Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 10/8
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 24-февралында 22-09 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 7/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |