Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-марты № 11/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 23-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 133-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/5 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык oперацияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтому менен бекитилген "Операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобого толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
3. Токтом "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылар" журналында жарыялансын.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-мартындагы № 11/2 токтому менен бекитилген
|
I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 23-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 133-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун кириш сөзүндөгү "ЭСК, КАФК" деген сөздөр алынып салынсын.
2. 3-глава төмөнкү мазмундагы 3.5-1-пункт менен толукталсын:
"3.5-1. Эсепке алуу саясатынын чегинде төлөм жана эсептешүү операцияларынын бухгалтердик эсебинин жүргүзүлүшүн жана алардын бухгалтердик эсепке алуу эсептери боюнча чагылдырылышын уюштуруунун ырааттуу эрежеси, ошондой эле ички контролдукту уюштуруунун тиешелүү эрежеси иштелип чыгууга тийиш. Мында, ар бир операция финансы-кредит мекемесинин бухгалтердик эсебинде (эсепке алуунун автоматташтырылган системасында) өз учурунда чагылдырылууга тийиш.
Төлөм жана эсептешүү операцияларынын бухгалтердик эсепке алынышын уюштуруу эрежесинде төмөнкүдөй негизги нормаларда камтылууга тийиш:
1) бардык операцияларга банк-контрагенттин акча каражаттардын эсеп боюнча эсептен алынып салынгандыгы/чегерилгендиги жөнүндө документ түрүндөгү тастыктамасы болууга тийиш;
2) Финансы-кредит мекемесинин бухгалтердик эсебинде операцияларды чагылдыруу бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылышы зарыл жана:
а) улуттук валютадагы төлөмдөр үчүн - эсептешүү жүргүзүлгөн күндөн кечиктирилбестен;
б) чет өлкө валютасындагы чыгыш төлөмдөр үчүн:
- коммерциялык банктардын - ФКМдин эсебинен каражаттар эсептен алынып салынган күнү, бул тиешелүү документтер менен тастыкталууга жана кийинчерээк банк-корреспонденттен корреспонденттик эсеп боюнча көчүрмө алынууга тийиш;
- банктык эмес финансы-кредиттик мекемелеринин - коммерциялык банктан төлөм тапшырмасы аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктама алган күндөн кечиктирбестен;
в) чет өлкө валютасындагы кириш төлөмдөр үчүн - каражаттардын эсепке чегерилгендиги жөнүндө тастыктама түшкөн күндөн кечиктирбестен.".
3. 4-1-пункттагы "ЭСК, КАФК" деген сөздөр алынып салынсын.
II. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/5 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 3-глава төмөнкү мазмундагы 3.6-1-пункт менен толукталсын:
"3.6-1. Эсепке алуу саясатынын чегинде төлөм жана эсептешүү операцияларынын бухгалтердик эсебинин жүргүзүлүшүн жана алардын бухгалтердик эсепке алуу эсептери боюнча чагылдырылышын уюштуруунун ырааттуу эрежеси, ошондой эле ички контролдукту уюштуруунун тиешелүү эрежеси иштелип чыгууга тийиш. Мында, ар бир операция банктын бухгалтердик эсебинде (эсепке алуунун автоматташтырылган системасында) өз учурунда чагылдырылууга тийиш.
Төлөм жана эсептешүү операцияларынын бухгалтердик эсепке алынышын уюштуруу эрежесинде төмөнкүдөй негизги нормаларда камтылууга тийиш:
1) бардык операцияларга банк-контрагенттин акча каражаттардын эсеп боюнча эсептен алынып салынгандыгы/чегерилгендиги жөнүндө документ түрүндөгү тастыктамасы болууга тийиш;
2) банктын бухгалтердик эсебинде операцияларды чагылдыруу бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылышы зарыл жана:
а) улуттук валютадагы төлөмдөр үчүн - эсептешүү жүргүзүлгөн күндөн кечиктирилбестен;
б) чет өлкө валютасындагы чыгыш төлөмдөр үчүн - ФКМдин эсебинен каражаттар эсептен алынып салынган күнү, бул тиешелүү документтер менен тастыкталууга жана кийинчерээк банк-корреспонденттен корреспонденттик эсеп боюнча көчүрмө алынууга тийиш;
в) чет өлкө валютасындагы кириш төлөмдөр үчүн - каражаттардын эсепке чегерилгендиги жөнүндө тастыктама түшкөн күндөн кечиктирбестен.".