Редакцияот 30.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 30-майы № 24/6

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм карттары жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган иш-чаралардын мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруунун алкагында, Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын республика аймагындагы бюджеттик уюмдарга ЭЛКАРТ төлөм карты аркылуу берилүүчү бюджеттик каражаттарды эсепке алуу системасын автоматташтыруу деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм карттары жөнүндө" Убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКду жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жээнбаевага ыйгарылсын.

 

Төрага

Т. Абдыгулов