Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралындагы № 13/13 токтому
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө”нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кабыл алат:
1. Кароого сунушталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага Т. Абдыгулов
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.
Төрага | З. Асанкожоева |