Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 19/2
"Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат
көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө"
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяласын.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер бирлигин, Кыргызстандын кредиттик союздар кооперативдер ассоциациясын жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Асанкожоева |