Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-июлу № 30/14
"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомун лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 12-октябрында № 59/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-2014-жылдарга карата иш аракеттеринин стратегиялык багыттарынын планынын 2.11-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бирдиктүү токтому менен бекитилген микрофинансылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясынын планынын 22-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 4-статьясына таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомун лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобосу (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы бул токтомду:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен "Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомун тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