Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 21/1
"Микрофинансылык уюмдардын иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын, жакырчылыкты жоюу, калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин көтөрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан жапырт тартылышына көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык уюмдардын негизги иш максаты катары белгиленген 2-статьясынын талаптарынын ушул уюмдар тарабынан аткарылбай жатышын четтетүү зарылчылыгынан улам, ошондой эле Улуттук банктан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган микрофинансылык уюмдарга карата калайык-калктын ишенимин жогорулатуу, финансы системасынын туруктуулугун сактоо, сунушталган кызматтардын керектөөчүлөрүн колдоого алуу жана алардын таламдарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына, "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2, 5, 35-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Микрофинансылык уюмдар (микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер) өз ишинде "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамда аныкталган жакырчылыкты жоюу, калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин көтөрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан жапырт тартылышына көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатын жетекчиликке алышсын жана өз уставдарында жана кредиттик саясаттарында ошол максатты жүзөгө ашыруу боюнча чараларды чечмелеп көрсөтүшсүн.
2. Микрофинансылык уюм тарабынан лицензия (күбөлүк) алуу үчүн берилген уставда, кредиттик саясатта жана башка документтерде мыйзамда аныкталган максатка жетишүү маселесин (чараларын) жөнгө салган жоболор камтылбаса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия жана/же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк берилбейт.
3. Микрофинансылык уюм тарабынан берилген кредит боюнча пайыздык чен, кредит берүү учурунда колдонулган декларацияланган (жарыяланган) эффективдүү пайыздык ченден ашпоого тийиш.
4. Микрофинансылык уюмдар коммерциялык кредиттерди тартылган каражат катары "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 2-статьясында белгиленген максатка ылайык келбеген шарттарда пайдаланууга тийиш эмес.
5. Микрофинансылык уюмдар коммерциялык банктардын кредитинин негизинде берилген микрокредиттер мыйзамда аныкталган максатта колдонула тургандыгынын жетиштүү негиздемесине ээ болууга тийиш.
6. Микрофинансылык уюмдар бир айлык мөөнөт ичинде кредит саясаттарын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
7. Иштеп жаткан микрофинансылык уюмдарга (микрофинансылык компанияларга, микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге) өз иштерин ушул токтомдун 1-пунктунун талабына ылайык келтирүү сунуш-жолдомо берилсин.
8. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
9. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
10. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |