Редакцияот 12.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-сентябры № 37/2

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. 1996-жылдын 16-сентябрында бардык банктарга жөнөтүлгөн (чыг. № 0731/3834) "Коммерциялык банктардын жеке депозиттик сейфтерди кардарлардын пайдалануусуна берүү тартиби жана жол-жоболору жөнүндө" № 6 директивалык көрсөтмөсү күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Асанкожоева