Редакцияот 28.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-мартындагы № 10/17

«Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө» эрежелерди бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө» эрежелерди (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 1998-жылдын 10-мартындагы № 3/3 токтому менен бекитилген «Улуттук банктын электрондук тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда МКВлар менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартиби» ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыяланган кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып күчүнө кирет.

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык бактарды тааныштырсын.

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Асанкожоева