Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 28/6
Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген "Аудит боюнча Комитетке карата негизги талаптарга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген "Аудит боюнча Комитетке карата негизги талаптарга" сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридикалык Башкармалыгы:
- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/6 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптарга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1.1-пунктунда "АООТ РСК, КСФ" деген сөздөр "ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктар" деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
2. 1.3-пунктундагы:
- "системанын ишине түрткү берет" деген сөздөр "системанын ишине контролдукту күчөтүү үчүн каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "финансылык отчеттуулук" деген сөздөрдөн кийин "жана банк ишинин натыйжалуулугу" деген сөздөр менен толукталсын.
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Улуттук банк)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 1.5-пункт алынып салынсын.
4. 2.2-пунктунун 5 абзацында "ички жана тышкы аудиторлор" деген сөздөрдөн кийин "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн жана Корпоративдик башкаруу Комитети, Шариат стандарттарын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүм менен (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 3.1-пунктунда "эки" деген сөз "бир" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 3.2-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Комитеттин кеминде бир мүчөсү ислам финансылык институттары үчүн каралган Бухгалтердик эсепти жана аудитти уюштуруу стандарттарын (ААOIFI) билүүгө тийиш.".
7. 3.6-пунктунда "эки" деген сөз "бир" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 6.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
- Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда - Шариат стандарттарынын сакталышы боюнча банк ишине иликтөөлөрдү жүргүзүп, ошондой эле, Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитордун) отчетторунун негизинде баа берүү;
9. Негизги талаптардын Комитетин милдеттери деп аталган 6-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 6.2-пункт менен толукталсын:
"6.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Аудит боюнча комитеттин бир мүчөсү, аларга карата минималдуу талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жободо аныкталган, Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин курамына кирүүгө тийиш".
10. 7.1-пунктунда:
- "Ички жана тышкы аудиторлор" деген сөздөрдөн кийин "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн жана Корпоративдик башкаруу Комитети, Шариат стандарттарын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүм менен (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен деген сөздөр кошулсун;
- "өз алдынча" деген сөздөр "жана Улуттук Банктын нормативдик укуктук актыларга ылайык" деген сөз менен толукталсын.
11. 7.2-пункту "ички жана тышкы аудиторлор" деген сөздөр "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн жана Корпоративдик башкаруу Комитети, Шариат стандарттарын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүм менен (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен" деген сөздөр менен толукталсын.