Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-сентябры № 35/13
"Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом талаптары пилоттук долбоордун алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда "ЭкоИсламикБанк" ЖАКка да таркатыла тургандыгы белгиленсин.
3. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 2-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 25-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 6/4 "ЭкоБанк" ААКсында ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобо тууралуу" токтом күчүн жоготкон катары таанылсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Асанкожоева |