Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели № 22/3
"Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоо боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоо боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, коммерциялык банктарды, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКты, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрагасынын милдетин аткаруучу | Н. Жениш |