Жобонун 18.5-пунктунун 2) пунктчасы алынып салынсын.
54. Жобонун 19.3-пунктунун биринчи абзацындагы "Каралган тартипке ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирилген учурдан тартып 30 күн аяктагандан кийин" деген сөздөр "шартта" деген сөзгө алмаштырылсын жана мындан ары - текст боюнча, ал эми ушул эле 5) пунктчасы алынып салынсын.
55. Жобонун 19.7-пункту алынып салынсын.
56. Жобонун 19.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"19.8. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, банк эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
Улуттук банк, банктардын филиалдарынын реестрин электрондук түрдө жүргүзөт, анда кеминде, Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) филиалдын толук аталышы;
2) юридикалык дареги;
3) банктын филиалынын мамлекеттик каттоодон өткөн күнү жана юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
4) банктык идентификациялык коддун (БИК) номери;
5) филиалдын иши токтотулган күн жана анын ишин токтотуунун негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
6) филиалдын иши калыбына келтирилген күн жана анын ишин калыбына келтирүүнүн негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) филиал жабылган күн жана аны жабуунун негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
8) филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин аты-жөнү;
9) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, техникалык жактан бекемдөө боюнча талаптарга филиал орун алуучу жайдын ылайык келе тургандыгы тууралуу корутундусунун бар экендиги жөнүндө маалыматтар.
Реестр, календардык жылдын акырында белгиленген тартипте кагаз жүзүндө кошумча архивделет.".
57. Жобонун 21.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"21.5. Банктын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандан кийин банк, беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, биринчи барагына эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюу менен өкүлчүлүк жөнүндө бекитилген жобонун нотариалдык негизде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү эки нускада Улуттук банкка берет.
Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин электрондук түрдө жүргүзөт, анда кеминде, Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) өкүлчүлүгүн ачкан банктын толук аталышы;
2) юридикалык дареги;
3) телефонунун жана факсынын номери;
4) банктын өкүлчүлүгүн мамлекеттик каттоодон өткөн күнү жана юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
5) ачылган күнү;
6) өкүлчүлүк жабылган күн жана аны жабуунун негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) өкүлчүлүктүн жетекчисинин аты-жөнү.

58. Жобонун 22.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"22.1. Банк, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында аманат кассаларын же көчмө кассаларды ача алат.
Аманат кассасы - бул, банктын обочолонгон түзүмдүк бөлүмү, ал банктын башкы офисине же филиалына караштуу болуп, техникалык жактан чыңдоо жагын да белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, банк ижарага алган же менчик укугу боюнча ага тиешелүү болгон стационардык жайда жайгаштырылып, банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырат.
Көчмө касса - банктын башкы офисине же филиалына караштуу болгон түзүмдүк бөлүм, ал техникалык жактан чыңдоо жагында белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, банк ижарага алган же менчик укугу боюнча ага тиешелүү болгон стационардык жайлардын бирине же бир канчасына филиалдан баруу аркылуу, банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырат.
Банктын аманат кассасы Улуттук банкта милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш. Банк, аманат кассаны ачуу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирбестен, анын ачылгандыгы тууралуу Улуттук банкка билдирет.
Улуттук банк банктардын аманат кассаларынын реестрин электрондук түрдө жүргүзөт, анда кеминде, Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) каттоо номери;
2) юридикалык дареги;
3) катталган күнү;
4) аманат кассасынын иши токтотулган күн жана анын ишин токтотуунун негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
5) аманат кассасынын ишин калыбына келтирүү күнү жана анын ишин калыбына келтирүүнүн негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
6) аманат кассасы жабылган күн жана аны жабуунун негизи - банктын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) аманат кассасынын жетекчисинин аты-жөнү;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, техникалык жактан чыңдоо жагында белгиленген талаптарга филиал жайгашуучу жайдын ылайык келе тургандыгы тууралуу корутундусу бар экендиги жөнүндө маалымат.
Реестр, календардык жылдын акырында белгиленген тартипте кагаз жүзүндө кошумча архивделет.
Банк, көчмө кассасы ачылгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка билдирет.
Банктын жетекчилиги алар тарабынан ачылып жаткан аманат жана/же көчмө кассасынын ишине толугу менен жооп берет.".
59. Жобонун 22.4-пунктунун 2) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "юридикалык жакты түзүүсүз, эсеп ачуусуз эле юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди төмөнкү операциялар боюнча тейлөөгө тиешелүү:
а) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөрдү нак акча каражаттары менен кабыл алуу;
б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү кабыл алуу;
в) эсептешүү-кассалык тейлөө.".
60. Жобонун 22.7-пунктунун биринчи абзацы алынып салынсын.
61. Жобонун 22.8-пунктундагы "/көчмө" деген сөздөр алынып салынсын.
62. Жобонун 22.9-пунктундагы "көчмө" деген сөз алынып салынсын жана "жана көчмө кассалар" деген сөз "касса" деген сөзгө алмаштырылсын.
63. Жобонун 22.11-пункту алынып салынсын.
64. Жобонун 22.12-пунктундагы "/көчмө" деген сөз алынып салынсын, ал эми "22.4 жана 22.5-пункттарда" деген сөздөр "22.4-пунктта" деген сөз менен алмаштырылсын.
65. Жобонун 22.14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Банк, көчмө кассанын дареги өзгөргөн шартта, бул тууралуу үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө анын жаңы дарегин көрсөтүү менен Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.".
66. Жобонун 22.17-пункту алынып салынсын.
67. Жобонун 23.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын "Банктын жетекчилиги алар тарабынан ачылып жаткан алмашуу пункттарынын ишине жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларына ылайык келүүлөрү үчүн толугу менен жооп берет.".
68. Жобонун 23.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"23.2. Банктын алмашуу пункту банктын буйругунун негизинде ачылат. Алмашуу пункту өз ишин "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык уюштурат.
Банк, алмашуу пункту ачылган учурдан кийинки үч жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.
Алмашуу пунктунун иши банктын буйругунун негизинде токтотулат. Банк, алмашуу пунктунун ишинин токтотулгандыгы тууралуу аны жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет.".
69. Жобонун 23.3-пункту алынып салынсын.
70. Жобонун 23.4-пункту алынып салынсын.
71. Жобонун 23.5-пункту алынып салынсын.
72. Жобонун 23.6-пункту алынып салынсын.
73. Жобонун 23.7-пунктундагы "Жобонун ушул главасынын 23.5-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен" деген сөздөр "анда жаңы дарегин көрсөтүү менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
74. Жобонун 28-1.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"28-1.1. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банктын филиалын кайра каттоо үчүн негиз болуп саналган, банктын филиалы тууралуу жобого киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банкка макулдашылууга тийиш.
75. Жобонун 28-1.5-пункту алынып салынсын.
76. Жобо төмөнкү мазмундагы VIII жана IX бөлүктөр менен толукталсын:
"VIII БӨЛҮК
Банкроттук абалында турган банкты
реструктуризациялоо ыкмасы менен
жаңы банк түзүү
36-бөлүк
Банкроттук абалында турган банкты реструктуризациялоо
ыкмасы менен жаңы банк түзүү тартиби
36.1. Банктын кредиторлорунун талаптарын андан-ары канааттандыруу үчүн банкроттук абалында турган банктын активдерин сактап калуу жана банк ишинин тескөөгө алынышын сактап калуу максатында, атайын администратор активдерди жана милдеттенмелерди Улуттук банктан лицензия алуучу жаңы түзүлгөн банкка бере алат.
36.2. Атайын администратор, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык төлөөлөрдү эске албаганда, дивиденддерди жана башка жеке пайда алуу укугусуз жаңы түзүлгөн банктын уюштуруучусу болот.
36.3. Жаңы юридикалык жак же жаңы юридикалык жактар, атайын администратор тарабынан банктан жаңы юридикалык жакка же жактарга берилген карыздардан жана активдерден башка, бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарды кошо алганда, банк-карызгердин карыздары жана активдери боюнча укугу өткөндөрдөн болуп саналбайт. Атайын администратор тарабынан жаңы юридикалык жакка берилбеген карыздар жана активдер банкка калтырылат.
