Редакцияот 27.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-марты № 9/10

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун долбоору бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери ички ченемдик актыларын токтом күчүнө киргенден кийинки үч ай ичинде ага ылайык келтиришсин.

5. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары айым, Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

 

Төрага

З. Асанкожоева