Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 28/10
Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартиби (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын.
3. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Председатель | З.Асанкожоева |