Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 55/5
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 27-июнундагы № 32/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 7, 20, 24 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 27-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 1-августунда 76-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/4 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төраганын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев
|
| Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/5 токтому менен бекитилсин
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 27-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 1-августунда 76-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/4 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-глава төмөнкү мазмундагы 1.7.-пункт менен толукталсын:
"1.7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу эрежедегидей эле, Улуттук банктын кайтарым репо операцияларына катышат. Социалдык фонддун Улуттук банктын тике репо операцияларына катышуусуна Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча жол берилет".
2. 3.14-пункттагы "аткаруу күнүнө карата мамлекеттик баалуу кагаздардын баасы" деген сүйлөм "жана аяктоосу" деген сөз менен толукталсын.
3. 3-глава төмөнкү мазмундагы 3.24-пункт менен толукталсын:
"3.24. Репо операциялары боюнча сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналган мамлекеттик казна облигациялары (МКО) боюнча купондук төлөөлөрдү алуу укугу, ушул жобонун 3.5-пунктуна ылайык, ошол казына облигацияларына ээлик кылуу укугуна ээ тарапка өтөт".
4. 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кайтарым репо учурунда дисконттолгон мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн Эсептөө максатында төмөнкүдөй белгилөөлөр колдонулат:
Р - репо операциялары аткарылган күнгө карата 1 баалуу кагазды сатуу баасы;
Р1 -1 баалуу кагазды сатып алуу баасы (Улуттук банк ошол мамлекеттик баалуу кагазды менчигине сатып алган баа);
Р2 - репо операциялары аяктаган күнгө карата 1 баалуу кагаздын баасы;
r - кирешелүүлүк;
t1 - Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарды менчигине сатып алган күнгө карата төлөө күндөрүнүн саны;
t2 - репо операциялары аткарылган күнгө карата төлөө күндөрүнүн саны.
t1 - t2
Р = Р1 (1 + ------- * r)
360
Р2 репо операциялары аяктаган күнгө карата 1 баалуу кагаздын баасы, кайтарым репо учурунда купондук мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн репо операциялары аяктоо баасы эсептелинген формулада эсептелинет."
5. 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Тике репо учурунда купондук мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн
Эсептеө максатында төмөнкүдөй белгилөөлөр колдонулат:
Р1- репо операцияларын ишке ашыруу күнүнө карата 1 баалуу кагазды сатып алуу баасы;
Р2- репо операциялары аяктаган күнгө карата 1 баалуу кагаздын баасы;
Рm - мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркы;
rс - жылдык купондук чен;
df - Улуттук банк тарабынан репо операциялары аяктаган күндөн мамлекеттик баалуу кагазды төлөө күнүнө чейинки калган мөөнөт үчүн белгиленген катталган дисконттоо чени;
dr - репо операциялары боюнча дисконттоо чени;
r - репо операциялары боюнча пайыздык чен;
y - жыл ичинде купондук төлөөлөрдүн саны;
№ - төлөөгө чейинки купондук төлөөлөр күнү;
Тv - репо операциялары ишке ашырылган күн (купонду төлөө күнүнө барабар болбоого тийиш);
С№ - кийинки купонду төлөө күнү;
Тm - репо операциялары аяктаган күн;
Cl - акыркы купонду төлөө күнү;
r
dr = -----;
1 - r
1. Р2 репо операцияларынын аяктоо баасы операциялар аяктаган күнгө карата төмөнкү формула боюнча эсептелет:
rc
-- * Pm
№ y Pm
Р2 = Сумма -------------- + --------------;
i=0 df ^(i+k) df ^(№+k)
(1 + --) (1 + --)
y y
мында,
C№ - Tm
k = --------
360/y
2. Р1 1 мамлекеттик баалуу кагазды сатып алуу баасы репо операциялары аткарылган күнгө карата төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
эгерде Tv < C№ <= Tm
rc rc
-- * Pm (-- * Pm) * l
y y P2
Р1 = ------------ + -------------- + --------------;
dr ^(k) dr ^(k+l) dr ^(k+l)
(1 + --) (1 + --) (1 + --)
y y y
мында:
C№ - Tv
k = -------;
360/y
Tm - C№
l = -------
360/y
3. Р1 1 мамлекеттик баалуу кагазды сатып алуу баасы репо операциялары аткарылган күнгө карата, төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
эгерде Tv < Tm < C№
rc
(-- * Pm) * l1
y P2
Р1 = --------------- + -------------;
dr ^(l1) dr ^(l1)
(1 + --) (1 + --)
y y
мында:
Tm - Tv
l1 = -------".
360/y
|
|