Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 45/15
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 "Банктык кызматтарга жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүү саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого;
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежесине.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында № 10/2013 жарыяланды
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15 токтомуна карата тиркеме |
1. 2013-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын № 19/2 "Банктык кызматтардын жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүү саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) Жобонун 4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Финансы-кредиттик мекемелердин жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий веб-сайттарда жана башка маалымат таркатуучуларда (жарнама буклеттери, жол четиндеги билборддор, стенддер жана башкалар) жайгаштырылган финансылык продукттары, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрү, пайыздык чендери жана тарифтери тууралуу маалымат, ошондой эле кардарларга консультация берүүдөгү маалымат толук жана анык болууга тийиш.".
2) Жобонун 10-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Финансы-кредиттик мекемелер тарабынан депозиттер жана кредиттер боюнча декларациялануучу пайыздык чендерге өзгөртүүлөр киргизилген шартта, мындай өзгөртүүлөрдүн себептерин толук көрсөтүү менен жети жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгына маалымдоого, ошондой эле ички документтерди (протоколдун көчүрмөсүн жана бул мекеменин ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоого милдеттүү.".
2. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) Убактылуу эреженин 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Микрофинансылык компаниялар Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредиттик саясатка ээ болууга тийиш, анда негизги иш чөйрө, ушул Убактылуу эрежелердин 2.1-1-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, бир эле адамга сунушталуучу Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган микрокредиттин максималдуу өлчөмү, ошондой эл микрофинансылык уюмдардын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамда белгиленген максаттарына ылайык, микрокредит алууга укуктуу карыз алуучулар категориясы милдеттүү түрдө аныкталууга тийиш.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 45/15
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежесине.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында № 10/2013 жарыяланды
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)