Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-августу № 36/2
"Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобосу бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырсын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан тартып бир айдан кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага
Төрага | З. Асанкожоева |