Загрузка документа…
КР-нын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы №2018-П-12/20-2-(НПА) токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы № 6/1
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырган коммерциялык банктар, уюмдар, жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобонун 3.1-пунктун чечмелөө (түшүндүрүү) тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, көзөмөл блогу боюнча иш алып барган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимдерине карата банктык операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырган банктардын, уюмдардын, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын апелляция жөнүндө арызы менен кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырган коммерциялык банктар жана уюмдар, алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобонун 3.1-пунктунун кошо тиркелген чечмелениши (түшүндүрмөсү) бекитилсин (Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн).
2. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана чечмеленишине жараша күчүнө кирген учурдан баштап коомчулукка жайылтылат.
3. Юридика башкармалыгы 3 күндүк мөөнөт ичинде:
- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтом, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 1-февралындагы № 6/1 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырган коммерциялык банктар жана уюмдар, алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобонун 3.1-пунктунун (Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) ЧЕЧМЕЛЕНИШИ (ТҮШҮНДҮРМӨСҮ)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырган коммерциялык банктар жана уюмдар, алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобонун 3.1-пунктунда, териштирүү жол-жобосу апелляция жөнүндө кат жүзүндө арызды алгандан тартып баштала тургандыгы каралган. Апелляция жөнүндө арыз, көзөмөл блогу боюнча иш алып барган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимин алгандан кийин 20 жумуш күн ичинде берилиши зарыл.
"Чечимин алгандан кийин" деген сөздү "талаптагыдай негизде маалымдама жөнөтүлгөндөн кийин" деген мааниде түшүнүү зарыл. Эгерде, Улуттук банк тарабынан банкта/уюмда Апеллянт көрсөткөн дарекке маалымдоо менен почта аркылуу буйрутма кат жөнөтүлсө, талаптагыдай маалымдалган катары саналат.
|
|