Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-20/72-8-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № 52/12
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө" жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Расмий жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |