Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/4 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Аныктамалар жана терминдер
3. Валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби
4. Эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби
5. Корутунду жоболор
1-тиркеме. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары Улуттук банк) валюталык своп-операцияларды (мындан ары - Жобо) жүргүзүү тартиби жөнүндөгү бул жобо, Кыргыз Республикасыныи аймагындагы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен (мындан ары - банк) валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 4, 5 жана 34-статьяларына ылайык валюталык своп-операцияларды жүргүзөт.
3. Улуттук банк валюталык своп-операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат:
- тике;
- кайтарым.
4. Валюталык своп-операциялар, банк тутумун улуттук валютадагы кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике своп) же аны үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу (кайтарым своп) максатында жүргүзүлөт.
5. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн операциялардын ар бири Улуттук банк тарабынан төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- аукциондук негизде - Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетиннн чечими боюнча;
- аукциондук эмес негизде - Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча.
6. Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу бир жагынан Улуттук банк жана экинчи жагынан ушул Жобонун 18-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктар, валюталык своп-операциялардын катышуучулары болуп саналышат.
7. Валюталык своп-операциялар боюнча банктын Улуттук банк менен иш алып баруусу ушул Жобо менен жана ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык Улуттук банк менен банк ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө эки тараптуу Макулдашууга ылайык (мындан ары - Макулдашуу) жөнгө салынат.
8. Валюталык своп-операция - бул, негизги сумманы жана пайыздарды эске алуу менен макулдашылган мөөнөттө тараптарды улуттук валютадагы акча каражаттарын чет өлкө валютасындагы ага эквиваленттүү суммага алмашууну жүргүзүүгө милдеттендирген операция.
9. Алмащуу валютасы - бул, валюталык своп-операция боюнча актив катары колдонулган чет өлкө валютасы.
10. Валюталык своп-операцияны жүргүзүү күнү - бул, банктын билдирмелерин кабыл алуу, иргөө жана банк тарабынан акча каражаттардын Улуттук баюстын тиешелүү эсебине чегерүү жүргүзүлгөн жумуш.күнү.
11. Валюталык своп-операцияны аяктоо күнү - бул негизги берүү жана Улуттук банктын тиешелүү эсебине банк тарабынан валюталык своп-операциялар боюнча пайыздар чегерилген жумуш күнү.
12. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (КДКР) - Улуттук банктын ликвиддүүлүктү күндөлүк тескөөгө алуу боюнча иштеп чыгуу жана чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу үчүн коллегиалдуу орган.
13. Кайтарым своп - бул, алдын ала макулдашылган шартта, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын, негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кайрадан алмашуу милдеттенмеси менен улуттук валютадагы эквиваленттүү суммага алмашуу операциясы.
14. Тике своп - бул, алдын ала макулдашылган шартта, негизги суммаларды жана чегерилген пайыздарды кайрадан алмашуу милдеттенмеси менен улуттук валютадагы акча каражаттарын чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага алмашуу операциясы.
15. Сүйлөшүүлөрдү жаздыруу системасы - Улуттук банктын белгилүү бир телефондук аппараттарынан сүйлөшүүлөрдү автоматтык түрдө жаздырууга жана аларды келечекте табууга, ошондой эле жаздырылган сүйлөшүүлөрдү угуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен архивдөө үчүн каралган программалык-техникалык комплекс. Бул система, финансы рыногундагы бүтүмдөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жаздыруу үчүн каралган.
16. Валюталык своп-операциянын мөөнөтү - календардык күндөр менен чагылдырылган убакыттын аралыгы катары аныкталат жана төмөнкүчө эсептелет:
- тике валюталык своп-операцияда - Улуттук банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын банктын тиешелүү эсебине чегерген күндөн кийинки күндөн тартып жана банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын Улуттук банктын тиешелүү эсебине кайтарып берген күнгө чейин, аны кошо алганда;
- кайтарым валюталык своп-операцияда - банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерген күндөн кийинки күндөн тартып, Улуттук банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын банктын тиешелүү эсебине кайтарып берген күнгө чейин, аны кошо алганда.
17. Тоорук системалары - Кыргыз Республикасынын акча рыногунда иштөө үчүн Улуттук банктын программалык-техникалык комплекстери.
18. Валюталык своп-операцияларга алар жүргүзүлгөн күнгө карата төмөнкү талаптарга жооп беришкен банктар гана катыша алышат:
- Улуттук банктын туунду финансылык каражаттары менен операцияларды ишке ашырууга чектөөлөрсүз, банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүүгө лицензиясы болсо;
- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсеби болсо;
- банктын банк-корреспондентинде чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсеби болсо;
- Улуттук банк менен Макулдашууга келишишсе;
- банктын эсебиндеги каражаттардан пайдаланууга ыйгарым укуктуу адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн колтамгасынын үлгүлөрү түшүрүлгөн эки карточка беришсе;
- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамда каралган процесстерге жана/же жол-жоболорго (консервация, санация, реабилитация, өз эрки менен же зордоп жоюу, реструктуризация жана реорганизация) катышпаса.
19. Валюталык своп-операцияны жүргүзүүнүн негизинен болуп, кол коюлган Макулдашуу жана валюталык своп-операцияга катышууга берилген билдирме (мындан ары - Билдирме) саналат.
20. Валюталык своп-операция жүргүзүүнүн түрү, ыкмасы жана параметрлери Улуттук банк тарабынан белгиленет.
21. Улуттук банк валюталык своп-операцияларды жүргүзүүнүн төмөнкү шарттарын белгилейт жана жарыялайт:
- Түрү:
- тике/кайтарым;
- Ыкмасы:
- аукциондук/аукциондук эмес негизде;
- Параметрлери:
- өткөрүү күнү;
- жайгаштырылуучу сом түрүндөгү акча каражаттардын жалпы көлөмү;
- алмаштырылуучуу валюта;
- аукционго кабыл алынган Билдирмелердин улуттук валютадагы каражаттар боюнча тике валюталык своп-операцияларда минималдуу пайыздык чен;
- аукционго кабыл алынган Билдирмелердин улуттук валютадагы каражаттар боюнча кайтарым валюталык своп-операцияларда максималдуу пайыздык чен;
- аукциондук эмес негизде валюталык своп-операцияларда белгиленген пайыздык чен;
- банктарга тике валюталык своп-операцияларды жүргүзүүдө чет өлкө валютасына жана кайтарым валюталык своп-операцияларды жүргүзүүдө сом түрүндөгү каражаттарга Улуттук банк тарабынан төлөнүүчү пайыздык чен;
- операциянын мөөнөтү;
- алмашуу курсу.
22. Ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн аукциондук негизде валюталык своп-операцияларды жүргүзүүнүн шарттары Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат, ал эми аукциондук эмес негизде Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
Улуттук банк Башкармасы аукциондук эмес негизде валюталык своп-операциялардын шарттарын аныктоо боюнча ыйгарым укугун Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетине өткөрүп бере алат.
23. Ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларды жүргүзүүнүн параметрлери Улуттук банк тарабынан, валюталык своп-операцияларды жүргүзүү күнүнө чейинки бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банктын веб-сайтында жана соода системаларында маалыматтык билдирүүнү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.
24. Өткөрүлгөн валюталык своп-операциялардын жыйынтыгы Улуттук банктын веб-сайтында жана соода системаларында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк тарабынан жарыяланат.
25. Валюталык своп-операцияларды аукциондук негизде жүргүзүүдө, төмөнкү учурларда банктардын Билдирмелерине жол берилет:
- тике валюталык своп-операцияда - пайыздык чени Улуттук банк тарабынан жарыяланган пайыздык ченден жогору же барабар болсо;
- кайтарым валюталык своп-операцияда - пайыздык чени Улуттук банк тарабынан жарыяланган пайыздык ченден төмөн же ага барабар болсо.
26. Валюталык своп-операцияларды аукциондук эмес негизде жүргүзүү учурунда банктардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган белгиленген пайыздык чен боюнча билдирмелерине жол берилет.
27. Валюталык своп-операцияларды аукциондук негизде жүргүзүү учурунда биринчи кезекте банктардын билдирмелери канааттандырылат:
- тике валюталык своп-операцияда - эң жогорку пайыздык ченди сунуштагандар (Улуттук банк тарабынан жарыяланган минималдуу пайыздык ченден жогору). Ошентип Билдирмелерди канааттандыруу, сунушталган эң жогорку пайыздык ченден тартып, андан ары азайуу менен Улуттук банктын эң төмөнкү чени менен аяктайт;
- кайтарым валюталык своп-операцияда - эң төмөнкү пайыздык ченди сунуштагандар (Улуттук банк тарабынан жарыяланган максималдуу пайыздык ченден төмөн). Ошентип Билдирмелерди канааттандыруу, сунушталган эң төмөнкү пайыздык ченден тартып, андан ары көбөйүү менен Улуттук банктын эң жогорку чени менен аяктайт.
28. Эгерде, банктардын Билдирмелеринде сунушталган пайыздык чендер дал келсе, Билдирмелер алардын салыштырма салмагына пропорционалдуу канааттандырылат.
29. Банк, валюталык своп-операциялап жүргүзүлгөн күнү саат 10:00-12:00 чейин Улуттук банкка кагаз жүзүндө Билдирмелерди берет. Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык таризделинет.
30. Валюталык своп-операцияларды аукциондук негизде мөөнөтүнөн мурда аяктоого жол берилбейт.
31. Валюталык своп-операцияларды аукциондук эмес негизде мөөнөтүнөн мурда аяктоо Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча жүргүзүлөт жана Макулдашуунун 9.4-пунктуна ылайык Улуттук банктын пайдасына алдын ала үстөк айыпты төлөө менен мөөнөтүнөн мурда валюталык своп-операциялар бүтүрүлүүчү белгиленген күнгө чейин кеминде 2 жумуш күн мурда, Макулдашуунун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн саптарды толтуруу менен банктын мөөнөтүнөн мурда валюталык своп-операцияларды бүтүрүү Билдирмелеринин негизинде жүргүзүлөт.
32. Билдирме кайтарылып алынбайт.
33. Туура эмес толтурулган же тариздетилген, ошондой эле аларды кабыл алуу мөөнөтүн бузуу менен берилген Билдирмелер, жараксыз деп таанылат жана валюталык своп-операцияларга катышууга жол берилбейт.
34. Билдирмелери жараксыз деп таанылып, валюталык своп-операцияларга катышууга жол берилбеген катышуучулар, ушул Жобонун 33-пунктуна ылайык Улуттук банк тарабынан сүйлөшүүлөрдү жаздыруу системасын пайдалануу менен телефондук байланыш аркылуу же Улуттук банктын соода системасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу билдирилет.
33. Улуттук банк, банктын Билдирмесинде берилген маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.
36. Аукциондук негизде жүргүзүлгөн валюталык своп-операциялар боюнча Билдирмелер лотторго бөлүштүрүлбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп-операциялардын шарттарына ылайык, банк 1 (бир) Билдирмени 1 (бир) гана мөөнөткө берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
37. Валюталык своп-операцияларды жүргүзүү учурунда, акча каражаттарын алгачкы жана кайтарым алмашуу үчүн эрежедегидей эле, валюталык своп-операцияларды жүргүзүү күнүнө карата колдонуудагы сомго карата чет өлкө валютасынын расмий курсуна барабар болгон чет өлкө валютасынын алмашуу курсу пайдаланылат.
38. Валюталык своп-операцияларды жүргүзгөн күнү банк төмөнкү учурларда аз алдынча акча каражаттарынын суммасын чегерет:
- тике валюталык своп-операция учурунда - Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында көрсөтүлгөн башкы банктын банк-корреспондентинде Улуттук банктын корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасында акча каражаттарынын суммасын;
- кайтарым валюталык своп-операция учурунда - Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында көрсөтүлгөн башкы банктын тиешелүү эсебине улуттук валютада акча каражаттарынын суммасын.
39. Валюталык своп-операциялар аяктаган күнү банк, акча каражаттарынын суммасын өз алдынча чегерет:
- тике валюталык своп-операция учурунда - Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерилген пайыздарды кошо алганда, улуттук валютада;
- кайтарым валюталык своп-операция учурунда - Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн, Башкы банктын банк-корреспондентинде Улуттук банктын корреспонденттик эсебине чегерилген пайыздарды кошо алганда, чет өлкө валютасында.
40. Тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында:
- тике валюталык своп-операциясы учурунда акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда сом боюнча чегерүү күнү чет өлкө валютасы боюнча чегерилген күнгө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт, ал эми акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда чет өлкө валютасы боюнча чегерүү күнү сом боюнча валюталоо күнүнө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт;
- кайтарым валюталык своп-операцияеы учурунда, акча каражаттарын алгачкы алмаштыруу күнүндө чет өлкө валютасы боюнча чегерүү күнү, сом боюнча чегерилген күнгө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт, ал эми акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда сом боюнча чегерүү күнү, чет өлкө валютасы боюнча чегерүү күнүнө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт.
41. Эгерде, алгачкы алмаштыруу же валюталык своп-операция бүткөрүлгөн күнү, Улуттук банктын банк-корреспондентинде же банкта, же болбосо Улуттук банктын өзүндө же банкта жумуш эмес күнгө туура келсе, анда алгачкы алмаштыруу же валюталык своп-операцияны аяктоо кийинки жумуш күнү жүргүзүлөт. Мында, алгачкы алмаштыруу же валюталык своп-операция жүргүзүлчү күн которулбайт жана корутунду бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасы кайра эсептелинбейт.
42. Валюталык своп-операцияларды жүргүзүүнүн тартиби Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун жана Макулдашуунун негизинде жөнгө салынат.
43. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында киргизилиши мүмкүн.
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого 1-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен
_____________________________________ ортосунда
(коммерциялык банктын аталышы) валюталык
своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө
Макулдашуу
Бишкек шаары 20__жылдын "___"_____№ _______________ Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын атынан ________________________, ________________________________ негизинде иш алып баруучу бир тараптан жана ______________ негизинде иш алып барган мындан ары "Банк" деп аталуучу__ атынан _____________ жак экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ____ № _____ токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун негизинде (мындан ары - Жобо), төмөнкүлөр тууралуу валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түзүштү:
1.1. Улуттук банк менен Банктын ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын аныктоо ушул Макулдашуунун предмети болуп саналат.
1.2. Ушул Макулдашууда колдонулган аныктамалар жана терминдер Жободо көрсөтүлгөн аныктамаларга жана терминдерге окшош.
1.3. Валюталык своп-операциялар боюнча эсептешүүлөр Улуттук банк үчүн - Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча жана башкы банктын банк-корреспондентинде ачылган Улуттук банктын чет өлкө валютасында корреспонденттик эсеби боюнча; ал эми Банк үчүн - Улуттук банктагы Банктын корреспонденттик эсеби боюнча жана Банктын банк-корреспондентинде ачылган анын чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсеби боюнча жүзөгө ашырылат.
2.1. Ушул Макулдашуунун алкагында валюталык своп-операцияларды түзүү үчүн Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Улуттук банктын туунду финансылык каражаттар менен чектөөлөрсүз операцияларды ишке ашырууга чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясы болууга;
- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсеби болууга;
- банктын банк-корреспондентинде чет өлкө валютасында корреспонденттик эсеби болууга;
- Улуттук банк менен ушул Макулдашууну түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык, банктын эсебиндеги каражаттар менен пайдаланууга ыйгарым укуктуу адамдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн колтамгасынын үлгүлөрү менен экн карточканы берүүгө;
- Консервация жол-жобосунда (санация, реабилитация), өз эрки жана зордоп жоюуда (анын ичинде, банкроттоо жол-жобосу), ошондой эле кредитордун талаптарын аткара албай же канаттандыруудан баш тартуунун натыйжасында келип чыккан башка мамилелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамында каралган мыйзам актыларынын талаптарын жана башка нормаларынын бузулушуна жол бербөөгө.
2.2. Валюталык своп-операциянын мөөнөтү - календардык күндөр менен чагылдырылган убакыттын аралыгы катары аныкталат жана төмөнкүчө эсептелет:
- тике валюталык своп-операцияда - Улуттук банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын Банктын тиешелүү эсебине чегерген күндөн кийинки күндөн тартып, Банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын Улуттук банктын тиешелүү эсебине кайтарып берген күнгө чейин, аны кошо алганда;
- кайтарым валюталык своп-операцияда - Банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерген күндөн кийинки күндөн тартып, Улуттук банк тарабынан сом түрүндөгү акча каражаттарын Банктын тиешелүү эсебине кайтарып берген күнгө чейин, аны кошо алганда.
2.3. Валюталык своп-операциялар боюнча пайыздар, тиешелүү валютадагы акча каражаттардын суммасына, валюталык своп-операциянын мөөнөтүнө, пайыздык ченге жана 360 күнгө барабар болгон убактылуу базага жараша, жөнөкөй пайыздык формула менен эсептелинет жана акча каражаттарын кайра алмаштырууда, тиешелүү валютада акча каражаттарын кайтарып берүү менен Тараптар бир эле мезгилде төлөп беришет.
2.4. Тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында:
- тике валюталык своп-операция учурунда, акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда сом боюнча чегерүү күнү чет өлкө валютасы боюнча чегерилген күнгө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт, ал эми акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда чет өлкө валютасы боюнча чегерүү күнү сом боюнча чегерүү күнүнө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт;
- кайтарым валюталык своп-операциясы учурунда, акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда чет өлкө валютасы боюнча чегерүү күнү сом боюнча чегерилген күнгө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт, ал эми акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда сом боюнча чегерүү күнү чет өлкө валютасы боюнча чегерүү күнүнө карата плюс 1 (бир) жумуш күнүн түзөт.
2.5. Банк валюталык своп-операцияны жүргүзүү үчүн Улуттук банкка валюталык своп-операцияны жүргүзүүгө Билдирме (мындан ары - Билдирме) берет. Банктын Билдирмеси, ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык, биринчи кол коюу укугуна ээ Банктын аткаруу органынын жетекчисинин кол тамгасы коюлуп, Банктын гербдүү мөөрү менен тастыкталууга тийиш.
2.6. Банк Билдирмесин валюталык своп-операция жүргүзүлүүчү күнү саат 10:00-12:00 саатка чейин Улуттук банкка берет. Билдирме, калың конвертте чапталып берилет жана "Валюталык своп-операциялар боюнча билдирмелерди каттоо журналында" катталууга тийиш.
2.7. Валюталык своп-операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн негизинен болуп, ушул Макулдашууга карата 3-тиркемеге ылайык тариздетилген Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жыйынтыгы боюнча Билдирүү саналат жана ал, Улуттук банк тарабынан валюталык своп-операциядар жүргүзүлгөн күнү саат 14:30дан кечиктирбестен Билдирмеси канааттандырылган ар бир Банкка жөнөтүлөт.
2.8. Туура эмес толтурулган же таризделген, ошондой эле кабыл алуу убактысын бузуу менен берилген Билдирмелер, жараксыз деп таанылат жана валюталык своп-операцияларды ишке ашырууга жол берилбейт.
2.9. Валюталык своп-операцияларды жүргүзүү учурунда, акча каражаттарын алгачкы жана кайтарым алмашуу үчүн эрежедегидей эле, валюталык своп-операцияларды түзүү күнүнө карата колдонуудагы сомго карата чет өлкө валютасынын расмий курсуна барабар болгон чет өлкө валютасынын алмашуу курсу пайдаланылат.
2.10. Валюталык своп-операция жүзөгө ашырылган күнү саат 15:30га чейин Улуттук банктын жана Банктын Тараптардын бэк-офис функцияларын аткарган бөлүмдөрү акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейин ушул Макулдашуунун 5.5-пунктуна ылайык, валюталык своп-операциялар боюнча тастыктамалар менен алмашуусу зарыл.
