Редакцияот 24.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

2013-жылдын 24-апрели № 13/18

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 42/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун 21-пунктуна ылайык, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер микрофинансылык компаниялар жана микрокредиттик компаниялар сыяктуу түрлөрү бекитилсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун 22-пунктуна ылайык, банктар үчүн максималдуу маржа 0,2% өлчөмүндө бекитилсин.

5. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.

6. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" № 5/2013 журналында жарыяланды

7. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

8. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Асанкожоева