Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу № 29/8
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобого сунушталган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом 2012-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы № 29/8 токтому менен бекитилген
|
"Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 8.7-пункту 8.9-пункт болуп өзгөртүлсүн.
2. Жобонун 8-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 8.7 жана 8.8-пункттар менен толукталсын.
"8.7. Системанын кызматына төлөөлөр абоненттик төлөмдөн жана системанын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрү үчүн төлөөлөрдөн турат.
8.8. Эгерде, системанын катышуучусуна консервация режими киргизилсе, төлөнүүгө тийиш болгон абоненттик төлөм өлчөмү 1-тиркемеге ылайык аныкталат.".
3. Жобо төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
Системанын катышуучусуна консервация режими киргизилген шартта, клирингдик борбор катышуучунун консервация режими киргизилгенге чейинки акыркы 12 ай үчүн төлөмдөрүнүн орточо айлык санын эсептейт.
Консервация режими шартында иштеп жаткан катышуучунун төлөнүүгө тийиш болгон абоненттик төлөмүнүн өлчөмү ар айлык негизде, төмөнкүчө аныкталат:
- эгерде, консервация режими киргизилгенден кийин, ай үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн саны, катышуучулардын консервация режими киргизилгенге чейинки ай ичиндеги орточо төлөмдөрүнүн санынын 50% ашпаган чекте төмөндөтүлсө - системанын катышуучуларынын белгиленген абоненттик төлөмүнүн - 100%.
- эгерде, ай үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн саны (консервация режими киргизилгенден кийин) консервация режими киргизилгенге чейинки катышуучунун ай ичиндеги төлөмдөрүнүн орточо санын кошо алганда, 50% дан көбүрөөккө 80% чейин төмөндөтүлсө - 50%.
- эгерде, ай үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн саны (консервация режими киргизилгенден кийин) консервация режими киргизилгенге чейинки катышуучунун ай ичиндеги төлөмдөрүнүн орточо санынын 80% көбүрөөккө төмөндөтүлсө - 1%.".