36.4. Жаңы банк түзүлгөн шартта, 12 ай бою ага Улуттук банктын жаңы түзүлгөн банктар үчүн белгиленген. уставдык капиталды түзүү боюнча талаптары, ошондой эле банктын капиталынын негизинде эсептелген, экономикалык ченемдерди аткаруу боюнча талаптар таркатылбайт.
37-глава

ыкмасы аркылуу, банкты түзүүгө алдын-ала уруксат алуу
үчүн документтерди сунуштоо жана аларды кароо тартиби
37.1. Атайын администратор тарабынан банкрот абалында турган банкты реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу жаңы банкты түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга зарыл болгон документтерди даярдоо үчүн аларды кароого алуу маселелери жагында, Улуттук банк менен байланышууга ыйгарым укуктуу адам аныкталууга тийиш.
37.2. Банкрот абалында турган банкты реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу жаңы банкты түзүүгө алдын-ала уруксат алуу үчүн ыйгарым укук чегерилген адам, Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускаларын же тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн алардын кыргыз жана/же орус тилдериндеги көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш:
1) ыйгарым укук чегерилген адамдын колу коюлган, банктык лицензияны алууга алдын-ала уруксат берүү жөнүндө 1-тиркемедеги форма боюнча өтүнүч кат;
2) Уюштуруучунун чечими:
а) банкрот абалында турган банкты реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу жаңы банкты түзүү жөнүндө;
б) түзүлүүчү банктын аталышын бекитүү жөнүндө;
в) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө;
г) Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө;
д) уставды бекитүү жөнүндө;
е) банкрот абалында турган банктын жана жаңы түзүлгөн банктын бөлүштүрүүчү балансын бекитүү тууралуу;
ж) башкарманын төрагасын, башкарманын төрагасынын орун басарларын жана башкы бухгалтерди дайындоо жөнүндө;
з) банктын бизнес-планын, уюштуруу түзүмүн, болжолдуу балансын жана алгачкы үч иш жылы үчүн кирешелердин, чыгашалардын жана пайданын планын бекитүү;
и) тиешелүү документтерге кол коюу укугу менен ыйгарым укуктуу адамды бекитүү;
3) банкты түзүү боюнча иш-чаралардын толук планы;
4) банкроттук абалында турган банктын жана жаңы түзүлгөн банктын атайын администратор тарабынан бекитилген бөлүштүрүүчү балансы;
5) көз карандысыз аудитордук уюмдун бөлүштүрүүчү баланста камтылган маалыматтардын аныктыгын тастыктаган корутундусу;
6) банктын уставы (типтүү формасы 3-тиркемеде келтирилген), ал мыйзам актыларында камтылган маалыматтардан тышкары, төмөнкүлөрдү да милдеттүү түрдө камтууга тийиш:
а) атайын администратордун уставды бекитүү тууралуу чечимди кабыл алган күн жана анын номери;
б) банктардын аталышына карата ченемдик укуктук актыларда бекитилген талаптарга ылайык келген, толук жана кыскартылган түрүндөгү фирмалык аталышы кыргыз жана орус тилдеринде;
в) банктын уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчик формасы жөнүндө маалыматтар;
г) банктын башкаруу органдары жөнүндө жобо;
д) акционерлердин квалификацияланган көпчүлүк добушу зарыл болгон, маселелердин тизмесин кошо алганда, банктын башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
е) банктын жана анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн дареги (жайгашкан орду) жөнүндө маалыматтар;
ж) чет өлкөдө уюшулган, чет өлкө банкынын филиалы ачылган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышы тууралуу жобо;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген, банк ишинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жана башка жоболор;
7) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирилген фирмалык аталышты пайдалануу жөнүндө алдын-ала макулдугу;
8) банктын толук уюштуруу түзүмү;
9) банкты түзүүнүн экономикалык негизин камтыган бизнес-план (2 нускада), анда банктын иш максаттары жана аларга жетүү ыкмалары жарыяланат жана ал Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесиндеги жана ушул главанын 3.5-пунктундагы талаптарды эске алуу менен түзүлгөн (суроолордун тизмеси 6-тиркемеде келтирилген);
10) терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө саясат жана жол-жоболор;
11) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кредиттик, операциялык саясаттар жана башка негизги саясаттар, анда төмөнкүлөр каралат:
а) банк дуушар болгон, бардык мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, аларга көз салуу, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;
б) мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча туруктуу негиздеги контролдук чаралар;
в) маалымат системаларын, тобокелдиктерди тескөө системаларын жана ички контролдук системаларын бекитилген саясатка ылайык чагылдыруу;
12) Башкарманын төрагасына, башкарманын төрагасынын орун басарына жана башкы бухгалтерге талапкерлерди макулдашуу үчүн ушул Жобонун 17-главасына ылайык тариздетилген документтер.
37.3. Банкты түзүүгө алдын-ала уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат жана ага кошо тиркелген документтер өтүнүч катты алган учурдан кийинки 20 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банк тарабынан каралат. Сунушталган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча, Улуттук банк Башкармасы түзүлгөн банктын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталуусуна алдын-ала уруксат бере алат.
Ушул Жобонун 37.2-пунктунда көрсөтүлгөн, сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбеген шартта, Улуттук банк алдын-ала уруксат берүүдөн баш тарта алат.
37.4. Улуттук банк, банкты түзүүгө алдын-ала уруксат берүү жөнүндө өтүнүч катты кароо учурунда берилген маалыматтарды чогултат, алардын аныктыгына иликтөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзөт. Кайсы болбосун так эмес маалымат аныкталса же маалыматты жашыруу өтүнүч катты четке кагууга жана банкты түзүүгө алдын-ала уруксат берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
37.5. Улуттук банк Башкармасы тарабынан банкты түзүүгө алдын-ала уруксат берүү жөнүндө маселе боюнча алгылыктуу чечим кабыл алынган шартта, чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөр жөнөтүлөт:
1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - банкты мыйзам талаптарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн түзүлүп жаткан банкты каттоого алдын-ала уруксат берүү жөнүндө кат;
2) жаңы банкты түзүү жагында ыйгарым укук чегерилген жактын атына - уставдык капиталды түзүү үчүн Улуттук банкта ачылган топтоо эсебинин номерин көрсөтүү менен кат;
3) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга - банкты түзүүгө алдын-ала уруксат берүү жана банкроттук абалында турган банктарды реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу уюшулган банктын акцияларынын чыгарылышын (эмиссиясын) мамлекеттик каттоодон өткөртүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, банктын уставында көрсөтүлгөн уставдык капиталдын өлчөмүн макулдашуу жөнүндө кат.
38-глава

ыкмасы аркылуу уюшулган банкка банктык лицензияларды берүү
38.1. Улуттук жана чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн ыйгарым укук чегерилген жак тарабынан Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:
1) ыйгарым укук чегерилген адамдын колу коюлган лицензия берүү жөнүндөгү өтүнүч кат;
2) ыйгарым укуктуу органдын юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктын акцияларын каттоо жөнүндө чечиминин тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсү;
4) банктын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штампы басылган уставынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;
5) ыйгарым укуктуу органдын банктын фирмалык аталышынын экспертизасы жөнүндө тиешелүү түрдө тастыкталган корутундусунун көчүрмөсү;
6) банктын билдирилген уставдык капиталынын толук көлөмдө төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
7) депозиттерди коргоо системасына кирүүгө билдирме;
8) банк жайгаша турган имаратка менчик укугун тастыктаган ижара келишиминин же документтин тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсү жана имараттын (банктык жайдын) төмөнкүлөргө ылайык келүүсүн тастыктоо:
а) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документтери менен (Банктарды, финансы-кредит мекемелерди техникалык жактан чыңдоо боюнча бирдиктүү талаптар жана алардын Кыргыз Республикасында коргоого алынышы жөнүндө" Нускоого ылайык) тастыкталган, техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу боюнча (касса түйүнүн, сактоо жайын жана башка жайларды жабдуу) белгиленген талаптарга;
б) өрт коопсуздугу боюнча талаптарга;
9) банкта банк операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулардын жана техникалык каражаттардын, анын ичинде маалымат системаларынын банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган корутундунун бар экендигин тастыктаган документтер;
10) лицензия үчүн мыйзам талаптарында белгиленген өлчөмдө төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
38.2. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия, ушул жобонун 38.1-пунктунда көрсөтүлгөн жана тиешелүү негизде тариздетилген документтер толук көлөмдө берилгенден кийин гана өтүнүч ээсине берилет.
