Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-февралы № 51
Москва шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган,
Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун
аймагында Кыргыз Республикасынын соода-көргөзмө борборун
түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган, Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун аймагында Кыргыз Республикасынын соода-көргөзмө борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги жогоруда аталган Макулдашууда, тактап айтканда 8-беренеде каралган иш-чараларды каржылоону тиешелүү жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболорду аткаргандыгы жөнүндө россиялык тараптын дарегине маалымдасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|