Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу № 29/6
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда 47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/4 токтому менен бекитилген "Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" Жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын.
3. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы № 29/6 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда 47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/4 токтому менен бекитилген "Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүтүндөй текст боюнча "Улуттук банк" деп берилсин.
2. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пункту "депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан кредиттик союздар" деген сөздөрдөн мурун "катышуучулардан" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.2. Көзөмөл боюнча комитет тике банктык көзөмөлдүктүн милдеттерин аткаруу үчүн банкка ыйгарым укуктуу кызматкерлерди (мындан ары текшерүүчүлөр тобу) жөнөтөт жана алардын Жетекчисин дайындайт (мындан ары - Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси).
2.2.1. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү негиздемесине жараша текшерүүчүлөр тобунун саны жана курамы аныкталат.
2.2.2. Тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу учурунда банктын төлөм операцияларынын жүргүзүлүшүнө контролдук кылуу үчүн текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси, зарылчылыгына жараша, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банкта жүргүзүлгөн операциялар боюнча жеткиликтүү тажрыйбасы жана билими бар банктын кызматкерлерин ишке тарта алат. Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин ишке тарткан учурда Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси бул чечимди Көзөмөл боюнча комитети менен макулдашууга жана ошол кызматкерлердин жана алардын начальниктеринин кат жүзүндөгү уруксатын алууга тийиш.
4. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.3-пунктунда:
- төртүнчү абзацтагы "текшерүүчүнү" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтагы "текшерүүчүнү (анын ыйгарым укугун кошо алганда)" деген сөз "текшерүүчүлөр тобун (анын ыйгарым укугун кошо алганда) деген сөздөргө алмаштырылсын";
- алтынчы абзацтагы "текшерүүчүгө" деген сөз "текшерүүчүлөр тобуна" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.4. Көзөмөл боюнча комитеттин Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү тууралуу токтому тике банктык көзөмөлдүк чарасы киргизилген күнү банк Башкармасын билдирүү үчүн Улуттук банк Башкармасынын Тышкы көзөмөл башкармалыгы тарабынан маалымдалат.
Банкка Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү жөнүндө токтомунун толук преамбуласын жана корутунду бөлүгүн камтыган көчүрмөсү жөнөтүлөт.".
6. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.5. Банкка (филиалдарын жана обочо жайгашкан бөлүмдөрүн кошо алганда) банкка жөнөтүлүүчү текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү көзөмөл блогунун кызматкерлеринин жана/же Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн ичинен дайындалат.
2.5.1. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси төмөнкүлөргө жооп берет:
- Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу боюнча токтомунун аткарылышына;
- тике банктык көзөмөлдүк милдеттеринин, анын ичинде ушул Жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышына;
- текшерүүчүлөр тобунун ишин жетектөөгө;
- текшерүүчүлөр тобунун мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жана алардын аткарылышына.
2.5.2. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси Көзөмөл боюнча комитет менен макулдашуу аркылуу банктын филиалынын ишине контролдук кылуу укугун, банк иши боюнча жеткиликтүү тажрыйбасы жана билими бар банктын кызматкерине ыйгара алат.".
7. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.6-пунктунда:
- биринчи сүйлөмдөгү "киргизүүдө" деген сөз "жүзөгө ашырууда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтардагы "текшерүүчү" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси" деген сөзгө тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "текшерүүчүнүн" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.7-пунктунда:
- биринчи сүйлөмдөгү:
- "текшерүүчүнү" деген сөз "текшерүүчүлөр тобун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "текшерүүчүнүн кол үлгүсү" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин кол үлгүсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдөгү "текшерүүчүнүн" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.8-пунктунда:
- биринчи сүйлөмдөгү "текшерүүчү тарабынан көзөмөл органына" деген сөздөр "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси тарабынан Тышкы көзөмөл башкармалыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдөгү "текшерүүчү" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.2-пунктунда:
- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- банктын кызмат адамдарынын тобокелдүү операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерге тиешелүү баа берүүнү жана контролдукту камсыз кылуу жагында аракеттенбей коюулары (же чара көрүү жөндөмсүздүгү);";
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- банктын активдерин жана банктын сактоосунда турган күрөөлүк мүлктү жоготуу; финансылык алдоолор; натыйжасында банк жоготууларга жана чыгымга дуушар болгон, ыйгарым укугун кара ниеттик менен пайдалануулар.".
11. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2-пунктунун:
- биринчи абзацындагы:
- "аткаруучу текшерүүчүнүн милдеттери жана ыйгарым укуктары" деген сөздөр "аткаруучу текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттери" деген сөздөргө алмаштырылсын ;
- "түздөн-түз банкка, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыган" деген сөздөр ", негизгилерден болуп" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- операцияларды убактылуу токтотуусун кошо алганда, банктын акчалай эсептешүү операцияларына, ошондой эле операциялар боюнча Көзөмөл боюнча комитет тарабынан белгиленген чектөөлөргө контролдук;";
- жетинчи абзацтагы "көзөмөл органына" деген сөздөр "Тышкы көзөмөл башкармалыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунда:
- биринчи абзацтагы "текшерүүчү" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "чакырылышын демилгелөө" деген сөздөрдөн мурун "Директорлор кеңешинин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- банктын Директорлор кеңешине банктын акционерлеринин кезексиз отурумун чакыруу жөнүндө сунуш киргизүү;";
- төртүнчү жана бешинчи абзацтардын ортосу төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү (оңдоо укугусуз, отчетторду окууга, түзүүгө жана чыгарууга) менен банктын автоматташтырылган банктык системаларына кирүү;
- оңдоо, өчүрүү жана көчүрүү укугусуз, окуу жана чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен банктын электрондук ченемдик базасына кирүү;".
13. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.4-пунктунда "текшерүүчү" деген сөз "Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.5-пунктунда:
- биринчи сүйлөмдөгү:
- "текшерүүчүгө" деген сөз "текшерүүчүлөр тобуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "маалыматты жана документтерди" деген сөздөрдөн кийин "жана банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын отурумдарына даярдалган отурум өткөрүлгөнгө чейин бардык материалдарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банктын жетекчилиги (Банк Башкармасынын мүчөлөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- текшерүүчүлөр тобуна банктан аудио/видео жазууларды жүзөгө ашыра турган, аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө;
- үчүнчү жактардын текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга аудио/видео жабдууларды орнотууга тиешелүү кандай болбосун аракеттерине тыюу салууга;
- банктын жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга;
- тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга.".
15. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.6-пунктундагы "текшерүүчү" деген сөз "текшерүүчүлөр тобу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.7-пунктундагы "тике банктык көзөмөлдүк киргизилген учурда банктын абалы" деген сөздөр "тике банктык көзөмөлдүк киргизилген учурда, банктын абалы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.8. Банк жана/же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү жөнүндө токтомунан баш тартса же тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдуктарды жаратышса, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунун нормаларын, анын ичинде токтомдун айрым пункттарын бузууга жол берилсе, текшерүүчүлөр тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө каршы аракеттенүүлөр тууралуу акт түзүлүп, ага Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин жана бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат (1-тиркеме).
Банк тарабынан ушул Жобонун, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын жана/же Көзөмөл боюнча комитет тарабынан белгиленген тике банктык көзөмөлдүк режиминин талаптарын (тапшырмаларды, чектөөлөрдү) бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк банктык мыйзамдарга ылайык, банкка жана анын жетекчилигине карата, банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, таасир этүү чараларын көрүүгө укуктуу.".
18. Жобого кошо тиркелген 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:
"Тике банктык көзөмөлдүк
жөнүндө жобого карата
1-тиркеме"
Тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө
каршы аракеттенүүлөр тууралуу
АКТ
_______________________________________________________________________
(коммерциялык банктын (филиалынын, терминалдын,
_______________________________________________________________________
аманат кассасынын) аталышы)
_______________________________________________________________________
(банктын (филиалынын, терминалдын, аманат кассасынын)
_______________________________________________________________________
жайгашкан орду, дареги, телефону)
_________________________ "___" __________ 2012-ж.
(түзүлгөн жер)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери/лери тарабынан
__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү)
коммерциялык банктын атынан иш жүргүзгөн:
_______________________________________________________________________
(кызматкеринин/леринин аты-жөнү)
тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратты:
_______________________________________________________________________
(банктын имаратына киргизбей койду, банктын текшерүүчүлөр
_______________________________________________________________________
тобуна зарыл болгон документтерин берген эмес ж.б.)
_______________________________________________________________________
Банктын кызматкерине/лерине Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобу тарабынан банкка жана анын кызмат адамдарына тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүү учурундагы тоскоолдуктарга карата жоопкерчиликтер тууралуу эскертилген.
Акт түзүлдү:
_______________________________ ___________________ ____________
(Текшерүүчүлөр тобунун (кызматы) (Колтамгасы)
жетекчисинин аты-жөнү)
_______________________________ ___________________ ____________
(Банк Башкармасынын (кызматы) (Колтамгасы)
Төрагасынын/анын, милдетин
аткаруучунун аты-жөнү)
тааныштырылды:
_______________________________ ___________________ ____________
(Текшерүүчүлөр тобунун (кызматы) (Колтамгасы)
мүчөсүнүн аты-жөнү)
_______________________________ ___________________ ____________
(Банктын тике банктык (кызматы) (Колтамгасы)
көзөмөлдүктү жүргүзүүгө тике
же кыйыр түрдө
тоскоолдуктарды жараткан
кызматкеринин аты-жөнү)
Актынын экинчи нускасын алды _____________________________________
банктын кызматкеринин аты-жөнү
___________________ ________________
(кызматы) (Колтамгасы)
Эгерде банк кызматкерлери ушул; актыга кол коюудан баш тартышса, текшерүүчүлөр тобу актыны банктын кеңсесине калтырын коюуга укуктуу, мында кол коюудан баш тартуу фактысы көрсөтүлүү менен акт, белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.".