Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-майы № 19/7
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомунун редакциясына ылайык)
Кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, микрокаржылоо секторунда келип чыккан олуттуу карызды эске алып, ошондой эле бир финансы-кредит мекемесинин алдындагы карызды башка финансы-кредит мекемеси тарабынан берилген карыздык каражаттардын эсебинен жабуу иш тажрыйбасына жол бербөө үчүн Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьясына, "Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 5 жана 9-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор бекитилсин:
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда № 95-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга карата тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого (толуктоолор кошо тиркелет);
- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга укугу жок микрофинансылык уюмдарынын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө" убактылуу жобого (толуктоолор кошо тиркелет);
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде № 35-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/6 токтому менен бекитилген, Белгилүү бир критерийлерге жооп берген, кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине (толуктоолор кошо тиркелет);
- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 токтому менен бекитилген, "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо" жөнүндө жобого (толуктоолор кошо тиркелет);
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Юридикалык башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына ушул токтомду жарыяласын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/7 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик актыларына
ТОЛУКТООЛОР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр" жөнүндө жобонун 5.1.2-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- карыз алуучунун - жеке адамдын ушул жана/же башка финансы-кредит мекемелеринде актив боюнча төлөнбөгөн карызынын болушу;
- карыз алуучунун - жеке адамдын жана анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ушул жана/же башка финансы-кредит мекемелеринин алдындагы карызынын бир киреше булагынын эсебинен төлөнүшү".
2. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө" убактылуу жобонун 3.7-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- карыз алуучунун-жеке адамдын ушул жана/же башка финансы-кредит мекемелеринде актив боюнча төлөнбөгөн карызынын болушу;
- карыз алуучунун - жеке адамдын жана анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ушул жана/же башка финансы-кредит мекемелеринин алдындагы карызынын бир киреше булагынын эсебинен төлөнүшү".
3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 токтому менен бекитилген, "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө" жобонун 3.5-пункту төмөнкү редакциядагы "д" жана "е" пункттары менен толукталсын:
д) карыз алуучунун-жеке адамдын ушул жана/же башка финансы-кредит мекемелеринде кредит(тер) боюнча төлөнбөгөн карызынын болушу;
е) карыз алуучунун - жеке адамдын жана анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ушул жана/же башка финансы-кредит мекемелеринин алдындагы карызынын бир киреше булагынын эсебинен төлөнүшү".
4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген, "Кредиттердин белгилүү бир критерийлерге жооп берген атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине" төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
а) 4.5-пункту "бир адамга" деген сөздөн кийин" "ушул банкта/ФКМде" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкү мазмундагы 4.5-1-пункт менен толукталсын:
"Атайын классификация кардарда-жеке адамда ушул жана/же башка банкта/ФКМде белгиленген критерийлерге жооп берген бир нече кредити болгон шартта, бардык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү 2.1-пунктта көрсөтүлгөн сандык чектен ашпаган учурда колдонулат. Мындай кредиттер шектүү катары классификацияланууга тийиш".
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)