38.3. Банкроттук абалында турган банкты реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу түзүлгөн банк, улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды алган учурдан тартып, бир ай ичинде банктын кызмат адамдары, ички аудит кызматынын жетекчиси жана банкта орун алган тобокелдиктердин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, буга чейин Улуттук банк менен макулдашуудан өткөн банктын кызмат адамдарын эске албаганда, ушул Жобонун IV бөлүгүнө ылайык Улуттук банк менен макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү үчүн документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш.
38.4. Эгерде, банк ушул Жобонун 38.3-пунктундагы талаптарды белгиленген мөөнөттөрдө аткарбаса, анда Улуттук банк тарабынан банкка карата банктык мыйзамдарда белгиленген чаралар жана санкциялар колдонулушу мүмкүн.
39-глава
Реструктуризациялоо ыкмасы менен түзүлгөн
банктын филиалдары катары, банкроттук абалында
турган банктын филиалдарын кайра тариздөө боюнча
документтерди сунуштоо жана кароо тартиби
39.1. Атайын администратор Реструктуризациялоо ыкмасы менен түзүлгөн банктын филиалдары катары, банкроттук абалында турган банктын иштеп турган филиалдарын кайра тариздөөгө укуктуу.
39.2. Реструктуризациялоо ыкмасы менен түзүлгөн банктын филиалдары катары, банкроттук абалында турган банктын филиалдарын кайра тариздөө Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо боюнча маселелерди түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын алдын-ала уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
39.3. Атайын администратор банктык лицензияларды алууга алдын-ала уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен кошо, реструктуризациялоо ыкмасы менен түзүлгөн банктын филиалдары катары, банкроттук абалында турган банктын филиалдарын кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч катты да, кайра таризделүүчү филиалдардын тизмесин тиркөө менен Улуттук банккка берүүгө укугу бар. Филиалдардын тизмесинде алардын жайгашкан орду, жетекчилери жана башкы бухгалтери тууралуу маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
39.4. Улуттук банк, атайын администратордун реструктуризациялоо ыкмасы менен түзүлгөн банктын филиалдары катары, банкроттук абалында турган банктын филиалдарын кайра тариздөө жөнүндө өтүнүчүн жана ага кошо тиркелген документтерди карагандан кийин, ошондой эле алар боюнча эч кандай сын-пикирлер болбосо, банкроттук абалында турган банкты реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу банкты түзүүгө алдын-ала уруксат берүү менен бирге, банктын филиалдарын кайра тариздөөгө алдын-ала уруксатты бере алат.
39.5. Улуттук банктын реструктуризациялоо ыкмасы менен түзүлгөн банктын филиалдары катары, банкроттук абалында турган банктын филиалдарын кайра тариздөөгө алдын-ала уруксаты, өтүнүч катты алган учурдан тартып 20 жумуш күнү ичинде, бирок Улуттук банктын банкроттук абалында турган банкты реструктуризациялоо ыкмасы аркылуу жаңы банкты түзүүгө берилүүчү алдын-ала уруксатынан кийин берилиши мүмкүн.
39.6. Банктын кайра тариздетилген филиалдарын каттоо, ушул Жобонун 19.8-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
39.7. Филиалдардын жайгашкан ордунун, жетекчилеринин жана башкы бухгалтеринин өзгөрүүсү ушул Жобонун 19-главасына ылайык каралат.
IX БӨЛҮК
Микрофинансылык компанияларды (МФК) жана
микрокредиттик компанияларды (МКК) коммерциялык
банкка кайра өзгөртүп түзүү.
Кадимки банкты ислам банкына кайра өзгөртүп түзүү
40-глава
Банкка кайра өзгөртүп түзүлө турган МФКларга
жана МККларга карата коюлуучу талаптар.
МФКлардын жана МККлардын банктык лицензияларды
алуу үчүн документтерди сунуштоо тартиби
40.1. Банкка кайра өзгөртүп түзүлө турган МФК жана МККларда төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасы;
2) банкка кайра өзгөртүп түзүүгө өтүнүч катты берген күнгө карата Улуттук банк тарабынан жаңы ачылып жаткан банктар үчүн белгиленген өлчөмдөгү уставдык капиталы (мурда түзүлгөн жана кошумча салынган капитал);
3) кеминде 5 жыл микрофинансылык уюм катары иш алып баруусу;
4) акыркы эки жылда Улуттук банк тарабынан колдонулган кайсы бир чаралардын жана санкциялардын болбошу;
5) банкка кайра өзгөртүп түзүүгө өтүнүч кат берилген күнгө карата Улуттук банк тарабынан бардык иштеп турган банктар үчүн белгиленген бардык экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды аткарууга;
6) көз карандысыз аудитордук компаниянын МФК/МККнын банктык лицензияны алууга карата алдын-ала уруксат берүү жөнүндө өтүнүч катты берген күнгө карата финансылык отчетунун аныктыгын тастыктаган корутундусу.
40.2. МФК/МККнын акционерлери тарабынан буларды банкка кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, ал, банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды алуу максатында зарыл болгон документтерди даярдоо жана документтерди кароо маселелери жагында Улуттук банк менен байланыш түзүү үчүн ыйгарым укуктуу адамдарды аныктоого уюштуруу тобун түзө алат.
40.3. Ыйгарым укуктуу жак, консультацияларды алуу жана өтүнүч каттарды сунуштоо жана кароо боюнча жол-жоболор, ошондой эле лицензиялоо жол-жоболору менен таанышуу үчүн МФК/МККны банкка кайра өзгөртүп түзүү тууралуу өтүнүч кат берилгенге чейин Улуттук банктын Банктарды лицензиялоо бөлүмүнө кайрыла алат.
40.4. МФК/МКК улуттук валютадагы банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн документтердин түп нускасын же тиешелүү негизде тастыкталган алардын кыргыз жана орус тилдериндеги көчүрмөлөрүн ушул Жобонун II бөлүгүнүн 3-главасынын 3.4 жана 3.5-пункттарына ылайык, Улуттук банкка берет.
40.5. Чет өлкө валютасындагы банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия МФК/МККлардын ушул жобонун II бөлүгүнүн 9-главасынын талаптарына ылайык көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө даярдыгы жөнүндө документтер сунушталган учурда улуттук валютадагы банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия менен бирге берилиши мүмкүн.
40.6. МФК/МККларга банктык лицензияларды берүү учурунда, Улуттук банк, банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктердин алдын-алуу максатында, банктык операциялардын айрым түрлөрү боюнча чектөөлөрдү белгилей алат.
41-глава
МФК жана МККлардын банктык лицензияларды
берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тартиби
41.1. МФК жана МККлардын банктык лицензияларды алууга алдын-ала уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат, аны жана лицензия берүү үчүн зарыл болгон бардык тиешелүү документтерди алган учурдан кийинки төрт айдан ашпаган мөөнөттө Улуттук банк тарабынан каралат.
41.2. Акционерлеринин курамына Кыргыз Республикасынын резидент эместери киришкен, МФК/МККларга лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты кароонун мөөнөтү, Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча кошумча эки айга улантылышы мүмкүн.
41.3. МФК жана МККлардын акционерлери боюнча, алардын банкка кайра өзгөртүп түзүлүшү учурунда ушул Жобонун 1-главасынын 1.9-пунктунун талаптары таркатылбайт.
41.4. Улуттук банк, өтүнүч катты алгандан кийин ал берилген күнгө карата абал боюнча МФК/МККлардын ишине комплекстүү текшерүүлөрдү жүзөгө ашырат, анын милдетине, жаңы түзүлгөн банктар үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарга ылайык келген өлчөмдө, уставдык капиталынын бар экендигин тастыктоо жана МФК/МККлардын банктын уставдык капиталын түзүүгө багытталган каражаттарынын келип чыгуу булактарын текшерүү да кирет.
