Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 12 – декабрындагы № 48/9 токтомуна ылайык 2013-жылдын 1-майында токтом
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы № 2/3
"Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын иш натыйжалуулугун жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, кредиттик союздар системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 11 жана 39-1-статьяларына таянуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-февралынан тартып "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсы үчүн капиталдын (өздүк каражаттарын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем кеминде 78 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоо боюнча аныкталат.
3. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |