Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
26-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 11-09
2008-жылдын 23-декабры № 49/5
Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 28-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 4-августунда 86-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 28-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 4-августунда 86-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго, ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Коммерциялык банктар өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтерин, ал күчүнө киргенден кийин, 2009-жылдын 1-июнуна чейин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы № 49/5 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 28-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 4-августунда 86-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. I бөлүктүн 1.2-пунктундагы ", ААК "Эсептешүү-Сактык компаниясында" жана ЖАК "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында" деген сөздөр алынып салынсын.
2. III бөлүктүн 3.3.7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.3.7. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервди түзүүдө өлкөлүк тобокелдигине баа берүү тартиби".
3. IV бөлүктүн 4.2-пунктундагы "кеминде жылына бир жолу" деген сөздөр "же өлкөлүк тобокелдигинин артышы боюнча кооптонуу орун алса, бат-бат" деген сөздөр менен толукталсын.
4. V бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"V. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге чегерүүлөр".
5. V бөлүктүн 5.1, 5.3, 5.4-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:
- "5.1. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды (РППУ) түзүүдө банк тарабынан карыз алуучунун ишине, активдердин жайгаштырылышына жана алар боюнча чет мамлекеттердеги күрөөлүк камсыздоолорго байланыштуу тобокелдиктерге (кыйыр тобокелдиктерге кошо) баа берилүүгө тийиш".
- "5.3. Чет мамлекеттерде жайгаштырылган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар өлкөлөрдү тобокелдиктердин төмөнкү категориялары боюнча классификациялоону эске алуу менен жана тиешелүү диапазондордун чегинде түзүлөт:
1) тобокелдиги аз өлкөлөр үчүн - 0дөн 2 пайызга чейин;
2) тобокелдиги орточо өлкөлөр үчүн - 2 көбүрөөк 5 пайызга чейин;
3) тобокелдиги жогору болгон өлкөлөр үчүн - 5 көбүрөөк 25 пайызга чейин.
Банк чет мамлекеттерде жайгаштырылган, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык нормалдуу катары классификацияланган, активдер боюнча кам түзбөй коюуга укуктуу".
- "5.4. Банкка анын аймагында активдүү операцияларды жүргүзүүгө жол берилбеген өлкөлөрдү кошо алганда, тобокелдик категориялары боюнча классификацияланган өлкөлөрдүн тизмеси банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Бул тизме зарылчылыкка жараша, бирок чейрегинде бир жолудан кем эмес кайрадан каралып турууга тийиш".