41.5. Ушул Жобонун VIII бөлүгүнүн 41-главасынын 41.4-пунктуна ылайык сунушталган документтерди карагандан кийин, ошондой эле ушул Жобонун 41.4-пунктунда каралган, МФК/МККнын ишин комплекстүү текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен Улуттук банк, МФК/МККга банктык лицензияларды алууга (берүүгө) алдын-ала уруксат бере алат. Банктык лицензияларды алууга (берүүгө) алдын-ала уруксат берүү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан ушул Жобонун 41.1 жана 41.2-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кабыл алынат.
41.6. Лицензия алууга (банк ачууга) алдын-ала уруксат алуу - бул, МФК/МККга банктык лицензиялар, ушул Жобонун 6-главасынын 6.4-пунктунун 2)-11) пунктчаларында көрсөтүлгөн шарттар аткарылганда берилет дегенди түшүндүрөт.
41.7. МФК/МКК тарабынан банктык лицензияларды алууга алдын-ала уруксат алуу үчүн берилген өтүнүч катты жана документтерди андан-ары кароо ушул Жобонун II бөлүгүнүн 4-главасынын 4.4-4.8-пункттарында каралган тартипте эле жүзөгө ашырылат.
41.8. Улуттук банк Башкармасы тарабынан банктык лицензияларды алууга (банк ачууга) алдын-ала уруксат берүү маселеси боюнча алгылыктуу чечим кабыл алынган шартта, чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде төмөнкүлөр жөнөтүлөт:
1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мыйзам талаптарына ылайык, МФК/МККны банкта мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүнү жүзөгө ашыруу үчүн банктык лицензияларды алууга (банкты ачууга) алдын-ала уруксат берүү жөнүндө кат. Банктык лицензияны алууга (банкты ачууга) алдын-ала уруксат берүү жөнүндөгү катка банктын уставы эки нускада кошо тиркелет;
2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - МФК/МККны банкка өзгөртүп түзүүгө алдын-ала уруксат берүү жана банктын акцияларынын чыгарылышын (эмиссиясын) мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү үчүн уюштуруу келишиминде жана банктын уставында көрсөтүлгөн, уставдык капиталдын өлчөмүн макулдашуу жөнүндөгү каттын көчүрмөсү.
41.9. Банк, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоо жүзөгө ашырылган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде, ыйгарым укуктуу жактын же Директорлор кеңешинин төрагасынын же башкарманын төрагасынын колу коюлган коштомо катты Улуттук банкка төмөнкүлөрдү тиркөө менен сунуштоого тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсү;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктын акцияларынын чыгарылышы кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу чечиминин тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсү;
3) юридикалык жакты кайра каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штампы басылган уставдын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү, үч нускада;
4) электрондук формасын тиркөө менен банктын акционерлеринин тиешелүү түрдө тастыкталган реестри. Кийинчерээк, акционерлердин курамына кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе, өзгөрүү киргизилген учурдан тартып 5 жумуш күнү ичинде банктын акционерлеринин өзгөртүүлөр киргизилген реестри кагаз жүзүндө жана электрондук формада Улуттук банкка берилет.
41.10. МФК/МККнын (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда) банкка кайра өзгөртүп түзүлүшүндө, алар өз ишин банктык лицензия алганга чейин МФК/МКК катары уланта алышат.
42-глава

42.1. Кадимки банкты, анда "ислам терезеси" болгон шартта гана, ислам банкына кайра өзгөртүп түзүүгө болот.
42.2. Кайра өзгөртүп түзүү болжолдонгон күнгө чейин кеминде бир жыл мурда, банк, бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоо менен анын ислам банкына кайра өзгөртүп түзүлүшү боюнча, Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шариат Кеңеши тарабынан жактырылган толук планын сунуштоосу зарыл.
42.3. Банк тарабынан сунушталган документтерди алардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Шариат стандарттарына ылайык келүүсү жагында карагандан кийин, Улуттук банк, банктын ислам банкына кайра өзгөртүп түзүлүшүнө алдын-ала уруксат бере алат. Кадимки банктын ислам банкына кайра өзгөртүп түзүлүшүнө алдын-ала уруксат берүү жөнүндөгү чечим, Улуттук банк Башкармасы тарабынан ушул Жобонун 42.2-пунктунда көрсөтүлгөн документ сунушталган учурдан кийинки бир календардык күн ичинде кабыл алынат.
