Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-декабры № 68/4
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 10-мартындагы № 3/3 токтому менен бекитилген "Улуттук банктын электрондук тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда МКВлар менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартибине" толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 7, 20, 24 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 10-мартындагы № 3/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда МКВлар менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартибине" толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом Улуттук банктын расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы МКВлардын экинчилик рыногундагы операциялар үчүн Улуттук банктын электрондук тоорук системасына катышуу жөнүндө мурда түзүлгөн жана колдонуудагы келишимдерди 2012-жылдын 1-январына чейин токтотсун жана коммерциялык банктарга МКВлардын экинчилик рыногундагы операциялар үчүн Улуттук банктын электрондук тоорук системасына катышуу жөнүндө жаңы келишимдерди түзүү зарыл экендиги тууралуу билдирсин.
5. Юридика башкармалыгы ушул токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/4 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын1998-жылдын 10-мартындагы № 3/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда МКВлар менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартибине"толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 10-мартындагы № 3/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда МКВлар менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартибине" төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүтүндөй текст боюнча "Улуттук банк" деген сөз тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө берилсин.
2. Убактылуу тартиптин "Тоорук сессияларын жүргүзүү регламенти" деп аталган III главасы мазмундагы 3.8-пункту төмөнкү сүйлөм менен толукталсын: "Келишилген бүтүмдөр боюнча отчетторго кол коюуга ыйгарым укук чегерилген дилер жана/же дилердин жетекчиси жок болгон шартта, Келишилген бүтүмдөр боюнча отчетко алардын милдетин аткаруучу адам кол кое алат. Бул учурда Отчет менен кошо кызматкердин милдетин аткарып жаткандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү да сунушталууга тийиш.".
3. III глава төмөнкү мазмундагы 3.8.-1 пунктча менен толукталсын: "Катышуучу Тоорук системасында тике банктык көзөмөлдүк/убактылуу жетекчилик/консервация режиминде иш алып барып жаткан шартта, Келишилген бүтүмдөр боюнча отчет, тиешелүүлүгүнө жараша контролердун/убактылуу жетекчинин/консерватордун колу коюлуу менен сунушталат.".
4. "Тоорук системасында МКВлар менен операцияларды жүргүзүү тартиби" деп аталган IV глава төмөнкү мазмундагы 4.8, 4.9 жана 4.10-пункттар менен толукталсын:
"4.8. Тоорук системасынын Катышуучуларынын ортосунда жүргүзүлгөн репо-операциялар мөөнөтүнөн мурда аяктаган/пролонгацияланган шартта, Катышуучулар, алардын ортосунда жүргүзүлгөн операциялардын мөөнөтүнөн мурда аякталышынын/пролонгацияланышынын себептерин түшүндүрүү менен ыйгарым укуктуу жетекчилердин колу коюлган билдирүү катты, репо-операциялардын мөөнөтүнөн мурда аякталышы/пролонгацияланышы болжолдонуп жаткан күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка берүүлөрү тийиш.
4.9. Катышуучулар, баштапкы репо-операциялар түзүлгөн шарттарга ылайык, репо-операциялар боюнча жыйынтыктоочу бөлүктөрдүн аткарылышына жооп беришет.
4.10. Тоорук системасынын Катышуучулары МКВларды сатып алуу/сатуу келишимдери жана репо-операциялар боюнча ар бир шартты жөнгө салган эки тараптуу келишимдерди түзө алышат.".
5. 5.1-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: "Катышуучулардын корреспонденттик эсептеринен/эсептерине акча каражаттарын эсептен алып салуу/чегерүү, Катышуучулардын Улуттук банкка сунушталган Келишилген бүтүмдөр боюнча отчетторуна ылайык, саат 16.00дон кечиктирбестен Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. 5.3-пункт алынып салынсын.
7. "Тоорук сессиясы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү" деп аталган V глава төмөнкү мазмундагы 5.5-пункт менен толукталсын:
"5.5. Тоорук системасынын Катышуучусуна карата убактылуу жетекчилик/консервация режими киргизилген же болбосо ал, репо-операциялар боюнча жыйынтыктоочу операцияларды аткаруу мөөнөтү келип жеткен күнгө карата банкрот деп таанылган шартта, репо-операцияларын аяктоо, Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттук жол-жоболору киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын банктарынын айрым банктык операцияларды жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат".
8. "Тооруктарды токтотуу" деп аталган VI глава төмөнкү мазмундагы 6.2-пункт менен толукталсын:
"6.2. Эгерде Тоорук системасынын Катышуучусуна карата Улуттук банк тарабынан консервация же убактылуу жетекчилик режими киргизилген болсо, анда Улуттук банк, бул Катышуучунун Тоорук системасына катышуу мүмкүнчүлүгүн анын катышуусун калыбына келтирүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин токтотууга укугу бар.".
9. 1-тиркемеде:
1) Келишимдин Преамбуласында "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын негизинде иш алып барган Э.С.Абдуманапов деген сөздөр Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын жана 20__-жылдын "__" _______ буйругунун негизинде иш алып барган ______ Аты-жөнү __________" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) 3.5-пункт алынып салынсын.
3) Келишимдин 4-бөлүгү төмөнкү пункттар менен толукталсын:
"4.3. Бул Келишимге Тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
4.4. Бул Келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө сунушталган жана эки Тараптын тең колу коюлган шартта анык болуп саналат.
4.5. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта, алардын бардык укуктары жана милдеттери укук мураскорлоруна өтөт.
4.6. Келишим орус тилинде Тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) түп нускада түзүлгөн жана ___ беттен турат. Келишимдин бир нускасы Улуттук банкта, ал эми экинчиси Катышуучуда сакталат.".
4) Келишимдин 5-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.1. Келишим эки Тараптын тең колу коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
5.2. Ушул Келишим бир календардык жыл ичинде колдонууда болот жана Тараптардын бири дагы келишим мөөнөтү аяктаганга чейинки бир календардык ай ичинде аны бузуу тууралуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, Келишим ар бир кийинки календардык жыл үчүн узартылган болуп саналат. Келишим талаптарынын бузулушу Тараптардын буга чейин түзүлгөн репо-операциялары боюнча милдеттерин токтотпойт.
5.3. Тараптар, экинчи бир Тарапка 3 календардык күндөн кечиктирбестен кат жүзүндө билдирүү менен бул Келишимди буза алат. Келишим талаптарынын бузулушу Тараптардын буга чейин түзүлгөн репо-операциялары боюнча милдеттерин токтотпойт.
5.4. Улуттук банк, Катышуучуга алдын-ала билдирүүсүз эле, бир тараптуу тартипте, төмөнкү учурларда ушул келишимди бузууга укуктуу:
- Катышуучу тарабынан Келишим шарттарынын бузулушуна жол берилсе;
- Катышуучудан улуттук валютада банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия кайтарылып алынса;
- туунду финансылык инструменттер менен операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленсе;
- катышуучу банкка Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилген шартта;
- Улуттук банк тарабынан банкка убактылуу жетекчилик режими киргизилген шартта;
- Катышуучу банкрот деп таанылса;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Катышуучунун юридикалык жак катары иши токтотулса.".
|
|