Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-ноябры № 67/11
"Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Бул токтом 2012-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика Башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/11 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 "Кыргыз Республикасынын банктык төлөм карттары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банктык төлөм карттары жөнүндө" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-бөлүмдүн 1.2-пунктуна "эмиссиялар" сөзүнөн кийин "жана" байламта сөзү үтүргө алмаштырылсын, "эквайринги" сөзүнөн кийин "жана таркатуу" сөздөрү кошулсун.
2. 3-бөлүмдүн 3.3-пунктунда "Валютага карата" сөздөрүнөн кийин "банктык" сөзү кошулсун.
3. 3-бөлүмдүн 3.4-пункту төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:
"Жеке картты пайдалануу менен каражаттарды чегерүү жана алуу боюнча каалагандай операциялар картты кармоочунун банктык эсебинен жүзөгө ашырылат".
4. 3-бөлүмдүн 3.6-пунктунда "ээси" сөзүнөн кийин кийин "банктык" сөзү кошулсун.
5. 3-бөлүмдүн 3.7-пунктундагы текстте "эсеп" сөздөрү "банктык эсеп" сөздөрүнө алмаштырылсын.
6. 3-бөлүмдүн 3.10-пунктунда "карт аркылуу операцияларды жүргүзүү үчүн ачык" сөздөрү "картты кармоочу" сөздөрүнө алмаштырылсын.
7. 4-бөлүмдүн 4.1-пунктунда "эмиссияны" сөзү "жана таркатуу" сөздөрү менен толукталсын.
8. 5-бөлүмдүн 5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.1. Эмитент картты кармоочунун картын чыгарууну жана колуна берүүнү эсептин ээсинин тиешелүү арызы жана ал менен келишилген банктык эсеп келишиминин негизинде жүзөгө ашырат. Каалагандай банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп эсептелет, картты кармоочуга колдонуп турууга өткөрүлүп берилет жана эмитент тарабынан карттын мөөнөтү аяктагандан кийин же кардардын банктык эсеби жабылгандан кийин кайра алынат.
Банктык төлөм карттарын кайра басып чыгаруу эмитент тарабынан банктык эсептин ээсинин арызынын негизинде гана жүзөгө ашырылат".
9. 5.8-пунктунда "же... боюнча акча каражаттарын алып таштоо" сөзүнөн, ошондой эле "калдыктын чегинде сыяктуу эле жүзөгө ашырылышы мүмкүн" сөздөрүнөн кийин текст "банктык" сөзү менен толукталсын.
10. 5.9-пунктунда "Эгерде" сөзүнөн кийин "банктык" сөзү киргизилсин.
11. 5.9-пунктунда "- дагы калдыкта" сөзүнөн кийин "банктык" сөзү киргизилсин.
12. 9-бөлүмдүн 9.1-пунктунда "иТСП менен ачуу жөнүндө келишим" сөздөрүнөн кийин "эсептик" сөзү алынып ташталып, ошондой эле "эсебинин" сөзүнөн кийин "терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн" сөздөрү менен толукталсын.