42.4. Банк, банкты ислам банкына кайра өзгөртүп түзүү планын аткаруу боюнча иш-чаралар аяктаган учурдан кийинки үч жумуш күнү ичинде, бул тууралуу Улуттук банкка расмий билдирүү жөнөтөт, ага банкты ислам банкына кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылгандыгы жөнүндө толук отчет жана банктын акыркы күнгө карата абал боюнча кеңири берилген балансы кошо тиркелет.
42.5. Ушул Жобонун 42.4-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин тиешелүү негизде тариздетилген топтому сунушталган учурдан кийинки бир календардык ай ичинде, Башкарманын банктык көзөмөлдүктү түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын атына, банкка банктык операцияларды улуттук жана чет өлкө валюталарында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу корутунду даярдалат.
42.6. Банкка лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, ага мурунку банктык лицензиянын ордуна, банктык операцияларды улуттук жана чет өлкө валюталарында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берилет.
42.7. Банктын мурдагы лицензиясынын ордуна, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна негизги (улуттук валютада) жана кошумча (чет өлкө валютасында) лицензия берүүдөн баш тартуунун негизи болуп, ушул Жобонун 42.2-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын жана Шариат стандарттарынын талаптарына ылайык келбөөсү саналат.
42.8. Ислам банкына кайра өзгөртүп түзүлгөн банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна банктык лицензия алган учурдан тартып бир календардык жыл ичинде, ислам каржылоо принциптери боюнча тиешелүү билимге ээ болуу менен бирге, аны тастыктаган документтерди Улуттук банкка сунуштоолору тийиш.".
77. 1-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: "Банктык лицензияларды алууга алдын-ала уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат".
78. Жобого карата 15-тиркеме төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "Эскертүү: Бул анкетада камтылган маалымат өзгөргөн учурда, юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти өзгөрүүлөр киргизилген учурдан кийинки он жумуш күнү ичинде, ал эми юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси бир ай ичинде, Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.".
79. Жобого карата 16-тиркеме төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "Эскертүү: Бул анкетада камтылган маалымат өзгөргөн учурда, чет өлкө банкы өзгөрүүлөр киргизилген учурдан кийинки бир ай ичинде, Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.".
80. Жобонун 17-тиркемесинин киришмеси төмөнкү редакцияда берилсин: "банктын ушул Жобонун 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан толтурулат".
81. 17-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Банкта Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз: ___________________________________________________________
(кызматы, банктын аталышы)
82. 17-тиркемеге карата эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(8) 1) анкетанын ар бир бетине кол коюлууга тийиш;
2) анкетадагы оңдоолор "оңдоолор анык" деген сөз жана талапкердин өздүк колтамгасы менен тастыкталат;
3) бул анкетада камтылган маалыматтар өзгөргөн шартта, кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резиденти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ал эми кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси бир ай ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.";
(9) - мында, Банктык кызматкерлери менен Директорлор кеңешинин тууганчылык байланыштарын көрсөтүү зарыл.
83. 18-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: Банкка олуттуу катышкан же контролдукту жүзөгө ашырышкан, жеке адам болуп саналган акционерлер тарабынан толтурулат".
84. 18-тиркеменин 1-бөлүгүнүн 1.2-пункту алынып салынсын.
85. 18-тиркеменин 2-бөлүгүнүн 2.1-пункту жана 2.2-пунктунун биринчи абзацы алынып салынсын, ал эми ушул эле тиркеменин 2-бөлүгүнүн 2.2-пунктунун 1), 2) жана 3) пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жараша 2.1, 2.2 жана 2.3-пункттар катары саналышсын.
86. "(**) деген сөздөр - ушул банктын акционерлеринен болуп саналышкан адамдар тарабынан толтурулбайт. Эскертүү төмөнкү сөздөр менен толукталсын: "3) Бул анкетада камтылган маалыматтар өзгөргөн шартта, акционер - Кыргыз Республикасынын резиденти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ал эми акционер - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси бир ай ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.".
87. 19-тиркеме алынып салынсын.
|
|
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