3.1. Тике валюталык своп-операцияны жүргүзүү тартиби:
3.1.1. Тике валюталык своп-операцияны аукциондук негизде жүргүзүүгө, Улуттук банк тарабынан жарыяланган пайыздык ченден жогору же минималдуу пайыздык ченге барабар Банктардын Билдирмелерине жол берилет.
3.1.2. Тике валюталык своп-операцияны аукциондук эмес негизде жүргүзүүгө, Улуттук банк тарабынан жарыяланган, Банктардын белгиленген пайыздык чени менен Билдирмелерине жол берилет.
3.1.3. Банк, тике валюталык своп-операция жүргүзүлгөн күнү, чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги анын корреспонденттик эсебине өз алдынча чегерет.
3.1.4. Банк, тике валюталык своп-операциялар бүткөрүлгөн күнү, пайыздарды кошо алганда, сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасын Улуттук банктын анын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн тиешелүү эсебине өз алдынча чегерет.
3.2. Кайтарым валюталык своп-операцияны жүргүзүү тартиби:
3.2.1. Банктардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган пайыздык ченден төмөн же максималдуу пайыздык ченге барабар Билдирмелерине кайтарым валюталык своп-операцияны аукциондук негизде жүргүзүүгө жол берилет.
3.2.2. Банктардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган, белгиленген пайыздык чени менен Билдирмелерине кайтарым валюталык своп-операцияны аукциондук эмес негизде жүргүзүүгө жол берилет.
3.2.3. Банк, кайтарым валюталык своп-операция жүргүзүлгөн күнү, Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн Башкы банктын тиешелүү эсебине сом түрүндө акча каражаттардын суммасын өз алдынча чегерет.
3.2.4. Банк, кайтарым валюталык своп-операция бүткөрүлгөн күнү, Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн Башкы банктын банк-корреспондентиндеги анын корреспонденттик эсебине чегерилген пайыздарды кошо алганда, чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын өз алдынча чегерет.
4.1. Аукциондук негизде валюталык своп-операцияларды мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүгө жол берилбейт.
4.2. Аукциондук эмес негиздеги валюталык своп-операцияларды мөөнөтүнөн мурда бүткөрүү, Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча жүргүзүлөт жана Макулдашуунун 9.4-пунктуна ылайык, Улуттук банктын пайдасына алдын ала үстөк айыпты төлөө менен мөөнөтүнөн мурда валюталык своп-операциялар аяктоочу белгиленген күнгө чейинки кеминде 2 жумуш күнү мурда, Макулдашуунун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн саптарды толтуруу менен банктын мөөнөтүнөн мурда валюталык своп-операцияларды бүтүрүү Билдирмелеринин негизинде жүргүзүлөт. Мында, тараптардын бэк-офис функцияларын аткарган Улуттук банктын жана Банктын бөлүмдөрү акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки мөөнөттө Макулдашуунун 5.5-пунктуна ылайык, валюталык своп-операциялар боюнча Тастыктамалар менен алмашуусу зарыл.
5.1. Тике валюталык своп-операцияларды жүргүзүү учурунда Банк, Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн Башкы банктын банк-корреспондентиндеги анын корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын өз алдынча чегерет. Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги анын корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар түшкөндөн кийинки жумуш күнү Улуттук банк, Банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасын чегерет.
5.2. Кайтарым валюталык своп-операция жүргүзүү учурунда Банк, Улуттук банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн башкы банктын тиешелүү эсебине сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасын өз алдынча чегерет. Улуттук банктын тиешелүү эсебине сом түрүндөгү акча каражаттар түшкөндөн кийинки жумуш күнү Улуттук банк, Банктын бэк-офисинин тастыктамасында көрсөтүлгөн, Банктын банк-корреспондентиндеги чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын чегерет.
5.3. Тике валюталык своп-операция жүргүзүлүп бүткөндөн кийин Банк өз алдынча, Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында көрсөтүлгөн, башкы банктын тиешелүү эсебине чегерилген пайыздарды кошо алганда, сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасын чегерет. Улуттук банктын тиешелүү эсебине сом түрүндөгү акча каражаттар түшкөндөн кийинки жумуш күнү Улуттук банк, Банктын банк-корреспондентиндеги чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине пайыздарды кошо алганда чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын чегерет.
5.4. Кайтарым валюталык своп-операцияны бүтүрүү учурунда Банк өз алдынча, Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында көрсөтүлгөн, Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги башкы банктын корреспонденттик эсебине чегерилген пайыздарды кошо алганда, чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын чегерет. Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар түшкөндөн кийинки жумуш күнү Улуттук банк, Банктын бэк-офисинин Тастыктамасында көрсөтүлгөн, башкы банктагы Банктын корреспонденттик эсебине пайыздарды кошо алганда, сом түрүндөгү акча каражаттарды чегерет.
5.5. Валюталык своп-операцияны түзүүдө жана мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүдө, Тараптардын бэк-офисттик функцияларын аткарган Улуттук банктын жана Банктын бөлүмдөрү, корутунду эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки мөөнөттө, валюталык своп-операцияны түзүү жана мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү жөнүндө тастыктамалары менен SWIFT (МТ 320 форматында) системасы боюнча алмашууга милдеттүү. Такстыктамалар менен алмашуу Банк тарабынан демилгеленет жана ал, валюталык своп-операцияны түзүү жана мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү жөнүндө Улуттук банктан билдирүүнү алгандан кийин тез арада Улуттук банкка жөнөтүлөт. Улуттук банк менен Банк ортосунда SWIFT системасы боюнча Тастыктамалар алмашылгандан кийин банк-корреспонденттин реквизитерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
5.6. Эгерде, Банкта SWIFT системасы болбосо, валюталык своп-операциялар боюнча Тастыктамалар менен алмашуу, факс аркылуу жана/же ушул макулдашууга карата 4 жана 5-тиркемелерге ылайык, жеткирип берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Улуттук банк, Банктын Тастыктамасынын түп нускасын Улуттук банкка жөнөтпөй, факс аркылуу гана жөнөткөн ыкманы кооптуу катары карайт, ошондой эле мындай жол менен берилген маалыматтар кармалып калышы, жоголуп кетиши, жок кылынышы, бурмаланышы же кечиктирилиши мүмкүнчүлүгүн белгилейт.
Кандай бир болбосун нускоонун түп нускасын Улуттук банкка берүүсүз, факс менен гана жөнөткөн учурда, башкы банк тарабынан анын аткарылышынан же аткарылбай калышынын улам, анын жоготууга учурашы, зыян тартышы, чыгаша болушу же чыгым тартышы үчүн Улуттук банк Банк алдында жоопкерчилик тартпайт.
Банктан келип түшкөн анын түп нускасы болбогон кандай бир болбосун нускоону берүүсүз, факс менен гана жөнөтүп, анын аткарылбай калышынан улам же анда кандайдыр бир каталар, бузулуулар, же болбосо аны жеткирип берүүдө башка бир бурмалоолор же өзгөртүүлөр орун алып, Улуттук банк анын натыйжасында жоготууга учурап, зыян тартып, чыгаша болуп же чыгым тартса Банк, Улуттук банктын суроо-талабынын негизинде (ошондой эле туруктуу негизде) анын ордун жабууга милдеттүү экендигине макулдугун берет.
5.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары боюнча эсептешүүлөр валюталык эсептердин берилген реквизитерине ылайык жүзөгө ашырылат. Эгерде, валюталык эсептердин реквизиттери өзгөртүлгөн болсо Банк жана Улуттук банк, валюталык своп-операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки 1 (бир) жумуш күнү мурда, каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамынын кол тамгасы менен бири-бирине тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мында, Банктын жана Улуттук банктын бэк-офистери, акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки мөөнөттөн кечиктирбестен, ушул Макулдашуунун 5.5-пунктуна ылайык жаңы Тастыктамалар менен алмашууга (валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарды алгачкы жана кайтарым алмаштыруу учурунда) милдеттүү.
5.8. Эгерде, сом түрүндөгү же чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын алгачкы жана/же кайтарым алмаштырууда Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнү жумуш эмес күнгө же жумуш эмес майрам күндөрүнө туш келсе (Кыргыз Республикасында жана/же банк-корреспонденттин өлкөсүндө), анда ал кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, акча каражаттарын кайтарым алмаштыруу күнү которулбайт жана алар боюнча чегерилген пайыздар кайра эсептелинбейт.
5.9. Акыркы валюталык своп-операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө сом түрүндөгү жана/же чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын толук эмес суммасын чегерүү жүргүзүлбөйт.
5.10. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби боюнча акча каражаттарын чегерүүдө жана эсептен чыгарууда Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банк менен Банк ортосунда корреспонденттик мамилелерди белгилөө жөнүндөгү эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн бардык шарттарды жана тартиптерди аткарууга тийиш.
6.1. Тараптар, ушул Макулдашуунун талаптарына ылайык гана валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.
6.2. Тараптар, валюталык своп-операцияларды жүргүзүүнүн ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн шарттары менен макул болушту жана бири-биринин алдындагы өз милдеттерин таанышат.
7.1. Ушул Макулдашууда белгиленген валюталык своп-операцияларды жүргүзүү шарттарын толугу менен сактоого.
7.2. Тике валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражаттарды алгачкы алмаштырууда Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги башкы банктын корреспонденттик эсебине, Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө карата чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасынын толук көлөмүн чегерүүгө.
7.3. Тике валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө чегерилген пайыздарды кошо алганда, сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасынын толук көлөмүн Улуттук банктын тиешелүү эсебине саат 16:00го чейин чегерүүгө.
7.4. Кайтарым валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда, Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасынын толук көлөмүн Улуттук банктын тиешелүү эсебине саат 16:00го чейин чегерүүгө.
7.5. Кайтарым валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражатарын кайтарым алмаштырууда Улуттук банктын бэк-офжсинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө чегерилген пайыздарды кошо алганда, чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасынын толук көлөмүн Улуттук банктын корреспонденттик эсебине чегерүүгө.
7.6. Валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын талап кылуу укугун үчүнчү жакка өткөрүп бербөөгө.
7.7. Эгерде Банк, ушул Макулдашуунун 7.2., 7.3., 7.4. жана 7.5-пункттарында көрсөтүлгөн өзүнүн милдеттерин аткарбаса, Макулдашуунун 9.2-пунктуна ылайык, Улуттук банкка бир жолку айыптык төлөм төлөп берүүгө.
7.8. Ушул Макулдашуунун 4.2. жана 9.4-пункттарына ылайык, Улуттук банкка кем алым төлөм берүүгө.
8.1. Ушул Макулдашууда белгиленген валюталык своп-операцияларды жүргүзүү шарттарын толугу менен сактоого.
8.2. Банк, ушул Макулдашуунун 7.2-пунктун аткаргандан кийин тике валюталык своп-операцияларды жүргүзүү үчүн акча каражаттарды алгачкы алмаштырууда, Улуттук банктагы Банктын тиешелүү корреспонденттик эсебине Банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө карата сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасын чегерүүгө.
8.3. Банк, ушул Макулдашуунун 7.3-пунктун аткаргандан кийин тике валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражаттарды кайтарым алмаштырууда, Банктын банк-корреспондентиндеги чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине Банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө карата чегерилген пайыздары кошо алганда, чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасынын толук көлөмүн чегерүүгө.
8.4. Банк, ушул Макулдашуунун 7.4-пунктун аткаргандан кийин кайтарым валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражаттарды алгачкы алмаштырууда, Банктын банк-корреспондентиндеги чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине Банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө карата чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасынын толук көлөмүн чегерүүгө.
8.5. Банк, ушул Макулдашуунун 7.5-пунктун аткаргандан кийин кайтарым валюталык своп-операцияларды жүргүзүү боюнча акча каражаттарды кайтарым алмаштырууда, Улуттук банктагы Банктын корреспонденттик эсебине Банктын бэк-офисинин Тастыктамасында сунушталган реквизиттер боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүгө Банктын Билдирмесинде көрсөтүлгөн чегерүү күнүнө карата пайыздарды кошо алганда, чегерилген пайыздарды кошо алганда, сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасын чегерүүгө.
8.6. Эгерде Улуттук банк, ушул Макулдашуунун 8.2., 8.З., 8.4. жана 8.5-пункттарында көрсөтүлгөн өзүнүн милдеттерин аткарбаса, Макулдашуунун 9.3-пунктуна ылайык, Банкка бир жолку айыптык төлөм төлөп берүүгө.
9.1. Тараптар ушул Макулдашууга ылайык, валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерине толугу менен жоопкерчиликте болушат.
9.2. Банк Улуттук банкка 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөп берет:
- Тике валюталык своп-операциялар боюнча:
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан;
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда сом түрүндөгү акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан;
- Кайтарым валюталык своп-операциялар боюнча:
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда сом түрүндөгү акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан;
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан.
9.3. Улуттук банк Банкка 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөп берет:
- Тике валюталык своп-операциялар боюнча:
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда сом түрүндөгү акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан;
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан;
- Кайтарым валюталык своп-операниялар боюнча:
- валюталык своп-операциялар боюича акча каражаттарын алгачкы алмаштырууда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан;
- валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарын кайтарым алмаштырууда сом түрүндөгү акча каражаттарды чегерүү боюнча аткарылбаган милдеттемелердин суммасынан.
9.4. Банк, аукциондук эмес негизде валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, Банкка сунушталган акча каражаттардын суммасынан 0,05% өлчөмүндө Улуттук банкка кем алым төлөп берет.
9.5. Бир жолку айыптык төлөм же кам алым, Улуттук банк тарабынан расмий билдирилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен улуттук валютада төлөнөт. Эгерде, бир жолку айыптык төлөм же кем алым расмий билдирилгенден кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирилсе Улуттук банк, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен кем алымдын суммасын талаш-тартышсыз жана бир тараптуу негизде эсептен алып салууга укуктуу.
9.6. Тараптар, айыптык төлөмдү/кем алымды төлөгөн учурда, ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткаруудан бошотулбайт.
9.7. Тараптар ушул Келишимге ылайык, алардын жооптуу адамдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылган, валюталык своп-операцияларды жүргүзүү менен байланыштуу иш-аракеттердин тууралыгына, өз убагында аткарылышына жана купуялуулугунун сакталышына толугу менен жоопкерчилик тартышат.
9.8. Улуттук банк, Банктын бэк-офисинин Тастыктамасында валюталык эсептердин реквизиттери так эмес бирилгендигинен, ошондой эле Банктын банк-корреспондентинин күнөөсү боюнча эле ушул Макулдашуунун 5.5., 5.6. жана 5.7-пункттарынын шарттарына ылайык, Банктын валюталык эсептеринин реквизиттеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кат жүзүндөгү билдирме Банк тарабынан кечиктирилип, так эмес же толук эмес тариздетилген болсо, Улуттук банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын келип түшпөгөндүгү же мөөнөтүнөн кийин келип түшкөндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
9.9. Улуттук банк, ушул Макулдашуунун шарттары Банк тарабынан бузууга жол берилгендигинен улам Банк дуушар болгон чыгымдарга жооп бербейт.
9.10. Банк, ушул Макулдашуунун шарттары Улуттук банк тарабынан бузууга жол берилгендигинен улам Улуттук банк дуушар болгон чыгымдарга жооп бербейт.
9.11. Банк, Улуттук банктын бэк-офисинин Тастыктамасында валюталык эсептердин реквизиттери так эмес бирилгендигинен, ошондой эле Улуттук банктын банк-корреспондентинин күнөөсү боюнча же ушул Макулдашуунун 5.5., 5.6. жана 5.7-пункттарынын шарттарына ылайык, Улуттук банктын валюталык эсептеринин реквизиттеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кат жүзүндөгү билдирме Улуттук банктын тарабынан кечиктирилип, так эмес же толук эмес тариздетилген болсо, Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын келип түшпөгөндүгү же мөөнөтүнөн кийин келип түшкөндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
10.1. Тараптар, табигый жана техногендик катастрофалар, табигый кырсыктар, согуш конфликттери, көтөрүлүштөр, элдик көтөрүлүштөр, революциялар, мыйзам жана аткаруу бийлигинин органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар жана ушул Макулдашуу боюнча мүмкүн эместигине түздөн-түз себеп болгон башка жагдайлар орун алган шартта, Макулдашуу боюнча милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткарбай койгондугу үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Жогоруда аталган жагдайлар ушул Макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып келип чыккан жана Тараптардын эркине баш ийбеген өзгөчө, күтүүсүз жана алдын-алууга болбой турган мүнөзгө ээ болууга тийиш.
10.2. Өзгөчө жагдайлар орун алган шартта, Тараптар эки күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирүүлөрү тийиш. Билдирүүдө жагдайдын мүнөзү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша, ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышына алардын таасир этүүлөрүнө баа берүүлөр жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү чагылдырылууга тийиш.
Жогоруда белгиленген шарттардын орун алышын жана алардын созулушунун тастыктамасынан болуп, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген маалымкат саналат.
10.3. Форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, Тараптардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү мындай жагдайлар жана алардын натыйжалары орун алган шайкеш убакытка жылдырылат.
10.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар жана алардын таасирлери он календарлык күндөн ашыгыраакка созулуп кеткен шартта, Тараптар ушул Макулдашуу талаптарынын эки Тарапка тең алгылыктуу болгон альтернативдүү ыкмаларын табуу жана тиешелүү макулдашууга жетишүү максатында кыска мөөнөттүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн.
10.5. Форс-мажордук жагдайлар, алардын орун алышы учурунда ишке ашырылган жана жүргүзүлүп жаткан валюталык своп-операциялар боюнча милдеттенмелерден Тараптарды бошотпойт.
11.1. Ушул Макулдашуунун талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында Тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
11.2. Эгерде, Тараптардын ортосунда келип чыккан талат маселелер алардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу макулдашууга жетишилбеген шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жөнгө салынууга тийиш.
12.1. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12.2. Ушул Макулдашууга карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө ишке ашырылып, Тараптардын экөөсүнүн тең колу коюлган шартта жарактуу деп саналат.
12.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта, алардын ушул Макулдашуу боюнча укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт.
12.4. Ушул Макулдашуу Тараптардын ар бири үчүн экиден, мамлекеттик тилде 2 (эки) нускада жана расмий тилде 2 нускада түзүлгөн, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ жана кыргыз тилинде ________ барактан турат, орус тилинде ___________ барактан турат. Макулдашуунун эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми эки нускасы Банкка берилет.
12.5. Макулдашууга карата 1, 2, 3, 4 жана 5-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат.
13.1. Ушул Макулдашуу ага эки Тараптын колу коюлган учурдан таргып күчүнө кирет.
13.2. Ушул Макулдашуу бир календарлык жыл ичинде колдонууда болот жана Тараптардын бири дагы Макулдашуунун колдонуудагы мөөнөтү бүткөнгө чейинки бир календарлык ай ичинде анын талаптарын бузуу тууралуу ниетин кат жүзүндө билдирбеген шартта, келишим кийинки календарлык жылга узартылган болуп саналат. Келишим талаптарынын бузулушу Тараптардын буга чейин эле ишке ашырылган валюталык своп-операциялары боюнча милдеттенмелерин токтотпойт.
13.3. Тараптар бул Макулдашууну, бир тараптуу негизде экинчи Тарапка 3 (үч) календардык күн мурда кат жүзүндө алдын ала билдирүү менен, бирок валюталык своп-операциялар боюнча акча каражаттарды кайтарым алмаштыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүп бүткөндөн кийин бузууга укуктуу. Бул Макулдашууну бузууда ишке ашырылган валюталык своп-операциялар боюнча Тараптардын милдеттемелери токтотулбайт.
13.4. Улуттук банк, төмөнкү учурларда Банкка ал
дын-ала билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде ушул Макулдашуунун шарттарын бузууга укуктуу:
- Банк тарабынан ушул Макулдашуунун шарттарын бузууга жол берилсе;
- Туунду финансылык каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашырууга чектөөлөрсүз чет өлкө валютасындагы банктык операцияларды жүргүзүүгө Банктын лицензиясын кайтарып алууга;
- Туунду финансылык каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашырууга чектөөлөр коюлган учурда;
- Банкка Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо" мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилсе; банкта Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик режими киргизилсе;
- Банкты банкроттоо жөнүндө жарыясы;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, Банктын юридикалык жак катары иши токтотулса.
Кыргыз Республикасынын Банктын аталышы
Улуттук банкы
_______________________________ _______________________________
(почта индекси, дареги) (почта индекси, дареги)
_______________________________ _______________________________
(кызматы) (кызматы)
_______________________________ _______________________________
(аты-жөнү) (аты-жөнү)
_______________________________ _______________________________
(колтамгасы) (колтамгасы)
Тастыктаманы жөнөтүү жана Тастыктаманы жөнөтүү жана
кабыл алуу үчүн факс: кабыл алуу үчүн факс:
Бэк-офис менен байланыштуу Бэк-офис менен байланыштуу
телефондору: телефондору:
_______________________________ _______________________________
_______________________________ _______________________________
Чет өлкө валютасындагы эсептин Чет өлкө валютасындагы эсептин
реквизиттери реквизиттери:
(валютанын аталышын көрсөтүү): SWIFT BIC: ____________________
SWIFT BIC: ____________________ Эсептин №:_____________________
№ _____________________________ Сом түрүндөгү эсептин
реквизиттери:
Сом түрүндөгү акча
каражаттардын негизги суммасын
чегерүү үчүн Банктын Улуттук
банктагы эсеби:
№ _____________________________
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Макулдашууга карата
|
Аукдиондук /аукциондук эмес негизде
(керектүүсүн тандоо)
тике/кайтарым валюталык своп-операцияны жүргүзүүгө
БИЛДИРМЕ
(керектүүсүн тандоо)
20__-жылдын "____" _______________
(Банктын расмий аталышы) ушул билдирме аркылуу аукциондук/аукциондук эмес негизде (керектүүсүн тандоо) тике/кайтарым (керектүүсүн тандоо) валюталык своп-операцияларга төмөнкү шарттарда катышууга даярдыгын билдирет:
Алмаштыруу валютасы: чет өлкө валютасынын аталышын көрсөтүү
┌──────────────────────────────┬──────────────────┬───────────────────┐
│ │ Акча каражаттары │ Акча каражаттары │
│ │алгачкы алмаштыруу│кайтарым алмаштыруу│
├──────────────────────────────┼──────────────────┼───────────────────┤
│Чет өлкө валютасында чегерүү │ (күн, айы, жылы) │ (күн, айы, жылы) │
│күнү │ │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────┼───────────────────┤
│Сом боюнча чегерүү күнү │ (күн, айы, жылы) │ (күн, айы, жылы) │
├──────────────────────────────┼──────────────────┴───────────────────┤
│Чет өлкө валютасында акча │(чет өлкө валютасында өлчөө бирдиги) │
│каражаттардын суммасы │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Алмашуу курсу │ (чет өлкө валютасынын бирдиги үчүн │
│ │ сом түрүндө) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Сом түрүндө акча каражаттардын│ (сом түрүндө өлчөө бирдиги) │
│суммасы │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Мөөнөтү │ (күндөрдүн саны) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздык чен │ (%) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында пайыздык │ (%) │
│чен │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздардын суммасы│ (сом түрүндө өлчөө бирдиги) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында │ (чет өлкө валютасында өлчөө бирдиги) │
│пайыздардын суммасы │ │
└──────────────────────────────┴──────────────────────────────────────┘
М.О. ____________________ _____________ ________________________
кызматы кол тамгасы аты-жөнү
____________________ _____________ ________________________
башкы бухгалтери кол тамгасы аты-жөнү
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Макулдашууга карата 2-тиркеме
|
Аукциондук эмес негизде тике/кайтарым
(керектүүсүн тандоо)
валюталык своп-операцияларды мөөнөтүнөн
мурда токтотууга
БИЛДИРМЕ
(алгачкы валюталык своп-операция жүргүзүүгө Билдирменин
күнүнө жана номерине шилтеме)
20__-жылдын "____" _______________
(Банктын расмий аталышы) ушул билдирме аркылуу 20__-жылдын "__" _________ _________________________ көлөмдө (көлөмү сом түрүндө) жана __________________________ (көлөмү чет өлкө валютасында) ______________ (күндөрдүн саны) мөөнөткө аукциондук эмес негизде тике/кайтарым валюталык своп-операцияны төмөнкү шарттарда мөөнөтүнөн мурда токтотууга даярдыгын билдирет:
┌──────────────────────────────┬──────────────────┬───────────────────┐
│ │ Акча каражаттары │ Акча каражаттары │
│ │алгачкы алмаштыруу│кайтарым алмаштыруу│
├──────────────────────────────┼──────────────────┼───────────────────┤
│Чет өлкө валютасында чегерүү │ (күн, айы, жылы) │ (күн, айы, жылы) │
│күнү │ │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────┼───────────────────┤
│Сом боюнча чегерүү күнү │ (күн, айы, жылы) │ (күн, айы, жылы) │
├──────────────────────────────┼──────────────────┴───────────────────┤
│Чет өлкө валютасында акча │(чет өлкө валютасында өлчөө бирдиги) │
│каражаттардын суммасы │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Алмашуу курсу │ (чет өлкө валютасынын бирдиги үчүн │
│ │ сом түрүндө) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Сом түрүндө акча каражаттардын│ (сом түрүндө өлчөө бирдиги) │
│суммасы │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Мөөнөтү │ (күндөрдүн саны) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздык чен │ (%) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында пайыздык │ (%) │
│чен │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздардын суммасы│ (сом түрүндө өлчөө бирдиги) │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында │ (чет өлкө валютасында өлчөө бирдиги) │
│пайыздардын суммасы │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────────────────────┤
│Кем алым │ (сом түрүндө өлчөө бирдиги) │
└──────────────────────────────┴──────────────────────────────────────┘
М.О. ____________________ _____________ ________________________
кызматы кол тамгасы аты-жөнү
____________________ _____________ ________________________
башкы бухгалтери кол тамгасы аты-жөнү
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Макулдашууга карата 3-тиркеме
|
__________________________________________________________________
(Банктын аталышы)
20__-жылдын "_____" ____________________
Улуттук банктын валюталык
своп-операцияларынын жыйынтыгы боюнча
БИЛДИРМЕЛЕР
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 20__-жылдын "____" ____________ өткөрүлгөн Улуттук банктын аукциондук/аукциондук эмес негизде тике/кайтарым валюталык своп-операциялардын жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канаттандырылгандыгын билдирет:
┌───┬──────────────┬───────────────────────┬──────────────────────────┐
│ № │ Мөөнөтү │ Акча каражаттарынын │ Пайыздык чен │
│ │ (күндөрдүн │ суммасы │ │
│ │ саны) ├─────────┬─────────────┼──────────┬───────────────┤
│ │ │ Сом │ Чет өлкө │Сом боюнча│ Чет өлкө │
│ │ │ түрүндө │ валютасында │ │валютасы боюнча│
├───┼──────────────┼─────────┼─────────────┼──────────┼───────────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└───┴──────────────┴─────────┴─────────────┴──────────┴───────────────┘
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын Акча-кредиттик
операциялар боюнча башкармалыгын
Дилингдик операциялар
бөлүмүнүн начальниги (аты-жөнү) (кол тамгасы)
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Макулдашууга карата 4-тиркеме
|
Жүргүзүлгөн тике валюталык своп-операциялар боюнча
ТАСТЫКТАМА
20__-жылдын "___" ____________
Банк-контрагенттин аталышы _______________________________
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Тике валюталык своп-операциялардын жалпы шарттары: │
├────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┤
│Сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасы│ (сом) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасынын алмашуу курсу │(сом/ чет өлкө валютасынын │
│(валютанын аталышы көрсөтүлсүн) │ аталышы) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасындагы акча │ (валюта) │
│каражаттардын суммасы (валютанын аталышы│ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Мөөнөтү │ (күндөрүн саны) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздык чендер │ (%) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чендер│ (%) │
├────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┤
│ Акча каражаттарын алгачкы алмаштыруу шарттары: │
├────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында эсептешүүлөр боюнча│ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү (валютанын аталышы │ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында Улуттук банктын │ (эсептин реквизиттери)│
│корреспонденттик эсебине чегерүү үчүн │ │
│(валютанын аталышы көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом түрүндө эсептешүүлөр боюнча │ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Улуттук банктагы Банктын │ │
│корреспонденттик эсебине чегерүү үчүн │ (эсептин реквизиттери)│
├────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┤
│ Акча каражаттарын кайтарым алмаштыруу шарттары: │
├────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┤
│Сом түрүндө эсептешүүлөр боюнча │ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Улуттук банктын эсебине негизги сумманы │ (эсептин реквизиттери)│
│чегерүү үчүн │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздардын суммасы │ (сом) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Улуттук банктын эсебине сом боюнча │ │
│пайыздарды чегерүү үчүн │ (эсептин реквизиттери)│
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында эсептешүүлөр боюнча│ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү (валютанын аталышы │ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында Банктын │ (эсептин реквизиттери)│
│корреспонденттик эсебине негизги сумманы│ │
│чегерүү үчүн (валютанын аталышы │ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында пайыздардын суммасы│ (өлчөө бирдиги) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасындагы Банктын │ (эсептин реквизиттери)│
│корреспонденттик эсебине чет өлкө │ │
│валютасында пайыздарды чегерүү үчүн │ │
│Для зачисления процентов в иностранной │ │
│валюте на корреспондентский счет Банка в│ │
│иностранной валюте │ │
└────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┘
Аты-жөнү, колтамгасы), күнү (Аты-жөнү, колтамгасы), күнү
Улуттук банктын бөлүмүнүн Улуттук банктын бөлүмүнүн
начальниги начальниги
Байланыш телефондору жана (Аты-жөнү, колтамгасы), күнү
факсы
Эсебиндеги каражаттарга укук
чегерилген ыйгарым укуктуу адам
(кол тамгасы түшүрүлгөн
карточкаларга ылайык)
Байланыш телефондору
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Макулдашууга карата 5-тиркеме
|
Жүргүзүлгөн кайтарым валюталык своп-операциялар боюнча
ТАСТЫКТАМА
20__-жылдын "___" ____________
Банк-контрагенттин аталышы ___________________________
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Кайтарым валюталык своп-операциялардын жалпы шарттары: │
├────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасындагы акча │ (валюта) │
│каражаттардын суммасы (валютанын аталышы│ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасынын алмашуу курсу │(сом/чет өлкө валютасынын │
│(валютанын аталышы көрсөтүлсүн) │ аталышы) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом түрүндөгү акча каражаттардын суммасы│ (сом) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Мөөнөтү │ (күндөрүн саны) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздык чендер │ (%) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чендер│ (%) │
├────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┤
│ Акча каражаттарын алгачкы алмаштыруу шарттары: │
├────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┤
│Сом түрүндө эсептешүүлөр боюнча │ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Улуттук банктын эсебине чегерүү үчүн │ (эсептин реквизиттери) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында эсептешүүлөр боюнча│ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында Банктын │ (эсептин реквизиттери) │
│корреспонденттик эсебине чегерүү үчүн │ │
├────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┤
│ Акча каражаттарын кайтарым алмаштыруу шарттары: │
├────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында эсептешүүлөр боюнча│ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү (валютанын аталышы │ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында Улуттук банктын │ (эсептин реквизиттери) │
│кореспонденттик эсебине негизги сумманы │ │
│чегерүү үчүн (валютанын аталышы │ │
│көрсөтүлсүн) │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасы боюнча пайыздардын │ (валюта) │
│суммасы │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чет өлкө валютасында Улуттук банктын │ (эсептин реквизиттери) │
│корреспонденттик эсебиндеги чет өлкө │ │
│валютасы боюнча пайыздарды чегерүү үчүн │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом түрүндө эсептешүүлөр боюнча │ (күн, айы, жылы) │
│валюталоо күнү │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Улуттук банктагы Банктын │ (эсептин реквизиттери) │
│корреспонденттик эсебиндеги негизги │ │
│сумманы чегерүү үчүн │ │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Сом боюнча пайыздардын суммасы │ (сом) │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Улуттук банктагы Банктын │ (эсептин реквизиттери) │
│корреспонденттик эсебине сом боюнча │ │
│пайыздарды чегерүү күнү │ │
└────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┘
(Аты-жөнү, колтамгасы), күнү (Аты-жөнү, колтамгасы), күнү
Улуттук банктын бөлүмүнүн Улуттук банктын бөлүмүнүн
начальниги начальниги
Байланыш телефондору жана
факсы (Аты-жөнү, колтамгасы), күнү
Эсебиндеги каражаттарга укук
чегерилген ыйгарым укуктуу адам
(кол тамгасы түшүрүлгөн
карточкаларга ылайык)
Байланыш телефондору