Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 10/12
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 26-жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 26-ноябрында № 88/2 токтому менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын Ченемдик актылары" журналында № 4/2013 жарыяланды
6. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системанын өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |